АСАН КАЙГЫ

Кыргыздын айтылуу инсандарынын арасында Асан Кайгы башкалардан бир кыйла айырмаланып турат. Ал тарыхта өзүнүн ойчулдугу, акылмандыгы, сынчылыгы жана ченебес боорукердиги менен белгилүү.

АСАН КАЙГЫ – КӨЧМӨНДӨРДҮН ФИЛОСОФУ
Тарых барактарында Асан Кайгынын туулуп-өскөн жана дүйнөдөн кайткан мезгили боюнча бир дагы так маалымат жок. Калк арасындагы уламыштарга караганда, ал XIV-XV кылымдарда жашаган. Ал мезгилде азыркы биз жашаган аймакты өзүнүн ырайымсыз таш боордугу менен «элди башка чапсам былк эткис кылдым, жумсам алаканымда, жутсам жумурумда» деген Жаныбек хан башкарып турган экен.
Өз жашоосунун аягына чейин Асан Кайгы дайыма пендечиликтин жаман жактарын көрүп жашагандыктан, мындай көрүнүштүн баарын жаман көрчү. Кудайдан адилеттикти, боорукердикти жана кайрымдуулукту суранып келген дешет. Толубай сынчы, Жээренче чечен, Токтогул ырчылар анын замандаштары болгон.
Каардуу хандын азабынан кыйналган элдин муңун муңдап, зарын зардап, табиятка, майда жандыктарга, дегеле бардык нерселерге кайгыра бергендиктен, аны Асан Кайгы деп коюшкан. Акыры Жаныбек ханды катуу сындап кетип калат. Асан Кайгынын Жаныбек ханды сындаганы жөнүндө уламыштар, аңыз кептер бир нече түрк тилдүү элдерде кездешет. Элдин камын ойлоп, «кой үстүндө торгой уялаган» бейпил жер издеп казак, кара калпактарды кыдырып, Ат-Башы, Нарын, Жумгал, Чүйдө да жашаган. Тилекке каршы, оюндагыдай бакубат өмүр сүрө ала турган жай таба албай, кайгы-капа тартып жүрүп каза тапкан экен. Уламыштарга караганда, анын сөөгү Ысык-Көлдүн боюна коюлган.
Казак окумуштуусу Чокан Валиханов аны “көчмөн элдердин философу” деп атаган.

“ЧЫМЧЫП АЛАР ЖҮНҮ ЖОК, ЖЫЛАН БАЙКУШ КАНТТИ ЭКЕН?”
Бир жылдары ак жайдын күнү калың мөндүр түшүп, кара жаан көнөктөп төгүп, борошого айланып, каз, өрдөк каркылдап уча албай, мал жер тээп оттой албай, жер бетин муз каптап, суу тоңуп, жут болуп, мал-жандан түгөл кол жууп калуу коркунучу туулат. Ошондо Асан Кайгы кайгырып айткан экен.
Куйругу жок, жалы жок,
Кумда туулуп, чөлдө өскөн,
Кулан байкуш кантти экен?
Чымчып алар жүнү жок,
Чыңырарга үнү жок.
Боорунда буту жок,
Жылан байкуш кантти экен?
Кылган камы жок,
Алган даны жок.
Баккан малы жок,
Мал багарга алы жок.
Көзү-башын көгөртүп,
Көгөн байкуш кантти экен?
Таразасын көтөрүп,
Тарбаңдаган шор тумшук
Таш бака байкуш кантти экен?
Жатарга жайы жок,
Жан багарга алы жок,
Чымын байкуш кантти экен?
Боору жерге жабышып,
Баса албаган балчактап,
Бака байкуш кантти экен?
Кирерге эшиги жок,
Корголоор тешиги жок,
Коңуз байкуш кантти экен?
Оргон-жыйган чөбү жок,
Эчтемеге эби жок,
Доңуз байкуш кантти экен?
Бороон-чапкын күч алды,
Суунун бетин муз чалды,
Балык байкуш кантти экен?
Көргүлүктү көргөн чыгар,
Суу түбүндө өлгөн чыгар.
Жайлоодо жабуу албаган,
Арык байкуш кантти экен?
Баш калкалаар үйү жок,
Пааналаган жери жок,
Курт-кумурска кантти экен?

Асан Кайгынын санат-термелеринен
Аргымакка миндим деп,
Арткы топтон адашпа.
Күнүндө өзүм болдум деп,
Менменсинип адашпа.
Артык үчүн айтышып,
Досторуң менен санашпа.
Илимим журттан ашты деп,
Кеңешсиз сөз баштаба.
Жеңемин деп бирөөнү,
Жалган менен коштобо.

Азамат Абдраев
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
operaledi
2011-08-22 17:52:17
Кичинекей кезимде Асан Кайгы болбочу десе, кайсы кошуна болду экен дечу элем?!
0
shahnaz91
2011-08-22 20:45:16
Men kichinemde bizdin aiylda kaigyra bergen Asan degen kishi bar go dechumun...
0
№ 459, 19-25-август, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА