Күз мезгилинде айымдардын баары кыштын камын көрүп, билген салаттарын жасап киришет. Айымдарга жардам иретинде биз өзгөчө оригиналдуу салаттардын рецепттерин, анда колдонуучу кээ бир пайдалуу кеңештерди сунуштайбыз.
БАКЛАЖАН ЗАКУСКЕСИ
Керектелүүчү азыктар:
Баклажан – 5 кг
Кызыл калемпир – 1 кг
Сарымсак – 300 гр
Укроп – 1 тутам
Уксус (9) – 200 мл
Кумшекер – 100 гр
Өсүмдүк майы – 1 л
Туз – 100 гр
Ачуу калемпир – 3-4 даана
Даярдоо жолу:
Баклажан – аз калориялуу жашылча болгондуктан, толуп кетүүдөн сактайт. Анын курамында калий көп болгондуктан, жүрөктүн иштешин жакшыртат. Мындан сырткары бөйрөк, боор, атеросклероз, остеохондроз, муун, жүрөк-кан тамыр ооруларына пайдалуу азык. Баклажан заара кубалоочу касиетке да ээ.
Сарымсак менен пиязды дайыма ченеми менен колдонгон адам жоон ичеги рагына жана жүрөк ооруларына чалдыкпайт. Аталган жашылчалар кандын курамындагы холестеринди азайтып, клеткалардын эрте картаюусунун алдын алат. Бул жашылчаларды чийки жеген өтө пайдалуу.
БАКЛАЖАН ТУУРАМЖЫСЫ ТОЛТУРУЛГАН КАЛЕМПИР
Керектелүүчү азыктар:
Болгар калемпири – 10 даана
Помидор ширеси – 1,5 литр
Баклажан – 500 грамм
Сабиз – 3 даана
Пияз – 2 баш
Өсүмдүк майы – 3 аш кашык
Даамына жараша туз
Даярдоо жолу:
Болгар калемпири С, А, В1, В2, В6, РР витаминдерине бай. Бул витаминдер кызыл жана сары түстөгү калемпирлерде көп болот. Болгар калемпиринин курамында минералдык туздар, натрий, темир, цинк, йод, фосфор, магний бар. Аталган жашылча чачтын өсүүсүнө, көрүү органдарына пайдалуу. Өзгөчө кант диабети, аз кандуулук, остеопороз дартына чалдыккандар үчүн эң керектүү азык. Иммунитетти чыңдайт.
КҮРҮЧ КОШУЛГАН САЛАТ
Керектелүүчү азыктар:
Помидор – 3 килограмм
Баклажан – 1 килограмм
Пияз – 500 грамм
Сабиз – 1 килограмм
Болгар калемпири – 1 килограмм
Сарымсак – 3-4 баш
Күрүч – 1 стакан
Уксус – 1 аш кашык (жарым стакан сууга аралаштыруу керек)
Татымына жараша туз
Даярдоо жолу:
Помидор С, В1, К жана РР витаминдерине бай. Помидордун курамындагы ликопен заты рак, жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алат жана мээнин иштешин жакшыртат.
Ошондой эле помидор бөйрөк, атеросклероз ооруларына даба. Мындан сырткары бул жашылча тамакты бат сиңиртүүчү, көңүлдү көтөрүп, депрессиядан чыгууга жардам берүүчү касиетке ээ. Ал эми сулуулук жаатында терини жашартып, бырыштарды жазат.
Сабиз организмди А витамини менен каржылап, көз жана териге өтө пайдалуу жашылча. А витамини сизди рак, жүрөк-кан тамыр ооруларынан сактап, сөөгүңүздү бекемдейт.
АЛМА ЖАНА САБИЗ АДЖИКАСЫ
Керектелүүчү азыктар:
Помидор – 3 килограмм
Кызыл болгар калемпири – 1 килограмм
Алма – 1 килограмм
Сабиз – 1 килограмм
Ачуу калемпир – 3 даана
Сарымсак – 3 баш
Кумшекер – 100 грамм
Өсүмдүк майы – 1 стакан
Укроп – 1 тутам
Даамына жараша туз
Даярдоо жолу:
Алма карылык менен чогуу өзүнөн өзү пайда болуучу ар кандай оорулардан, бүкүрөйүү, эс-тутумдун бузулушу, жакшы сүйлөй албай калуу жана башка оорулардан сактайт. Көпчүлүк пайдалуу витаминдер алманын кабыгында экенин да унутпаңыз.
Билип ал
УКСУСТУН ПАЙЫЗЫН КАНТИП АНЫКТОО КЕРЕК?
Базарларда, дүкөндөрдө көбүнчө 80, 70 уксустарды сатышат. Сизге 9 же 3 уксус керек болду дейли. Аны кантип даярдайсыз?
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg