Чемпиондук үчүн быйылкы сезондо да 9 команда ат салышты. Адаттагыдай эле күрөш эки команданын гана ортосунда жүрдү. Канттык “Абдыш-Ата” чемпионаттын жүрүшүндө 8-турдан кийин упай жагынан алдыга озуп чыгып, узак убакыт көч башында болсо да, жыйынтыгында чемпион боло алган жок. Чемпионду аныктоочу “Алтын беттеште” “дордойчулар” 1:0 эсебинде жеңишке жетишип, 5 жолу катары менен чемпион аталышты. Оюндун 45-мүнөтүндө “Абдыш-Атанын” оюнчусу Валерий Березовскийдин дарбазачыга ыңгайсыз абалдан узатып берүүсүнө “дордойчу” Мирлан Мурзаев дарбазачыдан мурда топко жетип, аны дарбазага багыттап койду. “Дордой-Динамонун” экс-футболчусу Валерийдин мындай “белеги” командасына кымбатка турса, Мирландын голу “алтын голго” тете болду. Натыйжада, мындай катачылык чемпиондук беттештин тагдырын чечип койду. Ошентип, былтыркыдай эле “Дордой-Динамо” чемпион болсо, канттыктар чемпионаттын күмүш медалдарына ээ болушту. Ал эми 3-орунду Оштун “Алай” командасы ээледи. Жыйынтыктап айтканда, азырынча 2004-жылдан бери өлкөбүздүн биринчилигинде үстөмдүгүн орнотуп келаткан “Дордой-Динамого” атаандаш жок.
«Кыргызстандын ишенген футболчусу болгум келет»
Биз бүгүн сиздерди жыйынтыкталган өлкөбүздүн биринчилигинин ачылыш-футболчусу, “Дордой-Динамонун” ишенген коргоочуларынын бири Азамат Байматов менен тааныштырабыз.
Байматов Азамат Асылбекович 1988-жылдын 3-декабрында Ош шаарында төрөлгөн. Бою – 185 сантиметр, салмагы – 75 килограмм.
“Дордой-Динамонун” курамында Кыргызстандын Көз карандысыздык кубогунун жана АФКнын президентинин кубогунун күмүш медалдарынын ээси, Кыргызстандын чемпиону.
Катар номери – 8.
Спорттогу жана жашоодогу кумири – Дэвид Бекхэм.
Күйөрмандык кылган командасы – “Ювентус” (Италия).
КМЮАнын 3-курсунун студенти.
Бойдок.
Учурда Бишкекте жашайт.
Оштун “Алай” командасынын тарбиялануучусу Азамат футбол менен 10 жашынан баштап алектенет. Жаштар арасында эл аралык жана өлкөбүздө өткөн түрдүү мелдештерге катышып, жеңүүчү аталган. Профессионалдык карьерасын “Алайда” баштаган футболчу мыкты аракеттеринен улам өлкөбүздүн башкы командасынын селекционерлеринин көзүнө түшөт. Футболдун сырларын жашынан эле мыкты машыктыруучулардан үйрөнгөн каарманыбыз жаңы командада тез арада негизги курамдын оюнчусуна айланып, чет элдик легионерлерди запаска отургузуп койду. Быйылкы чемпионаттын жыйынтыгында ал “Жылдын мыкты футболчусу” болууга да талапкерлердин катарында. Командалаштарынан оюндун жүрүшүн мыкты өздөштүрө алуусу менен айырмаланат.
– Азамат, футболчу болуп калышыңа ким себепчи болгон деп эсептейсиң?
– Негизи, мен спортту сүйгөн үй-бүлөдө өсүп-чоңойдум десем болот. Биздин уруубузда, үй-бүлөбүздө футболчу болгон эч ким жок. Бирок, ата-энем спортко өтө жакын адамдар. Алар спорт менен өз алдынча алектенип жүрүшөт. Ал эми “Алайдагы” машыктыруучум Владимир Власичевдин менин спортко, башкача айтканда, футболго келишиме таасири чоң. Анын мага: “Ар бир адамдын Кудай тарабынан берилген таланты болот. Сен футбол ойношуң керек. Анткени, сенин футболго талантың бар”, - дегени мага дем-күч берген. Анын ушул айтканынан кийин өзүмө ишенип, чоң бийиктиктерге жетишүүнү максат кылгам.
– Адатта топтун артынан кубалап жүргөн балдар окуу жагынан аксап калчу эле...
– Бала чагымдан эле прокурор болом дегендиктен, мектепте жакшы окугам. Чынын айтсам, биология, химия, физикага анча кызыкпай, “4” деген баалар аралашып кетчү. Калган сабактарды жалаң “5ке” окучумун. Кийин жогорку окуу жайга тапшырып жатканда сынакта 200 абитуриенттин ичинен 3-орунду ээлегенимде баары таң калышкан.
– Алгачкы жолу оюнга чыккан күнүң эсиңдеби?
– Профессионал футболдогу алгачкы дебютумда 16 жашымда “Алайдын” курамында Кызыл-Кыянын “Шахтёр” командасына каршы оюнга чыккам. Оюнда жарым коргоочу болгонума карабастан, командабызга жеңиш алып келген голду киргизип, оюндун каарманы болгом. Бул оюнга биринчи жолу үй-бүлөмдү чакырган элем. Жакшы ойногонум үчүн эң көп өлчөмдө 900 сом сыйлык алгам. Ошентип, карьерамдагы алгачкы оюн унутулгус башталган.
– Азыр эмне үчүн коргоочу болуп алдың?
– Мен алгач жарым коргоочу болуп баштагам. Быйыл кышында “Дордойго” келип кошулганда башкы машыктыруучу менин жөндөмүмдү байкап, коргоочулук орунга коё баштады. Ошентип, анын көрсөтмөсү боюнча коргоочу болуп калдым. Негизи, баары эле чабуулчу болуп, гол киргизүүнү каалайт. Футболдо коргонуунун мааниси зор деп ойлойм. Анткени, коргонууда мыкты ойноп гол өткөрбөсөң, бул – тең чыгуу дегендик.
– Быйыл “Дордойго” сени менен кошо чет өлкөдөн 9 легионер келип кошулган. АФКнын президентинин кубогунун алдында Сергей Дворянков: “Командада алмаштыргыс бир гана футболчу бар. Ал – Азамат Байматов”, - деген эле. Биринчи эле сезондо кантип негизги курамдын оюнчусуна айлана алдың?
– Мени мындайга талыкпаган эмгек жана өз ишиме чын жүрөктөн берилгендик жеткирди. Мен командага келип кошулганда жаштыгыма карабастан, тырышып машыгып, машыктыруучулардын көрсөтмөлөрүн туура аткарууга аракет кылгам. Бир сөз менен айтканда, жөн гана өз ишимди так аткаргам. Ал эми орусиялык тажрыйбалуу адис болгон башкы машыктыруучубуздун мага болгон жакшы баасы мен үчүн сыймык. Мындай ишенич мени дагы да болсо шыктандырат демекчимин.
– Алдыга койгон кандай максаттарың бар?
– Буюрса, Эл аралык деңгээлге чыгуу тилегим бар. Учурда командабыздын бир катар оюнчуларына орусиялык клубдардын кызыгуусу пайда болуп, кароодо жүргөндүгүбүздөн кабарыбыз бар. Алардын ичинде мен да бармын. Кышында өтө турган Шериктештик кубогун чыдамсыздык менен күтүп жатам. Анткени, ошондо түрдүү клубдардын селекционерлери таланттуу жаш футболчуларды жакындан байкоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
– Азамат, эми сөз аягында жеке жашооң тууралуу кеп кылбасак болбос. Сүйлөшкөн кызың барбы?
– Ооба, жүрөгүмдү ээлеген жакын адамым бар. Аты – Аида. Ал назик, жароокер, ажарлуу кыз жана дайыма мени түшүнүп, колдоп турат.
Даярдаган Базарбек Абдураимов e-mail: sport@super.kg