Сприптиз көп кылымдык тарыхка ээ. Байыркы кезде Кудайга сыйынууда атайын ырым-жырым катары колдонулса, кийин көңүл ачуу жаатында пайдаланууга өткөн. Анда стриптиздин өткөнү, бүгүнкүсүнө көз чаптыралы.
“Стриптиз” – англис сөзү,
“strip” – “чечинүү”,
“tease” – “дүүлүктүрүү” дегенди билдирет
ЧЫГЫШТА
Бул искусство көп кылымдык тарыхка ээ. Байыркы Египетте Осирис Кудайына сыйынуу кезинде эл ырдап, бийлешкен. Кийимдерин четинен чече берип, акырында жылаңач калууну алар Кудайга жага турган иш деп эсептешкен.
19-КЫЛЫМДА
19-кылымда Европада заманбап стриптиздин прототиби француз канканы (бий түрү) бийлене баштаган. Канканды аткаруучу “Мулен руж” жайы Парижде 1889-жылы ачылат. Буттар баштан өйдө көтөрүлүүчү бийлер аткарылгандыгы үчүн “Мулен руж” бир түндө эле популярдуу болуп чыга келет. Гезиттер бийди “арткы шыйрагын даракка өйдө көтөргөн иттин кыймылындай” деп сынап жазышат. Бирок көрүүчүлөрдүн саны күндөн-күнгө арбыйт. Анткени ал учурда ачык кийинүүгө моралдык эрежелер жол бербегендиктен, эркектер бийдин арты менен улам бир бөлүгү көрүнүп турган денени көрүүгө куштар болушчу.
Өзгөчө Луиза Вебер атактуу болгон. Ал бийлеп жатып жибектен жасалган байпактуу бутун башынан өйдө көтөргөн сайын юбкасынын алдынан чеберлик менен кооздолгон тор ич кийими, апакай сандары бүт көрүнчү. Эркектер ансайын анын денесин көрүүгө кумарлары ашчу. Акырында кыйкырып туруп, шпагатка отурганда зал жарыла түшчү экен. Бир ирет Луиза бий учурунда ханзаада Гальскийдин шляпасын бутунун учу менен илип алганы да бар.
СТОЛДОГУ БИЙ
1893-жылы “Мулен ружда” алгач ирет стриптиз көрсөтүлөт. Сүрөтчүлөргө денесин жылаңач тарттырууга көнүшкөн Манон Лавиль менен Сара Браун столго чыгып бийлөөнү чечишет. Алар жарым жылаңач денелерин көрсөтүп бийлешет да, акырындап чечинип отуруп жыпжылаңач калышат.
АРБООЧУ “ЭКЗОТИКА”
1905-жылы Париждин сахнасында кайталангыс Мата Хари пайда болот. Ал ушунчалык берилип бийлей да, бийи жана денеси менен эркектерди болуп көрбөгөндөй дүүлүктүрө да алган. Акырында жылаңач калганда залдагы эркектер аны көздөй гүл желекчелерин жаадырып, жылаңач денесин көздөй колдорун созуп, ызы-чуу түшүшчү.
Ал куртизанка катары жогорку чиндеги аскер адамдары жана таасирлүү өлкө жетекчилери (Франция, Германиянын да) менен мамиле курган.
ТАҢ КАЛЫЧТУУ ЭЛЕМЕНТТЕР КОШТОГОН ЭРОТИКА
1920-жылдары Берлинде бийчи жана киноактриса Анита Бербер жашаган. Анын күйөөсү гомосексуалист болгон . Экөө убак-убагы менен шоу өткөрүп, анда жылаңач бийлеше турган.
Ушул эле учурда Парижде Жозефин Бейкер – кара терилүү кыз атактуу эле. Ал болгону кыска юбка кийип гана бийлечү.
Англияда бийчилер кийимчен бийлешкени менен, акырында жылаңач калыша турган. Болгону, булар уяттуу жерлерин желпигич же шурулар менен жаап алышчу.
Ошентип, 20-жылдары бий стриптизге айланат.
60-жылдары порно индустрия өнүгүп, стриптиздин популярдуулугу төмөндөйт. Ошондо клуб ээлери сахнага 35тен кызды бир чыгарып, жылаңач бийлете башташат. Кыздар жыныстык катнашуунун түрлөрүн бий аркылуу берип, эркектердин көңүлүн ала башташат. 90-жылдардын аягында комедиялуу жана оюн стриптиздери жаралат. 21-кылымда стриптиз өнүгөт. Стриптиз-шоулор жаралып, ал тургай сахналаштырылып да баштайт.
ПИЛОН ТУУРАЛУУ
Стриптиз клубдагы атайын тирөөч (шест) пилон деп аталат. “Пилон” грек сөзү – бизче “дарбаза” дегенди түшүндүрөт. Байыркы Египетте храмдын эки тарабына тургузулчу. Тирөөчтөр бийик келип, тукумдап көбөйүүнүн символу болгон. Тактап айтканда, тирөөч фаллостун (эркектин жасалма мүчөсү) символу болуп эсептелген.
КЫЗЫКТУУ
ЭРОТИКА ЭМИ ТАБЫТТЫН ЖАРНАМАСЫНДА
Өлүмдөн коркуу жана сексти каалоо – дүйнөдөгү башкы күчтөр болуп саналат жана бири-бирине коошпогон нерсе. Бирок дал ушул эки күчтү Италиянын “Cofani Funebri” аттуу табыт жасап, сатуучу компаниясы бириктирүүдө. Анткени компания 2012-жылга карата табыттын жарнамасын эротикалык календарга жайгаштырууну көздөөдө. Учурда компаниянын 2011-жыл үчүн чыгарылган мына ушундай календарлары дале сатыкта.
МЕЙМАНКАНАЛАРДА СЕКС-ОЮНЧУКТАР ТАРТУУЛАНУУДА
Швециянын Стокгольм шаарындагы “Berns” конок үйү келген конокторго чай, кофе, суусундуктардан башка да төшөк оюнуна керектүү нерселерди сунуштоодо. Алып айтсак, бел кубатты көтөрүүчү каражаттар, колго-бутка тагылуучу кишендер, вибраторлор конокторго сөзсүз берилүүчү тизмеге киргизилген.
Конок үйүнүн мындай кызматын коомчулук ар кандай кабыл алууда. Кээ бирлери “сексте уят эч нерсе жок” дешсе, кээлери “бул деген сойкулукту жарнамалоого бир кадам эмеспи?!” дешүүдө. Айтор, эл сөз кылууда, конок үйү өз бизнесин жүргүзүүдө.
Урматтуу айымдар, суткада 24 саат бар. Эгер сиз эркектен бир нерсени кааласаңыз, керектүү убакыт-саатты күтүшүңүз керек.
07:00 – секс үчүн
Уйку маалында эркектердин канында тестостерондун деңгээли көтөрүлөт. Бул деген ойгонгон эркек аялды ушунчалык каалайт дегендик. Болгону, ишке кечикпегенге аракет кылуу керек.
11:00 – үй жумуштары үчүн
Чак түшкө жакын эркектерде кортизол гормонунун деңгээли өсөт. Бул гормон энергия менен күчкө жооп берет. Демек, эркек тоону томкорор маал. Андыктан шкафты же текчени илүү же огороддо бир иштерди бүткөрүү керек болсо, күйөөңүздү колдонуп калыңыз.
14:00 – сүйлөшүү маалы
Тестостерондун деңгээли акырындап төмөндөп, түштө минимумга жетет. Азырынча эркектин маанайы көтөрүлүп, жайдары болуп турган кез. Андыктан убакытты кетирбей пайдалануу кажет. Эмнени талкуулап, эмнени кеңешүү керек болсо баштай бериңиз. Мүмкүн, жибитип сүйлөп отуруп, каалаган буюмуңузду сатып берүүгө көндүрөсүз.
20:00 – көңүл аччу маал
Бул убакта сүйүктүүңүздүн эси-дарты уктаар алдында эмне менен алаксууда болот. Өзүндө идеясы жок болсо, анда бир нерселерди ойлоп таап чогуу ойноңуз, тамашалашыңыз, сканворд чечиңиз. Эгер буларга көңүл чаппаса, анда экөөңүздөр керебетке бет алыңыздар. Түн сиздердики...
Кээ бир жубайларга уктаар алдында кээде эротикалык фильмдерди чогуу көрүү жагымдуу.
Астра Айдарова
erotika@super.kg