Мындай мазмундагы каттар менен кайрылгандар көп болгондуктан, «Sex-шоптор» жана андагы товарлар, баалары жана башкалар тууралуу кененирээк маалымат берүүнү чечтик.
Презервативдер
Дүкөндөрдөн эркектердин жана аялдардын жасалма мүчөлөрүн, презервативдерди, жасалма эмчектерди, дүүлүктүрүүчү майларды жана башкаларды таба аласыз.
Презервативдер, албетте, бойго бүтүүдөн сактагандан тышкары, ар кандай жыныстык жол менен жугуучу оорулардан да сактаары айкын. Анткени, алар түрдүү микробдорду, башкача айтканда, оору козгогучтарды өлтүрүп жок кылуучу дары майлар менен майланып коюлган. Презервативдердин түркүн түстөгүсү, жадакалса катуусу да бар.
Бааларына келсек: эң жөнөкөйлөрү 20 сом, үч даанадан тургандарынын кутусу 60-80 сом, музыкалуулары 300-500, жанып туруучусу 80 сомдон. Ал эми аялдарга көбүрөөк рахат тартуулоочу “кабыргалуу”, “контурдуу”, “массаждоочу”, “муруттуулары” 3 даанадан бир кутуга салынып, баалары 120-140 сомго чейин.
Ал эми сапаты жагынан эң жогору деп саналгандары кутуга 3төн салынып, баалары 150 сомдун тегерегинде. Катуу презервативдер эркектердин төшөктөгү өнөгүн жыргалга жеткизүүсүнө салым кошорун эскерте кетели. Баалары түрдүүчө.
Экзотиканы сүйүүчүлөр үчүн жер-жемиш жыттангандарынын (мисалы, ананас, коон) даанасы 140 сомдун тегерегинде. Булардын көбү Кытайда, Кореяда жасалгандар жана суроо-талапка ылайык бирде аз, бирде көп алынып келинет.
Эркектердин жасалма жыныс мүчөлөрү
Чет өлкөлөрдөгүдөй болуп ток менен иштөөчү жасалма мүчөлөр табылбаганы менен, батарея менен иштөөчү вибраторлордун түрүн табасыз. Карасынан баштап, түркүн түстөгүсү бар.Өлчөмдөрү түрдүүчө. Узундуктары көбүнчө 18 сантиметр. Ошондой эле, табитке жараша жоону, ичкеси, жумшагы, катуусу да табылат.
Жөнөкөйлөрү жасалган материалына жараша 1800 сомдон 2200гө чейин. Орточо баадагылары 2300-2800 сом. Эң мыкты материалдан жасалган сапаттуусу 2700дөн 4800 сомго чейин. Ал эми аялдардын жыныс тилчесин массаждоочусу бар батареялууларынын эң жакшысы 4500 сомдун тегерегинде. Ичинде 7 түстүү (кызыл, кара, сыя ж.б.) эркектин жасалма мүчөсү бар батареялуу топтом 5500 сомдун айланасында. Жасалма мүчөлөрдүн бири кыска, экинчиси узун, бири жоон, экинчиси ичке дегендей... Капкара өңдөгү эң сапаттуусун каалагандар үчүн да вибраторлор бар. Баалары 3000-3200 сомдон.
Материалдары: латекс, силикон.
Кошумча: дүкөнчүлөрдүн берген маалыматына караганда, жасалма жыныс мүчөлөрдү көбүнчө 40-45 жаш тегерегиндеги аял, эркектер сатып алышат.
Аялдардын жасалма мүчөлөрү
Эркектердин жасалма мүчөлөрүнө караганда булардын түрлөрү өтө аз жана сырттан аз алынып келинет. Аздыгына жараша баалары да кымбат. Мисалы, бою эки карыштай келип, эмчек менен жасалма мүчөдөн турган вибраторлуусунун арзаны 2700-3000 сом. Ал эми вибраторлуу сапаттуусу 5000-5500 сом. Жасалма жыныстык мүчөнүн сапаттуусу 3700-4000 сом.
Материалдары: силикон, латекс.
Үйлөнмө секс-куурчактар
Мындай каражаттар аз алынып келингендиктен, тартыш десек жарашчудай. Керек учурда үйлөп, «аялга айландырып», колдонгон соң жууп-тазалап, бүктөп койгонго ыңгайлуу. Мындай куурчактардын жыныс кыны ичине орнотулган батареянын жардамы менен 37 градуска чейин ысып, эркекке болуп көрбөгөндөй рахат тартуулай алат. Жасалган материалдары жана кайдан алынып келингендери жашыруун. Бирок, сатуучулардын маалыматына көңүл бурсак, Орусиядан чыккандарына талап көп. Баалары 5000-6000 сомдун тегерегинде.
Аялдар үчүн жасалма эмчектер
Акчасы бар, бирок, “көкүрөгүм кичине, ошондуктан, эркектерге жакпайм” же “ кийсем кийим жарашпайт” деген айымдар жана бийкечтер бул жаатында эч ойлонбой туруп эмчектеринин көлөмдөрүн чоңойтуп алууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Анткени, силикондон жасалган жасалма эмчектер сиздердин «куткаруучу досторуңуздар» боло алат.
Орусиядан жасалган чоң өлчөмдөгү бир жуп мындай жасалма мүчө 6000 сомдун тегерегинде болсо, эң кичине өлчөмдөгүсү 2200 сом турат. Айта кетчү нерсе, пластикалык операция жасатып, көкүрөктү чоңойтууга караганда, мындай жасалма мүчөнүн эч кандай зыяны жок (пластикалык операциядан кийин шишик пайда болуусу мүмкүн). Муну эмчектин үстүнө чаптап койсо, өз денеңден айырмасы жок болуп калат. Үстүнөн көкүрөк тарткыч тартынып алып, чуркамак түгүл секирип бийлесең да, оңтойсуздук жаратпайт.
Аналдык жасалма мүчө
Силикондон жасалган мындай мүчө 1500 сомдон 3000 сомго чейин. Бул каражаттарга башкалардан айырмалынып, гейлердин талаптары чоң экендиги айтпасак да белгилүү.
Аялдарга жыргал тартуулоочу каражаттар
Жипке өткөзүлгөн түрдүү түстөгү шарикчелер, эркектердин жыныс мүчөсүнө кийгизилип коюлуучу шакекчелер, тикенектүү түтүк сымалдары жана башкалар бар. Баалары ар түрдүү. Мисалы, тикенектүү шакекченин даанасы материалына жараша 200 сомдон 350 сомго чейин. Шарикчелердин даанасы 450 сомго чейин.
Материалдары силикондон.
Эротикалык сувенирлер
Түрлөрү көп, баалары да ар кандай. Мисалы, туалетте отурган оюнчук кыз 700 сом. Кыздардын эротикалык сүрөттөрү түшүрүлгөн карталар 150нүн, ачкыч таккычтар 170, ручкалар 180-200 сомдун тегерегинде. Эң арзан кичинекей сувенирлер 100 сомдон. Баары чет жактан алынып келингендер.
Эротикалык атырлар
Аялдар үчүн атырлардын орточо баасы 800-1200, ал эми жакшы дегендери 1500 сомдун тегерегинде. Эркектердики арзаныраак, башкача айтканда, 500-1000 сомдун айланасында. Бирок, аялдар үчүн да, эркектер үчүн да кымбат дезодорант тапса болот. Баалары 2400-2800 сомго чейин.
Дүүлүктүрүүчү каражаттар
Таблеткалар, дарылоочу-майлоочу майлар, тамчылатып ичүүчү суюк дарылар, упа түрүндөгү дарылар сатылат. Баалары ар түрдүүчө. Мисалы, дүүлүктүрүүчү дарылардын “Үлүл” аттуусу 750 сом болсо, “Эркектин формуласы” 800 сом. Ошондой эле 1300, 1700, 2000 сомдуктары да кездешет.
Тескерисинче, дүүлүгүнү басып коюучу же төшөк рахатынын көпкө созулушун камсыз кылуучулары да бар. Баалары 300-1100 сомдун тегерегинде.
Ал эми венерикалык оорулардан сактап, профилактика үчүн колдонулуучу дарылар 250 сомдон өйдө.
«Садисттер» жана «мозахисттер» үчүн каражаттар
Моюнга тагылуучу кур 2300 сом, бутка салынуучу бир жуп кур (кишен) 1700-2300 сомго чейин. Кол үчүн бир жуп кишен 650-1200 сом.
Эротикалык сүрөттүү китептер
“Секс библиясы” – 1540 сом, “XXI кылымдын Камасутрасы” – 1200 сом, “Кытай секси” – 1300 сом, “Позициялар” – 1600, “Франция эротикасы” – 1150 сом жана башка.
Эскертүү: дүкөнчөлөрдүн маалыматына караганда, жогоруда аты аталган товарлардын абдан көп бөлүгү арзандыгына карап Кытайдан алынып келинет. Кымбаттыгына байланыштуу Орусиядан, Германиядан жана башка өлкөлөрдөн алынып келинген товарлар аз.
Бул товарлар эмне үчүн керек? Зыяны жокпу?
Мына ушинтип, дүкөндөрдөгү товарлар боюнча кыскача тааныштырууну бүттүк.
Эми “бул жасалма жыныс мүчөлөрдүн ден соолукка зыяны жокпу, көбүнчө кимдер пайдаланышы мүмкүн?” деген суроолор боюнча сексопатологго кайрылдык. Адистин жообу:
– Мындай жасалма мүчөлөр жыныстык жактан жугуучу оорулардан, ал тургай эң коркунучтуу СПИДден да сактайт. Бири-биринен дене кумарын ала алышпаган жубайлар жана кесиби же башка иштери боюнча жыныстык катнашка мүмкүнчүлүктөрү жок калгандарга (геологдор, альпинисттер, моряктар, аскер кызматкерлери, майып адамдар, узакка командировкада же саякатта жүргөндөр ж.б.) табылгыс курал. Бир жаман жери, мындай жасалма мүчөгө көнүп калгандар кадимки жол менен рахат алууну каалабай калуулары мүмкүн. Булар медициналык жактан текшерүүдөн өткөн материалдардан жасалгандыктан, коркунучсуз. Ал эми дарылардын ичинде жасалмалары болушу мүмкүн. Эскерте кетчү нерсе, мындай каражаттарды гигиеналык жактан таза кармоо керек. Болбосо, микробдор топтолуп калып, сезгенүүгө алып келүүсү мүмкүн.
Даярдаган Венера Камалова