Мындай билдирүүнү Жаза аткаруу кызматы таратты. Эскерте кетсек, буга чейин аталган кызматтын экс-башчысы Эрнст Исаев Жалал-Абаддагы №10-колонияда таанышын көрүү үчүн келген кыздын зордукталганын айткан. “Бул ишти ачыкка чыгарбоо үчүн кылмыш иши козголгон эмес. №10-колониянын кызматкерлери жетекчинин ишине нааразы болуп, Жаза аткаруу кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаковдун иштен кетүүсүн талап кылышууда”,- деген ал.
Бирок ведомствонун басма сөз катчысы «зордуктоо болгон эмес». Анын айтымында, зордуктоо болгон 5-август күнү колонияда 8 кыска мөөнөттүү жана 3 узак мөөнөттүү жолугушуу өткөн. “Кыска мөөнөттүү жолугушуу болгон жерде бир убакта 16 адам болот. Мындай абалда кылмыш жасоо мүмкүн эмес. Ал эми узак мөөнөттүү жолугушуу бөлмөсүн текшерүүчүлөр көзөмөлдөп турат. Андыктан бул маалыматты аягына чейин аныктоо үчүн Жалал-Абадга Жаза аткаруу кызматынын башчысынын жардамчысы жөнөп кетти”,- деди басма сөз катчы.