Дал ушул шарт учурда көпчүлүктүн куйкасын куруштуруп турган чак. Анткени, өкмөт жыйынында башта айтылган убада боюнча 1-ноябрдан баштап жарыкты өчүрүү токтотуларын билдирген Энергетика жана отун ресурстар министри Сапарбек Балкыбеков электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү токтотулуп, даректик өчүрүү башталарын кошумчалады. Башкача айтканда, кайсы район электр энергиясын белгиленген чектен ашыра пайдаланып жиберсе, ошол райондо электр энергиясы өчүрүлөт.
Болгону, мурдагы “маал-маалы менен өчүрүү” деген сөздүн ордуна “даректик өчүрүү” деген кеп пайдаланылганы эле болбосо, министр мырзанын бул кеби «кайрадан эле жарык өчүрүлөт» дегенди түшүндүрүүдө.
Министрдин мындай кебине премьер-министр И.Чудинов менен соцфонддун төрагасы Марат Султанов каршы чыгышты. “Мындай чечимдин негизинде биз электр энергиясын пландык өчүрүүдөн башаламан өчүрүүгө өткөн болобуз. Лимиттен ашып кеткен керектөөчүлөрдө электр энергиясы өчүрүлө турган болсо, баары бир кайрадан эле график киргизүү керек эмеспи. Эл кайсы маалда жарык өчөрүн билип, ошого жараша ишин пландаштырышы керек да!” - деп чыкты соцфонддун төрагасы. Мындай пикирди өкмөт башчысы да колдоду.
Электр энергиясын өчүрүүлөр токтотулбасы (даректикпи, маал-маалы менен өчүрүүбү, айырмасы кайсы?!) тууралуу маалымат чагылгандай тездик менен эл арасына тарады. Учурда министрдин бул кеби “Президент өзү “кышында жарык өчүрүлбөйт” деп сөз бербеди беле. Качанга чейин элди алдай беришет?! Жакшысы, Кыргызстандан кетип эле калган дурус болуп калды” деген пикирлерди жаратууда.
Бул кебинен улам “министр мырзанын президенттин калк алдында берген убадасын бурмалагандыгынын түбү эмнеде, ал президентке каршыбы?” деген да суроолор туулбай койбойт.