– Урмат, саламатсыңбы?
– Саламатчылык. Бул ким экен?
– Урмат, мен сага бир маанилүү жумуш менен чалып жаттым эле.
– Айта бериңиз, кулагым сизде.
– Менин 17 жаштагы Жылдыз деген кызым бар. Жападан жалгыз кызым. Чырактай, мөлтүрөгөн сулуу кыз. Бирок... Тубаса жүрөк оорулуу. Дарыгерлер “дары-дармек менен кармасаңар бир-бир жарым жылдык өмүрү калды” дешкен. Бирок, аны байкуш кызым билбейт. (Ролду катыра аткарган биздин кыз солуктап ыйлай баштады).
– Ий, жаман болуптур, эже, ыйлабаңыз. Медицина деле жаңылып калышы мүмкүн да. Далай адамды ушинтип ооруканадан чыгарып коюп, бирок, алар айыгып кеткен учурлар деле көп эмеспи. Балким, туура эмес диагноз коюп алышкандыр.
– Ыйлабаганда эмне кылам? Жалгыз кызым ушундай тагдырга туш болуп калды. Биз, атасы экөөбүз, анын кабагы бүркөлүп, кирпиги суу болбосун деп көзүн эле карап жашап жатабыз.
– Эже, ыйлабаңызчы! Сиз ыйласаңыз мен биякта жаман болуп кетип жатам. Менден бир жардам керек беле?
– Сага чалганымдын себеби, кызым сени жанындай көрөт. Үй толо сенин сүрөттөрүң чапталган. Дисктеги ырларыңды үнүн болушунча коюп, сени менен кошо ырдайт, ыйлачу жеринде ыйлайт.
– Рахмат, эже, менин ушундай талантымды сыйлаган күйөрманым бар экени кубанычтуу. Бирок, анын оорулуу экени мени да кайгыга салды. Оору деле айтып келбейт экен да. Айтканыңызга караганда, кызыңызды дарылатууга мүмкүнчүлүгүңүздөр бар экен. Чөп-чар менен дарылагандарга деле кайрылып көрсөңүздөр...
(Биздин каарман Урматтын сөздөрүнөн улам ого бетер токтоно албай ыйлай баштады)
– Эжеке, коюңузчу, ыйлабаңызчы! Менден эмне кызмат күтөсүз, айтыңыз, колдон келе турган жардамды берүүгө даярмын?!
– Рахмат, Урмат, жылуу сөздөрүңө. Кайдагы бир бейтааныш аял чалып алып “кызым сени сүйөт” деп жатса ишенбей, таң калып жаткандырсың. Кантейин, башка айлам жок. Гезиттердеги Бактыгүл менен Нелянын сени менен сүйлөшүп жүрүшөрү жөнүндө жазылгандарды окуганда кызым соолуп эле ыйлап жатып калат. Атасы экөөбүз түндү түн дебей, күндү күн дебей ооруканага алып жөнөйбүз.
– Ой, эже, бул жерде алардын эмне тиешеси бар? Эл түрдүү кепти айта берет да. Мен ырларымдын жыйнагын диск кылып чыгарган жаттым эле. Плакат да заказ бергем. Ошолорду шаштырайын. Алар даяр болгондо кызыңызга барып жолугуп, белек кылайын.
– Урмат, сен экөөбүздүн сүйлөшүп жатканыбызды кызым билбейт. Биз “Гималай” кафеси жакта жашайбыз. Кызым ошол кафеге курбулары менен көп барат. Кафеге барып кызымды сыртынан көрүп жактырып калган болуп таанышпайсыңбы? Аз күндүк өмүрү калганын билбей ал бечарам “Урмат менин жигитим болуп калса, бактылуу болот элем” деп жүрбөйбү. Ал сөздөрүн уксам эзилип кетем. Кызымдын аз өмүрү сүйгөн адамы менен өтсө экен деген эле тилегим. Бирок, сени менен сүйлөшкөнүмдү кызым билсе капа болот.
– Жок, эже, мен ал кафеге көп барбайм. Кызы менен энеси сырдаш болушат эмеспи. Андан көрө баарын ачык айтып, мени жолуктурбайсыздарбы? Кызыңыз менен жакшы тааныштардан болуп каларбыз. Сөзсүз эле кыз-жигит болуш шарт эмес да.
– Мен ага айткандан көрө сен капыстан жолугуп, аны жактырып калсаң, аз күндүк өмүрү калган кызымды кандай гана бактылуу кылган болор элең. Атасы экөөбүз кандай болсо дагы кызыбыздын бактылуу жүзүн көргүбүз келет.
– Эже, театрлаштыруунун эмне кереги бар? Мен сизге айтып жатпаймынбы, сүйүп калган адам катары эмес, ырчы же жөн эле агасы катары белек-бечкегимди көтөрүп барып, көңүлүн алып келейин.
– Улуу башым менен ушундай ишке барып жатканымды жакшы эле түшүндүргөндөй болдум. Кызымдын аз өмүрү калды деп жатпаймынбы. Ал бул дүйнөдөн өтүп кетсе да, артында сүйгөн адамынан туяк калышын атасы экөөбүз тең каалайбыз. Атасы экөөбүз эч кимге айтпай, экөөңөрдү мечитке алып барып нике кыйдырып, үйлөнтүп коёлу деп сүйлөштүк эле. Албетте, сен адам катары түшүнүп, макул болсоң...
– Жок, жок. Эже, андайдын кереги жок. Мен сизге башында түшүндүрбөдүмбү, материалдык да, моралдык да жардам берип, колумдан келген аракеттин баарын кылайын деп. Бирок, мындай ишке бара албайм жана барбайм дагы.
– Урмат, биз материалдык да, моралдык да жактан муктаж эмеспиз. Түшүнсөң, бул иш көп болсо бир-бир жарым жылдык убактыңды алат...
– Эже, сиз да мени түшүнүңүз. Билип туруп андай ишке бара албайм. Дарегиңизди редакцияга калтырып кетиңиз, мен кызыңызга барып жолугам, жакшы калыңыз.
– Сен жакшылап ойлонуп көрчү дагы.
Ошентип, ал күнкү тамашаны токтотуп, эртеси улантмай болдук. Эртеси Урматка редакциядан телефон чалып, кечээки эже кайра келип бир сааттан бери күтүп отурганын айтканымда “трубканы берип койчу” деп суранды.
– Урмат, кандайсың?
– Жакшы, өзүңүз кандайсыз, эже?
– Эмне болду, ойлондуңбу? Биз азыр атасы экөөбүз редакцияга келгенбиз. Үйдүн, машинанын документтерин да ала келдик. Макул болсоң, бүгүн эле сенин наамыңа каттатабыз. Келесиңби?
– Эже, кандай түшүнбөгөн немесиз? “Машина, үй” дегенде эле чуркап кете турган балдар толтура. Мени эмес, сиз ошолорду табышыңыз керек. Телефондон айтканды түшүнбөсөңүз, азыр кырк мүнөттөн кийин өзүңүзгө барып жолугайынчы.
– Макул, келиңиз. Бул “Супер-Инфонун” «Тамаша тору» болчу.
– Эмне?!
– Бул “Тамаша тор”, Урмат.
– Ой-ий, бир эле жолу телефон аркылуу тамашага салганыңарды укчу элем. Мени эки күн кыйнадыңар го. Ушундай да катуу болосуңарбы, “Тубаса жүрөк оорулуу. Кызыбыздын аз өмүрү калды” деп?.. Эмне дээриңди билбей, киши жаман болот турбайбы!..
Тамашага салган Сүйүн Кулматова.