Акыркы үч жылдан бери башым ооруканадан чыкпай калды. Ажалым жакындап калганын да сезип турам. Буга жоопсуз калган суроолорум, жетпей калган сүйүүм күнөөлүү. Жок, мен алсыз эмесмин... Мени оору жана сүйүү алсыз кылды...
– Тагдырдын алдында биз алсыз экенбиз. Арадан канча жыл өтсө да, чыныгы жашоодо чогуу болбосок да, сен менин түштөрүмдө жашайсың. Эх, чиркин, жашоо мынча татаал, таш боор? Сага болгон сезимим акыры өчөр бекен? Бүлбүлдөгөн сезимим эки дүйнөдө тең менин тозогума айланат окшойт. Кол кармашып ак кар алдында сейилдеп жүргөн күндөр кайда кетти, ардагым? Кара көздөрүң мени түбөлүккө арбап алгандай сезилет. Күнү-түнү палатанын терезесинен жок дегенде алыстан карааныңды көрүүнү кыялданам. А бирок бул нерсе кыял бойдон калат. Корком, жашоону таштап, сени таштап өлүмгө бет алгандан...
Алгачкы сүйүүм сенсиң. Мен сени күнөөлөбөйм, баарына тең менин текеберлигим күнөөлүү. Сага болгон сүйүүм бүгүн мурункудан да күчтүүдөй. Сенин баркыңды билдим, мага кандай керек экениңди сездим. Баарынан да жетпей калган сүйүүңө жүрөгүң ооруганы жаман экен. Мен ичимдеги дарт жеп жатканын да сезбейм, жалгыз гана жүрөгүм өйүп ооруганы уйку бербейт.
Экөөбүздүн улутубуздун эки башкалыгы да кара булуттай бөлүп турду. Биз буга туруштук бере албадык. Бири-бирибизге биринчи келүү өлүм менен тете болду. Неге келбедиң? Сени менен көчөдө болсо да жашамакмын. Билем, сен да мени сүйгөнсүң, дале сүйөсүң. Сен да менин көздөрүмдү издейсиң. Бирок келбейсиң.
Шаардын кыйма-чийме көчөлөрүнөн бири-бирибизди күтүп, издеп жүрө бердикпи?.. Сен үйлөнгөндөн кийин жолугуштук. Арадан 8 ай өткөн. Мен адаттагыдай сени ойлоп, алысты тиктеп отурдум. Катуу шамалдын соккусу демимди кысып ийди. Өтүп бараткан жигит дароо көзүмө урунду. Ал сен экенсиң. Билесиңби бул күндү мен канчадан бери күткөнүмдү? Жүрөгүмдөгү сага болгон жек көрүүнү шамал үйлөп ала кетти. Арабызды эки гана кадам бөлүп турду. “Кандайсың?..” деген муздак сөздөр ичибиздеги таарынычыбызды байкатып турду.
“Мен... Бактылуу элемин, менде баары тең жетиштүү. Жакында ата болом...” деп үнүң каргылданды. “Жакшы экен... Куттуктайм!.. Сенден аябай камкор ата чыгат...” дедим. Ала качкан көздөрүңдөн жүрөгүң ыйлап жатканын сезип турдум. Кара көздөрүң жашка жылтырап, кичине турсаң, кучагыңды жайчудай болдуң. Акыры кармана албадың, сүйүүнүн алдындагы алсыздыгыңды сездиң. Кучагыңа бек кысып, колуңдан жулуп кетчүдөй бооруңа кысып алдың. Бешенемен өөп жаттың, бул сенин кечирим сурагандыгың болсо керек. Бул биздин акыркы жолугушуу болчу.
Анан катуу депрессияга түштүм. Арадан үч жылдай өтүп калды. Канчадан бери оорукананын жытына көнүп да калгам. Мен жаткан онкологияда күнүгө ый, ызы-чуу. Азыр үйдөмүн. Билишимче, өмүрдүн чегине жеткени калдым көрүнөт. Дары жардам бербей калды. Баары тең жанымда: ата-энем, бир туугандарым. Бир гана сен жоксуң. Жанымда сен болсоң, айыгып кетчүдөй сезем. Мейли, кайда болбо, башка бирөө менен болсоң да, баары бир сени сүйүп жашайм. Башка бирөөгө буйрусаң да, жүрөгүң меники, сенин сүйүүң да мага таандык экенин билгеним жетиштүү.
Бактысыз экениңди моюнуңа алгың келбейт. Сени сагынгым да, сага таарынгым да келет. Сенден мага эстелик – акыркы берген роза гүлүң. Азыр мен өзүмдү ошол соолуган гүлгө окшоштурам. Ал гүл – менин тумарым. Ал – сенсиң. Сен менин бул жашоомдогу тозогум болдуң. Сага окшош эч кимге жолукпадым, эч бирөөнү сүйө албадым. Эми мага сен дагы, химиотерапия дагы жардам бере албайт.
Мындай абалымды сага көрсөткүм келбейт. Менин сулуулугум сенсиз жоголуп кетти. Азыр чачым да жок. Жашоонун да кызыгы жоктой, дары-дармек, ийнелер менин эрмегиме айланган. Көзүм өткөн соң кайрадан сулуу болуп, ар дайым сенин жаныңда болорума ишенем. Кечир, менин сүйүүмдү...
Мээрим
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg