ГРУЗИЯ КАНТИП РЕФОРМА ЖАСАЙ АЛДЫ?

(Уландысы, башы өткөн санда)

Дүйнөлүк Банктын баалоо системасын (рейтинг) иштеп чыккан эксперт Грузиядагы өзгөрүүлөр жөнүндө: “50 жылдан бери дүйнөдө бир да өлкө Грузиядай бир эле учурда көп тармакта терең жана тез реформаларды жүргүзө алган эмес”,- деп айткан.
Лариса Буракова китепти жазып чыгуу менен көптөгөн иштерди аткарды. Мисалы, буга чейин биздин чөлкөмгө Грузия тууралуу туура эмес маалыматтар келип турган. Бул китеп аркылуу, чындыгында, кандай реформалар болгонун, аларды жасоодо Американын жана Европанын акчасы анчалык деле чоң болбогонун (Кыргызстан Грузияга караганда көбүрөөк тышкы жардам алып келген) билсе болот. Андыктан ар кыл суроолор чубай баштайт. Грузияга окшоштуктарыбыз абдан көп. Аларда бизге караганда бир миллионго аз эл жашайт, биздей эле тоолуу, эркиндикке көнгөн калк. Бир гана реформачыл топтун бизде жоктугу же жетишсиздиги өкүндүрөт.
Бул өлкөдө болуп өткөн реформалардын атагы алыска жетип, ар кыл талкуулар көбөйө баштады. Ал жөн-жайынан келип чыккан жери жок. Чындап эле 2003-жылга чейин экономикалык абалы бизден төмөн болуп келген Грузия азыркы учурда дүркүрөп өсүп келе жатат. Ким аларга жардам берди? Деги эле бирөө жарым кол кабыш кылдыбы?
Кай бир топтор “Грузия жалаң гана Американын акчасына реформаларды жасады” деп айтып келишет. Башкалар болсо “өлкөнүн президенти Саакашвили өлкөнү өнүктүрүү үчүн тышкы карыздын көлөмүн кыйла өстүрдү” дешет. Айтарга кеп калбаганда эл арасында “паракорлук жоголгону менен, ал жогорку деңгээлде калды” дешет. Дегеле чын-төгүнүн ким түшүндүрүп берет?
Грузия тууралуу айтылып келе жаткан ар кыл мифтерге (туура эмес ишенимдерге) көңүл буралы да, аларга жооп издейли.
Биринчи миф: Эгерде Америка жана башка батыш өлкөлөрүнүн чоң жардамдары болбосо, Грузия кедейчиликте эле өкүм сүрө бермек. Азыр алар тышкы карызга белчесинен батып калышты.
Ооба, Грузия өлкөсү өнүккөн өлкөлөр­дөн жардам алып келет. Бирок дүйнө жүзү боюнча 180 мамлекет ушундай жардамдар менен иш жүргүзөт. Алардын ичинде Кыргызстан да бар. Айырмасы, аларда жыйынтыктуу реформалар бар, бизде жок. Эмнеге? Жооп абдан жөнөкөй. Грузия абдан эле аз тышкы карыз алып келген. Михаил Саакашвили 2003-жылы революция аркылуу президент болуп келеринде мамлекеттин тышкы карызы 1 миллиард 849 миллион доллар болуп, ички дүң продукциясына (ИДП) салыштырмалуу 46,3 пайызды түзчү. Ал эми реформалар жасалган жылдары (2003-2007) бул сумма өзгөргөн деле эмес. 1,838 миллиард бойдон калган. Экономикасынын тез өнүккөндүгүнөн жана улуттук валютасы – ларинин калыптанышынан ИДПга салыштырмалуу өлчөм абдан төмөндөп, болгону, 18,1 пайызды түзүп калды. 2008-2009-жылдары Орусия-Грузия согушунун жана дүйнөлүк экономикалык кризистин азабынан карыздын деңгээли өскөнү менен, мурдагы абалга салыштырмалуу дале аз. Демек, тышкы жардамдар жана карыздар өлкөдөгү реформаларга тиешеси аз жана Грузия өз күчү менен ийгиликке жетти деп жыйынтык чыгарууга болот.
Экинчи миф: Грузияда өнөр жай жок, ал жактан жалаң гана металлолом ташылууда.
Ооба, 2004-жылга чейин тышкы соодада металлолом өкүм сүрүп келген. Ал экспорттун (тышка сатуунун) 14,8 пайызын түзчү эле. Бирок бул абал 2010-жылга карата абдан эле өзгөрүп, металлолом экспорттун, болгону, 6,9 пайызын ээлеп калды. Азыр Грузияда экспортту түзгөн көптөгөн товарлар жана кызматтар пайда болду: азот жер семирткичтери, жез кошулган концентраттар. Мурда бир-эки сааттык жарыкка эптеп чыдап келген Грузия, азыр электроэнергияны өлкө боюнча камсыз кылып, андан тышкары экспорттой да баштады. Анын экспорттон түшкөн пайдасы 36,5 миллион долларды түзүп, шараптап (вино) түшкөн 39,3 миллион долларлык кирешеге дээрлик жетип келди. Эркин соодага мүмкүнчүлүктү түзүп бергендиктен, азыр реэкспорт (тыштан алып тышка сатуу) өлкөнүн экспортунда 14,4 пайызга чыкты. Ошентип, Грузия ички экономикасынын отун жандыра алды да, металлды сатуудагы көз карандылыктан арылды.
Үчүнчү миф: Саакашвили Грузияны чет өлкөлүктөргө сатып салды.
Ооба, Шеварднадзенин ордуна Саакашвили келгенден кийин Грузияда абдан жигердүү менчиктештирүү (мамлекеттин колунда турган менчикти андан жыйынтыктуу иштете алган жеке менчикке өткөрүп берүү) иштери жүргөндүгүн бардыгыбыз эле билсек керек. Эгерде Шеварднадзенин учурундагы (1999-2003) эң көп менчиктештирүүнүн негизинде өлкө, болгону, 62 миллион доллар киреше тапса, Саакашвилинин алдында өткөн менчиктештирүүдөн (2004-2008) мамлекеттик казына 1,44 миллиард доллар пайда тапкан! Бул 22 эсе көп акча түшкөнүн аныктайт жана менчиктештирүүнүн ачык жана адилеттүү өткөндүгүн билдирет. Демек, жыйынтыктар көзгө көрүнүктүү. Ал эми тышкы инвесторлордун тоолуу жана экзотикалык өлкөнүн экономикасындагы катышуусу 28,4 пайыздан 35,2 пайызга көбөйгөн. Экономикадагы катышуусу анчалык көп эмес, бирок иштей албай келаткан мамлекеттик ишканаларды менчиктештирүүдөн мамлекетке абдан чоң пайда түшкөн.

(Уландысы келерки сандарда)

Мирсулжан Намазалиев,
Эмил Үмөталиев,
Есен Жуманов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
baibolot71
2011-08-29 21:49:59
Кийинки санын толук окуп бутуп,анан комментарий калтырайын.
0
MaksKG
2011-08-31 07:50:00
Ошондой кылыш керек.
0
№ 460, 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан