ТАГДЫР ОЮНУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Тагдырдын тамашасы эки курбуну да эрмек кылмай болду. Интернеттен табылган, Алина айтмакчы, ак боз атчан ханзаада эми Бегимайдын да көңүлүн өзүнө бура баштады. Тамаша дейин десе, ыйлагысы келет. Кийинки кезде ошол жигит менен сүйлөшкөндөн гана ырахат алчу болду. Бир кезде Аскат менен гана ушинтип сүйлөшө алчу эле. Адатта жигиттерине көп нерсени айтпай жашырып коюшат го, кыздар. Ал эми Бегимайдын Аскатка айтпаган сыры жок болчу. Эми Азиретке өзү байкабай төгүлүп-чачылып, ичиндеги бугун айтып алчу болду. Баса, интернеттеги таанышынын аты – Азирет. Ал дагы кийинки күндөрү Алина эмес, Бегимай менен көп сүйлөшө турган болуп калды.
Сабагынан чарчап келгенине карабай, Бегимай компьютерине асыла кетти. Апасы башын чайкай берди.
– Ай, ай, ай, азыркы жаштар эмне болгонун түшүнбөйм. Келериң менен интернетке асылдыңбы дагы?.. Өзүң чарчап келдиң го. Жок дегенде курсагыңды ойлосоңчу...
– Кантсе да жыйырма биринчи кылымдын кадрларыбыз да... Кабатыр болбоңуз. Азыр жетип барам, апакеси...
Эркелей үн каткан Бегимай апасына көзүн кысып коюп, мониторго тигилди. Азирет өзүн күтүп жаткан окшойт, дароо билдирүү жазды. Экөө сүйлөшүп башташты.
– Күндү кандай өткөрдүң?
– Мыкты. А сенчи?
– Меники дагы жакшы өтүүдө. Болгону, бир аз сыркоолоп калган үчүн апам дары-дармектер менен жабдып, сыртымдан бекитип кетип калды.
– Хм, апалар дайыма ушундай. Менин апам деле кичинекей нерсеге кабатыр боло берет. Мурун антчү эмес.
– Эмнеге?
– Мурун ишенимдүү колдо экенимди билчү эле да. Аскат менен жүргөн адамда эч кандай проблема болчу эмес.
– Ал ким эле?
– Албы? Ал менин жарык күнүм болчу. Өкүнүчтүүсү, өчүп калды.
– Түшүнбөдүм... Ал эмне дегениң?
– Азирет, апам чакырып жатат. Анан сүйлөшөлү. О'кей...- дей салган Бегимай анын жообун да күтпөстөн ордунан туруп кетти.
“Ал ким эле?” Азиреттин оозунан чыккан суроо ага ушунчалык орой, суук сезилди. Башка адам менен да эмес, Азирет менен ал тууралуу сүйлөшкөнүнө ыза болду. “Ал менин дүйнөм болчу. Мени өзүмдөн да жакшы билген адам болчу. А сен ага аябай окшошсуң...” Ушул ой келери менен өзүн башка чаап алды. Мына, эми тапты. Азиретке болгон тартылуусунун себеби Аскатты унутуп койгонунда эмес, экөөнүн окшоштугунда тура. Ойлору, оор басырыктуулугу, аң-сезими кенендиги...
– Бема, тамак ич...
Аңгыча апасынын үнү чыгып калды. Бөлмөсүнөн чуркап чыккан Бегимай шашып тамак жеп кирди. Бирок апасы менен сүйлөшүп жатып да, тамак ичип жатып да ойлогону ошол болду.

ххх

Аида сулуулук салонунан чыгып, эки жагын абайлап карап алды. Мындай учурда (күйөөсүн эстегенде) жонунан чыпылдап тер чыгып кетчү. Бул жолу да тынчсыздана элеңдеп эки жагын карап алып, кадимки койкойгон басыгы ишенимсиз боло түштү. Тез келип машинага отурду да, болжошкон жерге жөнөдү. Көңүлдөшү менен көздөн далдоо жолугалы деп квартира таап, акчасын төлөп койгон. Эмилге тез аранын ичинде жолугушуусу керек болчу. Телефонун албагандыктан, СМС жөнөтүп жиберип, анын жообун күтө албай бул жакка жөнөп калган.
Үй ачык экен. Таң кала түшүп, босогону аттай берди. Дароо эле кыздын шыңгыр күлкүсү, Эмилдин обу жок каткырыгы угула берди. Кызганыч мындай жорукка алып барат деп эч ким ойлобосо керек. Аида кирип барды да, купкуу болуп туруп калды. Креслодо жапжаш бийкечти алдына алып, ага өз колу менен жүзүм жегизип жаткан Эмилди көрдү. Эмил дагы Аиданы тиктеп, оозунан сөзү түшө туруп калды.
– Сенби? Сен... Сен кайдан?
– Мени эч качан келбейт деп ойлодуң беле? Ошон үчүн ушул кылыктарды кылып жүрдүң беле?!
Аиданын ачуусу келгенден тиштери шакылдай, көздөрү чакчая өтө коркунучтуу эле.
– Эмил байке, бул ким? Балким, аялыңыз болуп жүрбөсүн,- деп мыскылдуу үн каткан тиги кызды көздөй жулунду.
– Менин ким экениме кызыгып калдыңбы? Сен, шуркуя...
Чачтан жулуп, бетине асылган Аида жаш кызды тез эле топтой тоголотуп жиберди. Коркконунан көздөрү чоңойгон Эмил эмне кыларын билбей калды. Кыз андан жардам болбосун билди окшойт, үнү жетишинче бакырып жатты.
– Жардамга! Суранам, жардам бергиле, өлтүргөнү жатат.
Акыры Аиданын колунан эптеп бошонуп, сыртка жан талаша чуркап чыкты. Кыздын сумкасын, кийимдерин Аида аркасынан ыргытты.
– Жогол, көзүмө көрүнбөй!
Энтиге дем алган Аида эми Эмилди жекире тиктеди.
– А сени мен жетер жериңе жеткирем!
– Аидочка, алтыным, мен эми ушундай итмин да. Бир жолкусун кечирип койчу. Экинчи мындай нерсе кайталанбайт,- деп жан талашып актанып жаткан Эмилди тиктеп туруп, Аида күтүүсүздөн ыйлап жиберди.
Эч убакта минтип эмоцияга алдырып көргөн жан эмес. Бул жолу эмне болду ким билсин, көз жашы дайрадай төгүлүп кетти.
– Тобо, сен да ыйлайт экенсиң, ээ?- деди таң калганын жашыра албай күбүрөгөн Эмил.
– Эмне, темирден жаралып, таштан бүткөн деп ойлодуң беле?!
Көз жашын сүртүп, Эмилге муздак тигилип калды.
– Айтчы, сага эмне жетпейт? Күйөөмдөн жашырынып-жамынып жатып алган акчаларымдын баарын сага берем го. Каалаган учурда, каалаган күнү койнуңдамын. Сага дагы эмне керек?
– Эми бир жолу жаза тайып...
– Жаза тайган жоксуң, сенин табиятың ушундай. Сен эч качан азга алымсынбайсың. Кыскасы, акмаксың да... Сендей акмак менен байланышып, андан наристелүү болом деп жаткан мен акмак.
– Эмне-е?
– Эмне уксаң ошо...
– Кандайча, сен “эч качан боюмда болгон эмес” деп айтпадың беле?
– Менин күйөөм өзүмдөн канча жаш улуу экенин унутуп койдуңбу? Өзүм дагы болуп калат деп күткөн эмесмин. Кечээ кокусунан УЗИге барсам, ушинтип айтышты. Ошону айтайын десем, сен бул жакта... Эми эмне кыларымды билбей турам.
Аида жийиркеничтүү эшик тарапты тиктеп койду.
– Эмне кылмак элең? Төрөп, абышканын баласы кылып койбой жаның жокпу?
– Ал экөөбүздөн жүз эсе акылдуу. Аны алдайм дегениң, өзүңдү алдаганың. Өзүнүкү эмес экенин “боюмда бар” дегенде эле билип коёт. Жок, андай кадамга барбаганыбыз туура.
– Анан?
– Ошол, эмне кылабыз деп кеңешейин деп сага келгем.
– Мен эч кандай жардам бере албайм. Кечирип кой. Алдыртсаң алдыртып сал. Кой, мага мындай чатагыңдын кереги жок. Менин жумуштарым бар эле,- деп шашып, көз айнегин алган Эмил сыртка бет алды.
«Коркок!» деп аркасынан кыйкырып, жек көрө тиктеп жаткан Аидадан алыстап кеткенче шашты.
Аскар тамак ичип жатып, Аиданын адаттагыдан башкача экенин сезди. Жүзүнө үңүлө берип, анын шапайып арыктап кеткенин байкады.
– Сага эмне болгон?
– Эч нерсе деле болгон жок. Бир аз чарчап калсам керек.
– Кызык, дүкөн кыдыргандан, салондорго баргандан сени таптакыр чарчабаса керек деп ойлочумун.
Аида кашын серпе Аскарга тигиле берди. “Мени эмне кыласың, өз ишиң менен болсоңчу” деген көмүскөдөгү кыжырланууну сезип, андан ары сөздү улоону туура көрбөдү. Тамагын унчукпай ичип, өз бөлмөсүнө бет алды. Бир эле кылчайып караганда Аиданын жек көрүүгө толгон көзүн байкамак. Бирок ал кылчайган жок.

xхх

– Бема, токтосоң!- деп аркасынан кыйкырган Алинанын үнүн угуп, аргасыз токтоду.
– Салам!
– Салам, сага жетем деп чуркап келбедимби.
– Телефон чалсаң болбойт беле?

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Aidanek
2011-08-29 12:34:49
ЖУрогуууум....Бул буткончо тынч турсам экен
0
bai.kymbat
2011-08-29 12:43:50
кичине кообурок жазгылачы тойбой калып атам
0
Nevajno
2011-08-29 16:03:01
Сандан санын кутуп журуп канча омурум отуп жатат туугандар! Сандан санын кутуп журуп канча омурум отуп жатат туугандар!
0
Evelet
2011-08-30 04:58:57
bai.kymbat бул саг тойгудай тамак беле хехе? Укмуш эле жазып коесунар ээ
0
adelima
2011-08-31 12:39:23
бул чыныгы турмуштан алынган чыгарма болсо керек. Азыр ушундай акмак шуркуялардан алыс болуш керек.
0
Gumaw
2011-09-02 06:49:14
adelima, азыр эле эмес ар дайым алыс болуш керек
0
eduardali
2011-08-31 13:00:38
сaргaйтып куттурбой оптом элe жaзып койгулaчы.сaргaйтып куттурбой оптом элe жaзып койгулaчы.
0
№ 460, 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан