ТАГДЫР ОЮНУ

МУРУНКУ САНДАРДАГЫ ОКУЯЛАР...

Биздин күндөр. Көл жээгине эс алууну максат кылып келген жаштар. Биздин каарман Аскатка суктанганга себептер жетишерлик эле. Ал – өлкөдөгү эң бай, таасирдүү саясатчы болгон Аскар Токтосуновичтин көзгө басар жалгыз уулу. Андан да сулуу, сулуулугунан да акылы ашкан Бегимайдын (Беманын) жүрөгүн толук ээлеген эле. Бул аз келгенсип, Аскат спорт менен машыгып, бир катар ири жеңиштерге жетишкен жигит. Тобунун лидери, калыс, жөнөкөй жигит Аскаттын жашоосу суктанарлык болгону менен, аны түйшөлткөн бир чоң маселе бар болчу. Кеп ошол табышмакты Аскат өзү менен кошо ала кеткенинде...
Каргашалуу ошол кечте Аскат Бегимайдын колун сурап, эки жаш жакында болор той тууралуу досторуна кабарлашат. Бирок эң жакын досу Азамат кызганычтан чыр чыгарып, Аскат менен мушташа кетет.
Эртеси эле Аскат өз бөлмөсүндө каза табат. Табышмак ушул жерден башталат. Алгач эле өзүнүн досу Азаматка шек түшөт. Анын ак экенин жакын достору жана Бегимай сезишкени менен, Азаматты адилетсиз өкүмдөн алып кала алышпайт.
Арадан жыл өтөт. Бегимайдын жаралуу жүрөгүн мезгил да айыктыра албайт. Ал Аскаттын өлүмү боюнча өз алдынча изилдөө жүргүзүп көрүүнү чечет. Мурун Аскат менен спорттук таймаштарда катышып жүргөн бирден бир атаандашы болгон Малик аттуу жигитке жолугат. Бирок башкы кылмышкер ал эмес экенин да сезет.
Баса, Аскаттын өлүмү Бегимайды гана түйшүккө салбады. Аскар Токтосунович жалгыз уулунун өлүмүнөн соң бул дүйнөнүн барына да, жогуна да кайыл болгондой абалда. Ал тургай жаш, эрке, сулуу аялы көз көрүнөө жаш жигиттер менен көңүл ачып жүргөнүн да байкабайт. А балким, байкагысы келбейт чыгар.
Ушундай күндөрдө Бегимайдын жакын курбусу Алина интернеттен малайзиялык кыргыз жигит менен таанышканын айтат. Курбусунун кыстоосу менен ал жигит менен байланышып калган Бегимай күндөн күнгө ага тартыла берет. Эмне үчүн? Өпкө-жүрөгүн ала жүгүргөн жигиттердин бирин да көз сала тиктеп койбогон бийкеч ал жигиттен эмне тапты? Деги эле экөөнү эмне байланыштырат? Суроо артынан суроо...

 

– Бема, токтосоң!- деп аркасынан кыйкырган Алинанын үнүн угуп, Бегимай аргасыз токтоду.
– Салам!
– Салам, сага жетем деп чуркап келе жатсамда байкабайсың да.
– Телефон чалсаң болбойт беле?
– Ага мээм жетпептир...- деген Алина кубанычтуу күлүңдөп алды. Мындайда жакшы жаңылык айтчу эле.
– Эмнеге анча сүйүнүп?..
– Азирет менен сүйлөштүм. Өзүнүн үнүн уктум. Эми анын үнү... Сөз менен айтып жеткире албайм.
Бир нерселерди быдылдап жаткан Алинаны тиктеп туруп, Бегимай көкүрөгүндө кызганыч сыяктуу бир нерсе ойгонгонун байкады. “Кызык, мен аны эмнеге кызганышым керек? Мен жинди болуп баратсам керек”. Алинанын алдында күнөө кылып койгондой өзүн оңтойсуз сезип кетти.
– Жүрү, жолдон айтып бересиң...- деген ал машинасын көздөй жөнөдү. Жанына отуруп бежиреп жаткан Алинага аргасыз кулак түрдү.
– Мен анын ой-боюна койбой жатып телефонун сурап алгам. Анан ал меникин алган. Мен чала электе өзү чалды. Баса, ал сенин телефонуңду да сурады...
– Меникин бербей эле кой,- деди бурк эткен Бегимай.
– Ха-ха-ха, мен эмне, сеникин берип жинди белем? Сенин үнүңдү укпай эле сен тууралуу бир күндө беш жолу сурайт. Үнүңдү укса...
– Алинка, жолдо баратабыз, жиниме тийбесең. Сенин малайзиялык жигитиң мага бир тыйын да кереги жок. Ал Аскаттын тырмагына да тең келбеген...- деп баратып көзүнөн жаш кантип ыргып кеткенин байкабай калды. Жини менен газды басты. Бул дагы бир өзүнүн жаман адаты. Алинанын көздөрү чоңоюп, рулга жабыша калды.
– Бема, токтот, мындай абалда айдабай эле койчу, суранам. Бема-аа, мен жашагым келет...- деген Алина коркконунан жалынып жиберди.
Жолдун жээгине токтоткон Бегимай рулга өбөктөй калып ыйлап жиберди. Көпкө ыйлады. Өзү эмнеге ыйлап жатканын деле түшүнгөн жок. Аскаткабы? Же Азиреткеби? Аскаттын карааны уламдан улам өчүп, ал ээлеген боштукту бейтааныш жигит ээлеп баратканына ичи күйүп ыйлады. Табияттан берилген тирүүчүлүктүн кербени уланып жатканына, өзү бул кубулушту, сезимдерди, эч нерсени өзгөртө албаганына ыйлады. Бир топто гана көз жашын сүртүп, Алинага күнөөлүү жылмайып койду.
– Кечирип кой, сага эле бугумду чыгара алам. Апамдардын көзүнчө, элестет, ушинтип ыйлап жатканымды. Сагындым, Аскатты. Эх, сен аны түшүнбөйсүң, курбум. Сени дагы коркутуп алдым.
– Болуптур, көнүп бүтпөдүмбү. Беманын дагы бир жиндилиги деп коём да. Сенин маанайыңды көтөрөм бүгүн. Меникилер бүгүн үйдө жок. Жүрү, силердикине барып, экөөбүз Азирет менен байланышабыз. Баса, ал мага сүрөтүн салып жибермек,- деди Алина.
Алинанын ар дайым көтөрүңкү көңүлү Бегимайга көп учурда жардамга келет. Экөө үйгө жөнөштү. Бегимайдын бөлмөсүнө кирип, интернетке асылган кыздарды көрүп, апасы адатынча урушуп кирди.
– Эй, күнү-түнү силерди интернет жипсиз байлады го. Баскыла, тамак ичип алып, анан отургула.
– Азыр, аяш апа. Биз тез эле барып калабыз,- деген Алина мониторго ого бетер жабыша көзүн албайт.
– Апа, азыр сага жардамдашам,- деп ордунан туруп бараткан Бегимай Алинанын көздөрү чоңоюп, оозун алаканы менен баса калганын байкады.
– Эй, сага эмне болду?- деди таң калган ал.
Алина көздөрүн алайткан боюнча мониторго башын жаңсай берди. Көз жүгүрткөн Бегимайдын өңү да кубара түштү.
– Кандайча? Бул эмне деген оюнуң?
– Азирет... Ал жиберген сүрөт... Мен... билбейм...
Мукактанган Алина эч нерсени түшүнө албай жан талаша башын чайкай берди.
Сүрөттө кыздарды жылмая тиктеп Аскат турган эле! Көздөрү тумандап барып жыгылып түшкөн Бегимай апасынын чыңырган үнүн, атасы “Тез жардам” чакырганын, Алина өзүнүн атын айтып ыйлап жатканын байкаган жок.

ххх

Акырын көзүн ачты. Кайрадан көзүн жуумп алып, апасы менен атасына акырын үн катты.
– Апа, мен жакшымын. Үйгө бара бергиле...
Алар чыгып кетишкен соң дарынын таасири менен катуу уктап кетти. Түшүндө Аскат кирип жаткан экен. “Кыйналдың, ээ, сен? Кыйнадым. Бирок аз калды. Сен туура жолдо баратасың. Болгону, жардам бере албайм. Баарын өзүң чечишиң керек” деп дагы бир топ нерселерди айтып жатты. Сөзүнүн аяк жагын уга албай, аркасынан ээрчип басайын деди эле караан уламдан улам ары жылып отурду. “Көлдө, баары Көлдө чечилет” деп узап кетти. Бул эмнеси? Бегимай баарынан качкысы келди. Узакка, узакка уктап калгысы келип жатты. Кайдан?.. Эки кулагын жаап, көзүн чылк жуумп алса да ойлонбой коё алабы? Көкүрөгү тыпырап, тынчтык бербеген суроолордон жарылып кетейин деп турат го. Көзүн ачпай бир топ жатты да, ордунан шарт туруп, кийинип алып палатасынан жылып чыкты.
– Сиз кайда?- деп жолун тоскон мээрман айымга:
– Мен жакшы болуп калдым. Кечиресиз, кечигип жатам,- деп ал сөзгө келгиче сыртка умтулду.
Үйүнө келип эле Азирет менен интернет аркылуу байланышка чыкты. Өзүн токтото албай кетти.
– Асик, бул сенсиң, мен сенин өлгөнүңө ишенген эмесмин, ишенбейм дагы. Бирок сенин бул кылыгың туурабы? Балким, себептери бардыр. Мейли, мен баарына макулмун. Суранам, кайрадан жашоомдон жоголбо. Сени издеген, сендей адамды издеген өтө оор экен,- деп жазды, саламдашып да отурбай.
– Бегимай, салам. Мен эч нерсени түшүнбө­дүм. Балким, мени кимдир бирөөгө окшоштуруп жаткан чыгарсың.
– Сен Аскатсың! Сен менин...
– Мен Азиретмин. Сүрөттөрүмдү дагы илип койдум. Сен издеген адамга окшош чыгармын. Бирок ал эмесмин. Жакшылап байкап көрсөң...
Бегимай сүрөттөрдү барактай берди. Кийими, турган чөйрөсү, чач жасалгасы башкачараак. А бирок Аскаттын өзү! Айрыкча жылмайганы окшош! Кабагы жарк дей түшүп, сүйрүрөөк келген көздөрү мээримге толуп кеткени, башын кыйшайтканы... Болгону, сүрөттөргө көйнөк, костюм кийип, галстук тагынып көп түшүптүр. А Аскат көп учурда спорттук күрмө, башына кепка кийчү. Жайы-кышы кепкасы башынан түшчү эмес. “Атамдын аркасы менен элге даңазалуумун. Ошон үчүн таанылгым келбейт. Ары мага ушундай жүргөн жагат” деп койчу.
Бегимай эмне кыларын билбей калды. Кайрадан далбастап, үмүтүн өчүргүсү келбей, суроолорду жаадырып баштады.
– Сен, балким, мени унутуп калган чыгарсың. Медицинада мындай нерселер болот дешет го. Өзүңдүн мурунку жылкы туулган күнүңдү эстеп көрчү.
– Туулган күнүм эсимде. Апам экөөбүз гана тосконбуз. Биздин үйдүн салты бар. Апам экөөбүз туулган күндөрүбүздү үйдө экөөбүз гана өткөзөбүз.
– Жок, сен туулган күнүңдү былтыр мени менен өткөргөнсүң. Экөөбүз тоого чыкканбыз. Эсиңдеби? Атаң сага жаңы машина белек кылган. Ошону менен шаарды айланганбыз. Эстесең...
Бегимайдын акылга сыйбас жоругунан жадап кеттиби, Азирет мындан ары байланышка чыкпай койду. Жини менен компьютерин өчүргөн Бегимай төшөгүнө кулады.
Тагдырдын мындай калпыс оюнун ал таптакыр күткөн эмес эле. Аягы кайда барып такаларын түшүнбөй турду.

