Кандуу спорт: ЧОҢ СПОРТТОГУ ТРАГЕДИЯЛАР

Спорт демекчи, бизге анын күңгөйүндөгү гана маалыматтар жетип, өлүм-житим, кырсыктар көбүнчө көмүскөдө калып калат. Эмесе, тосмону ачып, артындагы оор трагедиялар тууралуу кеп козгоону эп көрдүк.

СПОРТ – ЖЕҢИШ, ӨМҮР ЖАНА ӨЛҮМ...
1918-1998-жылдар аралыгында чоң боксто 700 профессионал мушкер өлгөн деген маалымат бар. Мына, орто эсепте жылына 20дан ашык мушкер оор беттештердин залакасынан көз жумат экен. Ал эми канча спорт түрү жана канча спортчу бар экени бир Кудайга маалым. “Форбс” басылмасы анын баарына баш оорутуп отурбай, эң көп өлүм апкелүүчү спорт түрлөрүн тизмелеген. Ал төмөнкүчө:
– Бейс-джампинг (бийик имараттардан, көпүрөдөн жана парашют менен секирүү)
– Жогорку ылдамдыктардагы жарыштар (лыжа, мото, тоодогу веложарыш)
– Чоң толкундарда виндсерфинг
– Альпинизм
– Бокс
Бул спорт түрлөрүнүн ар кадамында өлүм жыттанат дегенден алыспыз, бирок жогорудагы пикирге кошулбай коюуга да негиз жок. Антсе да кырсык дегениң спорттун кооптуулугуна карабайт экен. Ошондуктан теманы көбүрөөк кырсыктарга оодарууну чечтик.

ФИНИШКЕ ЖЕТПЕЙ АЖАЛ ТООРУГАНДА...
Аткан октой күүлөнгөн спортчуларды өлүм токтоткон мисалдар көп.
«Ванкувер-2010» кышкы Олимпиадасында Уистлер чана-трассасы оюндардын оту тутанарда 21 жашар грузиялык Нодар Кумариташвилинин канына забын болгон. Даярдык учурунда Нодар трассанын соңку имерилишинен чананы башкара албай калып, 140 чакырым/саат ылдамдык менен бетон тоскоолдукка урулган. Эсин жоготкон спортчу тезинен ооруканага жеткирилип, бирок доктурлар аны өлүмдөн арачалай алган эмес.
Перулук мушкер Луис Вильяльта атаандашы Рики Квилес менен 12 раунддук беттештен соң кийинүүчү бөлмөдө өлөт. Луис упай менен утулса да, атаандашынын оңбогондой оор соккуларынан чыңалган башын кармап отуруп, жыгылган бойдон эсине келген эмес.
1994-жылы Формула-1 улуу жарышчысы Айртон Сеннадан айрылган. Ал 1-майда Сан-Маринонун Гран-присинде жарышка түшөт. Ылдамдык бар жерде кырсык бар эмеспи, ал бетон тосмого урулуп, оор жаракаттан каза тапкан.

БААТЫРДЫН ЖАНЫ 1 ОКТУК!
1994-жылы АКШдагы мундиаль учурунда футбол падышасы Пеле “Колумбия Дүйнө чемпиондугуна башкы талапкер” деп колумбиялык күйөрмандардын көөдөнүнө от жагат. Бирок Колумбия тайпасында чечүүчү оюнда АКШга утулуп, мелдештен четтейт. Буга коргоочу Андреас Эскобардын өз дарбазасына автогол кийиргени себеп болгон. 10 күндөн соң “Колумбия финалга чыгат” деп чоң акча сайган күйөрман Эскобарды атуу үчүн киллер жалдайт. Киллер футболчуну 10 ирет атып өлтүргөн.
Жарым орто салмактагы Дүйнөнүн экс-чемпиону Артуро Гаттинин сөөгү 2009-жылы 11-июлда Бразилиянын Порту-де-Галиньяс шаарында табылган. Мушкердин өлүмүнө шектүү деп алгач аялы кармалган. Бул табышмактуу өлүмдүн сыры ушул күнгө чейин ачылбай келет.

АБАДАН ЖЕРДИ САМАП...
1979-жылы 11-августта 10 миң метр бийиктикке көтөрүлгөн Украинанын Днепродзержинский шаарынын үстүндө Ту-134 үлгүсүндөгү эки учак кагышкан. Анын бири футбол боюнча СССРдин ички биринчилигинин кезектеги оюну үчүн Ташкенттен Минскке аттанган «Пахтакор» футболдук клубу эле. “Пахтакор” анда 17 оюнчусунан ажыраган. «Бул иш Компартиянын төбөлдөрү менен байланыштуу, атүгүл алар кырсыктын иликтөө ишин кылдат жаап коюу аракетин көрүшкөн» деген маалымат бар. Бирок авиакырсык тууралуу маалымат бир аптадан соң «Советский спорт» гезитине чыгып кеткен.
1949-жылы Италиянын футболу чоң жоготууга учураган. “Торино” футболдук клубу Португалиядан мекенин көздөй учуп келатып, Супержи тоосуна урунуп, 18 футболчусунан айрылат. Футболчулар ички чемпиондуктагы катар менен 5-чемпиондук наамын майрамдоо алдында турган эле. Шейит кеткен 18 футболчу Италия улуттук курама командасында болчу.

КУРМАН БОЛГОН КҮЙӨРМАНДАР
1964-жылкы Токио Олимпиадасынын футбол боюнча тандап алуу оюнунда Перунун Лима шаарында Перу-Аргентина курама командалары кез келет. Беттештин акыркы мүнөтүндө Перунун киргизген голун калыс эсепке албай коёт. Перулуктар ал гол менен Токиого жолдомо алышмак. Беттештен кийин чоң чуу чыгып, күйөрмандар 2 тараптуу мушташа кетишет. Натыйжада стадиондо 318 киши каза таап, 500гө жакыны түрдүү жаракаттарды алышкан.
1985-жылы Англияда сезондогу акыркы беттешинде “Брэдфорд Сити” “Линкольн Ситини” кабыл алып жаткан. Беттеш танаписинде 77 жыл мурун коюлган эски трибуна төшөлмөсүнө от жанып, 5 мүнөткө созулган жалын 56 өмүрдү алып, 200 кишини жарадар кылган. Отту жаккандар оюн алдында жар салынгандай, “Брэдфорддун” мөөнөтүнөн мурда чемпион болушуна чычалагандар болгон.
1902-жылы Шотландиянын Глазго шаарындагы “Айброкс Парк” стадионунда Шотландия-Англия беттешинде жерден 36,5 метр бийик 20 000 көрүүчү батуучу жыгач төшөлмө сынып калган. Андан кулап жана алдында калгандардан 25 киши жан берип, жүздөгөн адам жаракат алган.

БИЗДЕ ДА ДАЛАЙ БААТЫР СУЛАГАН
Кыргызстанда спортчуну атуу жагынан мисал келтире алабыз. Кикбоксинг боюнча Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Али Парсуков спортзалдын жанынан атылган. Спорттук карьерасын аяктаган соң каза тапкан Раатбек Санатбаев, Баяман Эркинбаев жана Санжарбек Кадыралиевдин өлүмүн көпчүлүк спорт менен байланыштыра беришпейт.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
zikonostra
2011-08-29 21:08:55
kyrgyz palvandaryn atkandar jana buiruk bergenderge eki duino akaarat aitylsyn, ylaiym.
+2
honestbek
2011-08-30 02:25:16
атандын кору дунуйо баатырлар кете берди да эл учун башын сайган!!! Бул жакта басып журот айбандар аларды атып салган!
+2
№ 460, 26-август - 1-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан