ЖЫТ МЕНЕН ТАБЫШКАН ТҮГӨЙЛӨР ГАНА БАКТЫЛУУ БОЛУШАБЫ?

БАЙЫРКЫ ЧЫГЫШТЫН ЖЫТ СЫЙКЫРЫ ТУУРАЛУУ АНЫКТАМАЛАРЫНАН
Байыркы чыгышта эле жыт сыйкырынын жашыруун сырын билишкен. Анда эмесе, алардын аныктамасынан.

  • Адамдарда жыт чыгаруучу атайын орган бар. Ал орган жыт иштеп чыгып, чөйрөгө таратып турат.
  • олдун издери сыяктуу эле ар кимдин жыты ар башкача.
  • Жыт аркылуу адамдар бири-бири менен табышып, сүйүшөт, үйлөнүшөт. Жыттары бири-бирине тескери таасир тийгизгендер тил табыша алышпайт же үйлөнсө да жашап кетишпейт.
  • Жыты башкаларга жагымсыз бийкеч тегерегиндеги бал аарыдай ызылдаган эркектердин бирине да жага албайт.
  • Эгер эркек аялынын жытына толук канааттанса, анда анын көзүнө чөп салбайт. Эгер күйөөсүнүн жыты өзгө­рүлүп баштаса, аялы ойнош күтүүгө барат.

Башкача айтканда, жыттын өзгөрүүсү кызганычты, таарынууну жаратат да, аялды ойнош күтүүгө түртөт. Ойнош күткөн аялдын да жыты кескин өзгөрөт.

ЗАМАНБАП ИЛИМ ЖЫТ ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕЙТ?

  • Ар адам өзүнө тиешелүү жытка ээ. Адамдын терисинде тер жана май бездери жайгашкан. Алар бөлүп чыгарган нерселер биригип, бир адамга тиешелүү жытты пайда кылат. Жыт убактылуу сапаты жана өлчөмү жагынан өзгөрүшү мүмкүн. Мисалы, абанын температурасы, денедеги зат алмашуу өзгөргөндө, адам ооруганда. Буга тамак-ашка өтө жыттуу нерселерди колдонгондо, бөй­рөк ооруганда, күн ысыганда жыт кескин өзгө­рөөрүн мисал келтирсек болот. Бирок, мындай учурда деле адамдагы негизги жыт өзгөрүүсүз кала берет.
  • Адамдын жеке жыты кийимге, бут кийимге сиңип, анда узакка сакталат. Мисалы, жаңы бут кийимге адамдын жыты 24 саат кийилгенден соң сиңет. Карга, топуракка адам жыты бат сиңип, анда канча бир убакытка кармалып турат.
  • Адамдагы күчтүү жытка дененин айрым бөлүктөрү: колтук, жука чурай, көкүрөктүн үстүңкү бөлүгү (аялдарда эмчегинин алды кошо) ээ. Ошондой эле жытты бөлүп чыгаруучу бездер бетте, колдо, таманда бар.

Жыт менен табышууда иммунитети күчтүү бала төрөлөт
Адамдын жыты менен иммундук системасы биргеликте болот. Ошондуктан, жыт менен табышуу иммунитеттердин шайкештигин да шарттайт. Жыйынтыгында жыт менен табышуу иммунитети күчтүү баланын төрө­лү­шүнө жеткирет.

Байлык үчүн үйлөнгөндөр балалуу болбой да калышат
Окумуштуулардын далил­дөөсүнө караганда, сүйүү менен эмес, байлык үчүн баш кошкондор балалуу болбой калуулары да мүмкүн. Анткени, алар бири-бирин тартып туруучу жытка ээ эмес. Тескерисинче, алар өздөрү сезе бербеген менен алардын карама-каршы жыттары бири-биринен алыстатып тургандыгын организмдери сезип, түйүлдүктүн жаралышына чек коёт.
Ошондуктан, бизге бир адам кокустан эле жагып калса, аны сүйүп калдым деп тү­шүн­бөө­бүз керек.
Жыт сезими менен тыгыз чырмалышкан акыл-эсибиз бизге ал адам менен бактылуу болоорубузду купуя сездирип турат. Кантсе да жаратылыштан ээ болгон ички туюмубуз эркибизден күчтүү эмеспи.

АДАМДАРДАГЫ ЖЫТКА АТА-БАБАЛАРЫБЫЗ КАНДАЙ КАРАГАН?
Жыт сезүү касиети кыргыздарда байыртан калганын боолголоого болот.

  • Ата-бабаларыбыздан бери наристени коюнга алып жатуу, жонуна көтөрүп чоңойтуу салт болуп келатат. Ушунун өзү бала менен ата-эненин ортосундагы бекем жакындыкты шарттайт. Анткени, бала ата-эненин мээримине канып, жытын искеп чоңоёт да, кийин аларга кайрымдуу, күйүмдүү болуп чоңоёт.

Кыргыздар балдарын “сасыгым” деп эркелетүүсү да баласынын өзүнө гана таандык жытынан улам айтылып келаткандай. Негизи, ата-эне үчүн баласынын, бала үчүн ата-энесинин, бир тууганынын жыты артык деп эсептелет.

  • Бала чоңоё түшкөндө бир туугандары менен коюндаша жатып чоңоёт. Бул да бири-бирине жыты сиңишип, бири-бирине күйүмдүү болууларын шарттайт.
  • Туугандар сапардан келгенде кучакташып, моюндарынан жытташып көрүшүшөт. Мында да жыт аларды ого бетер жакындашууга салым кошот.
  • Жолугушууга чыккан кыз-жигиттерди да кыргыз бекеринен “жытташып турушат” дебейт. Анткени, адамдар жыт аркылуу табышса бактылуу болоорун илим изилдей электе эле ата-бабаларыбыз жыттын касиетин илгери эле ачып койгондой. Ата-энесин, баласын, жан шеригин сагынып кайткан эркекпи, аялзатыбы, алгач алардын жытына тартылып, жолукканда “жытыңды сагындым” дегендери да муну далилдейт.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • Орто кылымда Грецияда эркектер улуттук бийлерди бийлөө алдында колтуктарына кол жоолукту салып, бийлеп бүтүшкөн соң, аны колдонууга аялдарга беришкен. Кээ бир кыздарга андай кол жооолуктагы жыт жагып калса, жыттын ээси менен мамиле түзүүгө барышкан.
  • Африканын кайсы бир уруусунда өзгөчө салт бар. Анда үйлөнө турган жигиттин көзүн таңып, кыздар отурган бөлмөгө киргизишет. Жигит болочок колуктусун жытына карап тандап чыгуусу шарт.
  • Учурда кээ бир өлкөлөрдүн ишканаларында ишкананын жана адамдардагы бири-бирине туура келбеген жыттар билинбей калуусу үчүн өсүмдүктөрдөн жасалган жыттуу сууларды чачыратып турушат. Мисалы, Японияда жалбыздын, АКШда лимондун, Англияда деңиз жыттанган жыттуу сууларды. Бул жамаат ынтымакта болуп, иштин алга жылуусу үчүн зарыл экен.

АДАМДАРДЫ ӨЗҮНӨН ТҮРТҮП ТУРГАН ЖЫТТАР ЖАНА АЛАРДАН АРЫЛУУГА КАРАТА КЕҢЕШТЕР
Бул кеңештердин арты менен чөйрөдөгү адамдар менен болгон мамилеңизди оң жолго салып, өзүңүздү бактылуу сезе аласыз.

  • ТҮТҮНДҮН ЖЫТЫ

Жаратылыштан берилген туюмубуз боюнча түтүн – коркунучтун, кырсыктын белгиси.
Аңчылар жапайы жаныбарларды коркутуу үчүн кийимдерине түтүндүн жытын атайын сиңиришет. Анткени, жаныбарлар коркунучтун белгиси болгон өрттүн жана андан чыккан түтүндүн жытынан абдан коркушат. Ушундай эле сезим адамдарда да сакталып калган. Ошондуктан, түтүн жыттанган тамеки тартуучу эркектер айымдарга жагымсыз. Ал эми тамеки тарткан айым эркектерге караганда 5 эселеп жагымсыз. Буларды эске алып, колдон келишинче тамеки тартпоого аракет кылуу кажет.

  • “ПАНИКАЛЫК ЖЫТ”

Кайгыруу, тынчсыздануу, коркуу денени “паникалык жыт” иштеп чыгарууга түртөт. Бул жытты болсо башка адамдар өздөрү сезе бербеген менен организми сезет да, ички туюму ал адам коркунуч тартууларын шыбырап турат. Ошондуктан, мүмкүн болушунча адам өзүн токтоо кармап, эрктүүлүгүн көрсөтүүсү керек. Ошондо “паникалык жыт” чыкпай, чыкса да аз санда бөлүнүп, адамдарды өзүнөн алыстата бербейт.

  • ООРУГАН АДАМДАН ЧЫККАН ЖЫТ

Адам ооруганда денеден жаман жыт чыгат. Өзгөчө бөйрөк ооруганда, ооздун бүйлөлөрү, тиштер бузулуп ооруй баштаганда жыт кескин өзгөрөт. Ошондуктан, убагында дарылануу жаман жыттардан эртерээк кутулууну шарттайт.

  • ЖЫТЫ ДЕНЕГЕ СИҢЕ ТУРГАН КИЙИМДЕР, БУЮМДАР, ТАМАК-АШТАР...

Буларга мисалы, жаман жыт чыгып турган синтетикалык кийимдерди, тамак-аштардан: түтүнгө ышталган балыкты, консерваларды, сарымсакты, пиязды кошууга болот. Ошондуктан жаман жыт чыккан кийимди кийбей, аталган тамак-аштарды чеги менен гана колдонсоңуз түзүк. Мындан тышкары фабрика, заводдун жанынан алыс жашоо да сунушталат. Себеби, алардан чыккан жаман жыт да денеге сиңет. Этти көп жеген адамдардын жыты этти аз колдонгондорго караганда жагымсыз, курч болоору аныкталганын да унутпаңыз.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
new_hacker
2016-06-08 16:05:42
Мага Девушкамдын жыты жагат
0
№ 192, 7-13-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан