АДАМ ЭРКЕКСИЗ КӨБӨЙӨ АЛАБЫ?
– Кайсы бир өлкөдө кумурсканын бир түрү эркексиз эле көбөйүп, жашоо өткөзөрү тууралуу уктум. Ошондон улам “келечекте адамдар да эркектерсиз көбөйүп калуусу мүмкүнбү?” деген суроо бергим келип жатат. Сапар, 31 жашта, Токмок.
– Укканыңыз туура. Борбордук жана Түштүк Америкада жашаган кумурсканын бир түрүнүн ургаачылары эркектердин катышуусуз эле көбөйүп, жашай тургандыгы маалым. Жалаң ургаачы кумурскаларды уюктагы эне кумурска клондоп чыгарат экен. Башкача айтканда, эркектин катышуусуз көбөйгөндө жалаң ургаачылар жаралары илгертен маалым.
Эми адамзатка келсек, адамдарды клондоо азырынча теория жүзүндө гана бар.
Клондоонун 3 түрү бар:
1-жолу. Эн клеткасынан (жумуртка клеткасы) ядро алынат да, анын ордуна башка клетка (теринин клеткасы же сүт безинин клеткасы) салынат. Ошентип, энесине окшош ургаачы алынат (клон). Эгер эн клеткасынын ядросун алып, ордуна сперматозоид салынса, анда кадимки уруктандыруу болот.
2-жолу. Кандайдыр бир таасир тийгизүүнүн арты менен эн клеткасы улам бөлүнүп отуруп, акыры түйүлдүк жаралат. Түйүлдүк сөзсүз ургаачы болот. Кээ бир жаныбарлар ушинтип эркексиз көбөйө алат.
3-жолу. Бош эн клеткасына бластомерлер (жумуртка клеткасынын көбөйүп, бөлүнгөндөрү) жайгаштырылат. Бул вариантта клон эркекти алуу мүмкүн.
ЭРКЕКТИН УРУКТУГУ МЕНИКИНЕ ТҮШКӨНДӨН КИЙИН ЭМНЕ БОЛОТ?
– Эркектен канчалык өлчөмдө уруктук түшөт? Жыныс кынына түшкөндөн кийин ал эмне болот? Эка, 25 жашта, Бишкек.
– Кошулган соң эркектен чай кашыктай уруктук түшөт. Анда 200-500 миллионго чейин сперматозоиддер бар. Жыныс кынына түшкөндөн кийин уруктуктун жарымына жакыны сиз дааратканага жөнөгөндө сыртка агып кетет. Эгер төшөк оюнунан соң 1 саат турбай жатсаңыз, анда уруктуктар ичте калат жана сиңип кетет (же түйүлдүк жаралып, бойго бүтөт).
ИЧИП АЛСАМ, БҮТҮРӨ АЛБАЙ КЫЙНАЛАМ...
– Төшөктө тартынып, оюнду бат эле баштап кете албайм. Эгер ичип алсам, бат дүүлүгөм, бирок оргазмга жете албай кыйналам. Эмне кылсам болот? Ади, 29 жашта, Токмок.
– Ичимдик ички чыңалууну жоюп, көңүлдү көтөрүп, төшөккө тартат. Бирок ошол эле кезде ичимдик нерв системасынын иштөөсүн басаңдатат. Андыктан нервдердин учу жансыз тартып, кандын көп келиши (анын ичинде жыныс мүчөсүнө) чектелет. Бул болсо оргазмга жетүүгө кыйындык жаратат.
Андыктан ичкиликсиз дүүлүгүп, төшөктө эркин болууну өздөштүрүү керек.
ЖЫНЫС КЫНЫМ АНЧА СУУЛАНБАЙТ...
– Төшөк оюну учурунда жыныс кыным анча сууланбайт. Андыктан күйөөмө билдирбей, өзүмчө эле тынчсыздана баштайм. Жыныс кынында суу кайдан пайда болот, ансыз зыян келбейби? Жаку, 28 жашта, Бишкек.
– Айымдар дүүлүккөндө жыныс мүчөлөрүнө кан көп келип, топтоло баштайт. Андыктан жыныс эриндери жана жыныс кынынын капталдары көөп чыгат. Ал эми жыныс кынынын башындагы без курамы суу, кислоталар жана белоктон турган суюктукту иштеп чыгара баштайт. Ал суюктук эркектин “алигисинин” оңой кирип, ыйкоого да жеңил болушуна шарт түзөт. Жыныс кыны жетишерлик түрдө сууланбаса, “алигинин” катуу өйкөлүүсүнөн анча чоң эмес айрылуу жаралат. Бул жыныстык жактан жугуучу оорулардан коргоно албоого да алып келет.
Суюктуктун бөлүнүп чыкпашы бойго бүтүрбөөчү жана аллергияга каршы дары-дармекти кабыл алганда, стрессте да кездешет.
Жыныс кынынын сууланбашы аялдын жетишерлик дүүлүкпөгөнүнөн да болот. Андыктан лаззатка батууну кааласаңыз, сизди сүйүп, барктаган, сыйлаган, жыныстык жактан маданияттуу эркекти табууга жетишиңиз. Ал денеңизди балкытып, асыл cөздөрдү айтып, дүүлүктүрсүн.
Астра Айдарова
erotika@super.kg