ххх

Бегимай антип убара болуп жүргөндө Аида да өз көйгөйү менен алек эле. Боюндагы түйүлдүктүн айласын таба албай жатты. Адатынча дүкөн кыдырып, кечке сыртта жүргөн жаны эми үйгө камалды да калды. Бул Аскардын көз жаздымынан калган жок.
– Сен ооруп калсаң керек,- деди ал аялынын сулуу жүзүнө ынтаа коюп.
– Жок, болгону, чарчап турам,- чырт эте ары бурулган аялынын тулку боюн тиктеп алып, Аскар селт дей түштү.
– Сен... Сен мага эч нерсе айткың келбедиби?
– Эмне айтышым керек эле?
– Балким, жашооңдо мен билбеген бир өзгөрүү болду?..
– Эмне болуптур? Аркамдан канча жигитиң аңдып жүрөт го... Өзгөрүү болсо сага дароо жеткиришмек.
Аскар аялын карап туруп, капысынан каткырып жиберди. Айласыз, чарасыз башын чайкай аялына мыскылдуу кеп узатты.
– Байкушум, айе, менин жигиттерим аркаңдан жүрөт деп ойлойт экенсиң да. Карачы, кандай тайыз жансың?! Эгер сен тууралуу бир нерсе билиш керек болсо, башканы убара кылбай эле өзүм баарын билип алам. Сен мени жакшы билесиң да, туурабы?
Аида күйөөсүнө бир нерсе айтайын деп келе жатып тилин тиштеп токтоду. “Ха, эгер сен билүүнү кааласаң, билип алсаң керек эле. Бирок сен каалабайсың. Каалабаганың мага жакшы”.
Ордунан туруп, гүлдөргө суу куюмуш болуп күйөөсүнө далысын сала берди.
Аскар жаш аялын тиктеп туруп, аяп кетти. Аялын гана эмес, өзүн кошо аяды. Чынжырсыз байланат деген ушул экен да... Болбосо, экөө эки башка жан, эки башка дүйнө... Ойлогондору, кызыкчылыгы да башка. Өзүнөн 20 жаш кичүү! Балким, кептин баары ушунда болбосун. Бирок бул оюнан дароо кайтты. Мурун жаштыгына жоруп, өзүн алдачу, кийин табиятынан жеңил экенин, акылы тайыз, жан дүйнөсү кемтик экенин байкаган. Мындан канча жаш кичүү Бегимай менен салыштырып болбойт. Аскаты азамат, акылдуу жанды тандаган. Бирок буюрбаганын кара... А бул сырты жылтырак нерсе болсо болду, ошого алаксып, ошодон рахат алат. Ал эми тереңдикке, тээ жүрөктүн түбүндө жаткан адамдык чыныгы байлыкка таптакыр кызыкпайт.
– Бүгүн жумушка барбайсыңбы?- деген Аиданын үнүн укту.
– Барам.
– Мен курбуларым менен бир жакка барат элем. Балким, кеч келем. Андыктан...
– Өтө кеч калба, жолдо кырсыктар көп болуп жатыптыр,- деген Аскар дагы бир жолу Аиданын тулку боюн сынай тиктеди.
– Эне болуу сага жакшы жарашса керек эле, ээ?- деди табышмактата сүйлөгөн Аскар.
Аида талуу жерине бирөө сайып жибергендей жүрөгү оозуна тыгыла түштү. “А балким, бул баарын билет. Өлдүм!” деп ойлоду.
– Болбогон нерсени айтасың да.
– Ким билет?- деп ийинин куушурган Аскар чыгып кетти. Аркасынан узата тигилген ал жан сакчылары менен машинага отурар замат креслого шалак эте боюн таштады. “Тез арада алдырып салуу керек. Тобокелчиликке салып болбойт” деген ал ошол замат колдору телефонго жабышты. Бардык клиникаларга чалып баштады. Өзү ишенимдүү деп эсептеген, анонимдүүлүккө кепил болушкан соң гана атактуу врачтын клиникасына токтолду.
Эртеси кабыл алууга жазылган Аида клиникада пайда болду.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
NurUmar
2011-09-05 09:48:07
Mina saga, jandirmaksiz tabiwmak. Aziret apasi ekoo jalgiz bolso zna4it Askattin bir tuugani ili egizegi. Mina saga, jandirmaksiz tabiwmak. Aziret apasi ekoo jalgiz bolso zna4it Askattin bir tuugani ili egizegi.
0
bekber
2011-09-05 11:03:22
Супер муну кайдан тапкансынар,барган сайын табышмактууСупер муну кайдан тапкансынар,барган сайын табышмактуу
0
operaledi
2011-09-05 17:19:40
Эгиздер го деп койдум
0
deardear
2011-09-05 20:13:00
башым ман болду :))
0
Аида
2011-09-05 22:33:45
Бул чыгармага эми тушуно баштадым,кыш сонатасы (корей сериалы)нан алып жазылган турбайбы.
0
Evelet
2011-09-06 07:15:17
Азырынча эч нерсе айтбай эле коеюнчу. Бирок аябай табышмактуу болуп кетти елки.
0
Fekus
2011-09-06 18:09:46
Балким Аскат олбогон чыгар..........
0
skatoruk
2011-09-07 12:11:12
алар эгиздер точно
0
Bombarbio
2011-09-20 17:19:33
Бул сериал "Кыш сонатасы"аттуу корей сериалынын бир аз озгортулгон кочурмосу.Ишенбесенер дисктери чыккан алып коргуло.Махабат тууралуу эн бир таасирдуу корей сериалы
0
№ 461, 2-8-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан