ЭРКЕКТЕРГЕ КАНДАЙ ТААСИР КАЛТЫРАСЫЗ?

Аялдар эркектерге жакшы таасир калтыруу үчүн жагымдуу, сүйкүмдүү көрүнүүгө аракет кылышат. Бирок алардын максаты канчалык ишке ашат? Муну төмөнкү тест аркылуу билүүгө болот.

Сизге эч ким көңүл бурбаган учурда кантип отурасыз?

Бутту учкаштырып (3 балл)
Бутту алдыга сунуп (1)
Бутту бири-бирине тийиштирип (6)
Бутту столдун үстүнө чыгарып (5)

Сизге курбуңуздун дос жигити тийишип жатат. Кандай кабыл аласыз?

Жылмайып жооп берем (6)
Курбумду таарынтпоо үчүн көзүмдү ала качам (2)
Ачуум менен тике карайм (3)
Бул тууралуу курбумдун өзүнө айтам (5)

Аялды эмне сексуалдуу көрсөтөт?

Жабышкан көйнөк (4)
Кооз бикини (1)
Классикалык костюм ( 5)
Бийик така (3)

Сиз кечеге келдиңиз, бирок ал жерден эч кимди тааныбайсыз. Өзүңүздү кандай алып жүрөсүз?

Кысылбай, ээн-эркин (2)
Мени элге тааныштыр деп кожойкеге айтам (3)
Кысынып, ээн-эркин боло албайм (1)
Эл менен өзүм эле таанышып алам (5)

Кандай абалда уктайсыз?

Жууркандын четтерин кымтылап (1)
Бүрүшүп жатам (3)
Колу-бутумду созуп, чалкамдан жатам (4)
Көмкөрөмдөн (2)

Эркектердин кайсы сапаты жагат?

Юморду билгени (2)
Чечкиндүүлүгү (3)
Акылдуулугу (6)
Күчтүүлүгү (5)

Бир аз ичимдик ичкенден соң бирөөгө тийишүү оңой сезилип калабы?

Жок (2)
Ооба (6)
Мен ичпейм (4)

Кайсы кол кыймылдары сизге көбүрөөк тийиштүү?

Маңдайдагы чачты артка сылоо (4)
Жеңдерди тарткылай берүү (3)
Шакектерди кармалап, жылдыра берүү (6)
Колду көкүрөккө кайчылаштыруу (2)

ТЕСТТИН ЖЫЙЫНТЫГЫ
45-37 балл.
Мени ушакташат деп сактанбай, өзүңүздү эркин алып жүрө аласыз. Бул сапаттар менен эркектерди оңой тартканыңыз менен, алар сизди жеңил ойлуу деп ойлоп калуулары мүмкүн. Андыктан чекти сактоо керек.
36-32 балл. Кылыктанууну жана эркектерге тийишүүнү сүйгөн жансыз. Эркектердин көңүлүн бурдуруп, башын айлантууга жетише аласыз. Бирок эркектер өзүн мурдунан жетелеп алганыңызды билгенде сиз менен мамилелерин үзүүгө ашыгышат.
31-27 балл. Баарын талдап-билген аял сыңары таасир калтырасыз. Бат эле башы айлангандарга кирбейсиз. Талабыңызга туура келген эркек менен жолугушууну каалайсыз. Эркектер сизге сыртыңыздан гана суктанышат. Анткени алар муздак кабыл алып коёбу деп батынышпайт.
26-21 балл. Өзүңүздү баалай албайсыз. Коргоосуз жаш кыздай таасир калтырасыз. Сезимдериңизди ачыкка чыгаруудан тартынасыз, сыягы, өзүңүзгө ишенбейсиз. Эгер сезимдериңизге жол берип, кысынганды койсоңуз, жашооңуз эмоцияларга бай болмок.
20-12 балл. Сиздин сезимдериңиз эненин сезими катары. Эркектердин суктануусуна көп деле кабылбайсыз. Мамилелердин ишенимдүү, туруктуу болуусун талап кыласыз. Бул эркектин кандайдыр бир деңгээлде жинин келтирет. Бирок көпчүлүк учурда сизди ийгилик кушу колдойт.


Эрожаңылык

ЫСЫКТА СЕКС МЕНЕН АЛЕКТЕНҮҮ ЗЫЯНБЫ?
Жакында америкалык изилдөөчүлөр ысыкта секс менен алектенүү туура эмес экендигин кайрадан айтып чыгышты. Анткени ысыкта дене мүчөлөрүнүн иштөөсү (жыныс мүчөнүн да) бузулат. Адамдын кан тамырлары кеңейет. Мындай учурда эркектер төшөк оюну менен алектенсе, ансыз деле кеңейген кан тамырлар дүүлүгүүдөн улам ого бетер кеңейет. Мунун айынан артериалдык кан басым төмөндөйт. Натыйжада эркек аялдын үстүндө жаткан бойдон эстен тануусу мүмкүн экен. Андыктан аптапта секс менен алектенүүдө абайлаңыздар.

ТРУСАҢ КӨРҮНДҮБҮ, АЙЫП ТӨЛӨ!
АКШнын Делкабр шаарында жакында жаңы мыйзам чыкты. Ал мыйзам боюнча, эми шаардын тургундары жана коноктору шымынан сыртка көрүнүп калган трусалары үчүн айып пул төлөшөт же 6 айга камалышат. Шаардын көпчүлүк тургундары «бели ылдый шымдарды кийүү модасын кара терилүүлөр чыгарган жана алар көп кийишет» дешет.


Алигидот

Эл көп жашаган короо.
Бир эркек экинчисине:
– Ташмат, туулган күнүң качан?
– А эмне болду?
– Күндө кечинде жылаңач аялды кууп жүргөнүң көрүнбөсүн деп парда тартуулайын дегем!
– Акмат, а сенин туулган күнүң качан?
– Эмне болду?
– Кимдин аялынын артынан кууп жүргөнүмдү көрүп алсын деп сага дүрбү берейин дегем!

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (40)
LEYLA
2011-11-28 05:16:54
менин баллым 27-31экен, всё правильно обо мне
0
meri922303
2011-11-30 03:19:34
meniki da tyyra 4ikti
0
Aza1992
2011-12-09 21:40:30
Eng tuura chykty ozum tan kaldym
0
kundus
2012-01-14 00:49:04
дааа,башында ишенбей жаткам анан жон эле тест кылып корсом туп туура чыкты.Азыркыга чейин тангалып отурам
0
PAPPYCHIT
2012-02-09 01:43:49
Реально экен да корсо,мага жакты,анткени туура чыкты окшойт...
0
nuris89
2012-03-21 19:58:33
menii 27 jeti ball.ozu da tochno oshondoimun
0
baktygul.turdalieva
2012-04-03 06:46:21
Мурдунан жетелейт дегени кызык болдуго бирок жолдошумду андай кылбаймго.
0
BiLLy Beck
2012-05-14 18:03:44
bugun bolboso erten kylasynda...))
0
Aiya-2012
2012-05-29 11:12:07
jakshy test eken, tuura chikti. rahmat
0
jikusya
2012-08-31 22:45:17
мен жолдошумду мурдунан жетелегеним эсимде жок башкалары туура болсо да :-) :-)
0
evgeniya
2012-09-04 03:07:07
туптуура чыкты!
0
jasminka
2013-03-31 07:58:26
туура эледей
0
nazi93
2013-09-23 18:55:46
биздики да туура чыкты
0
NB7
2014-02-20 16:21:58
ничего себе в точку попали ))))
0
Guliza-Baktybekova
2018-12-11 16:28:42
Точно чыкты го
0
№ 460, 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан