Дүйнөнү өзгөрткөн 13 эркек. ФРЕД СМИТ

“Эгер Фред Смит “Федерал Экспресс” компаниясынын 13 000 кызматкерин Мемфистеги Фернандо де Сото көпүрөсүнө чогултуп, “Миссисипинин шар аккан суусуна секиргиле” десе, алар ага ушунчалык ишенишкендиктен, 99,9 пайызы секиришмек”,- дейт компаниянын менеджери Хейинц Адам.

СМИТ АДАМДАРДЫ ИШЕНДИРҮҮЧҮ КАСИЕТКЕ ЭЭ
Адамзаттын жашоосуна дагы бир чоң өзгөрүү киргизген Фред Смитке Кудайдан өзгөчө бир талант берилген. Ал алдына койгон максатына жетерине өзү гана ишенбестен, компаниясындагы бардык жумушчуларды ишендире алат. Бул ага чоң ийгилик алып келген. Алгач компания АКШнын Федералдык резерв системасынын банктарындагы акчаны тынымсыз жүгүртүү максатында ачылган. Бирок иш жүзүндө келишимдер түзүлбөй, ошол бойдон калган. Ошондо ал 2 жүргүнчү учак сатып алып, аларды жүк ташууга ылайыктатып жасаткан. Ал каалагандай 24 саат бою почталык кызмат көрсөтүүчү компанияны ишке киргизиш башында абдан оор болгон. Себеби ага эч ким ишеним көрсөткөн да, эч ким идеясын колдогон да эмес. Анткени алар компания алгачкы 3-4 жыл ичинде эле 5-6 жолу банкрот болот деп ойлошкон. Бирок Фреддин өжөрлүгү жана тобокелдиктен коркпостугу жакшы натыйжа берген. Компанияны ишке киргизүүдө ал болгон 8,8 миллион доллар акчасын бүт жумшаган. 1973-жылы ишке кирген компания 1976-жылга чейин жалаң чыгымдарды гана алып келген. Демек, ошол жылдар эң оор мезгил болгон.

АК СӨӨК ЭКОНОМИСТ
Соичиро Хондага салыштырмалуу Фред Смит 1944-жылы 11-августта бай ак сөөктөрдүн үй-бүлөсүндө туулган. 4 жашында атасы каза болот. Төрөлгөндө эле Легга-Кальве-Пертес оорусу (кашка жиликтин башынын остеохондропатиясы) менен төрөлгөн. Андыктан кичинекей кезинде балдак менен басчу. Бирок ага карабастан, апасы анын спорт менен машыгуусун колдоп, жакшы тарбия берген. Ал күндөрү Фред тарыхка абдан кызыгып, бардык сабактардан эң мыкты бааларга окуйт.
Мектепти аяктаган соң Йель университетине тапшырып, экономика багытында билим алат. 21 жашында атасынан калган миллиондогон акчага ээ болот. Атасынын “даяр нерсеге көнбөй, эмгек кылып, өзүң акча тап” деген керээзин аткарып, болгон акчасын жаңы ишти баштоого жумшоону чечет. Университетти аяктагандан кийин чалгындоочу-учкуч болуп аскердик кызмат өтөйт жана Вьетнамдагы согушка катышат.

“ФЕДЕРАЛ ЭКСПРЕССТЕ” 250 МИҢДЕЙ КЫЗМАТКЕР БАР
Аскерден келгенде алгач “Арканзастын авиациясы” аттуу компания ачып, авиамоторлорду сатуу менен бизнес баштайт. Дал ошол иште жүргөндө ага жүк ташуучу компания ачуу идеясы келет. Себеби ал буйрутма кылган моторлордун убагында келбей калышы аябай жинин келтирчү.
Ошентип, 1973-жылы “Федерал Экспресс” компаниясынын башкы кеңсеси Мемфис шаарында ачылып, жолундагы бардык кыйынчылыктарды жеңип өттү. 1983-жылы компания жыл ичинде 1 миллиард доллар киреше тапса, 1990-жылы 10 миллиарддай киреше түшкөн. Бүгүнкү күндө жүктөрдү жана посылкаларды тез жеткирүү менен алектенген “FedEx” компаниясында 250 миңдей кызматкер эмгектенип, 210 өлкөдө кызмат көрсөтүп келет. Алардын ичинде Кыргызстанда да филиалы бар. Учурда Фред Смит үй-бүлөлүү жана 7 баланын атасы.

Азамат Абдраев
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
nasi
2011-09-06 10:06:36
ушундай адамдарды абдан сыйлайм
0
Cyldyzka
2011-09-14 14:49:15
kanday sonun
0
№ 461, 2-8-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан