Жагымдуу жаңылык
Балдар, 5-сентябрда Бишкек шаарындагы Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик Куурчак театры өзүнүн 73-ачылыш аземин белгиледи. Бул аземге Балдар үйүнөн, балдар бакчасынан жана ар кайсы мектептерден келген 200дөн ашык бала катышты. Азем учурунда балдар жомоктогу каармандар жана маскарапоздор менен биргеликте ар кандай кызыктуу оюндарды ойноп, ыр ырдап, бий бийлешти. Анан да сүйүктүү каармандарынын колунан белектерди алышты. Аягында жомок көрүп, кубануу менен үйлөрүнө тарап кетишти.
“Жомок көрбөй калдым...” деп капа болуп калдыңбы, бөбөктай? Капа болбогун. Эми Куурчак театры сени ишемби жана жекшемби күндөрү саат 11:00дө кызыктуу жомоктору менен күтүп алмакчы. Ишемби күнү кыргызча, жекшембиде болсо орусча жомокторду көрө алат экенбиз. Андыктан дем алыш күнүңөрдү текке кетирбей, ата-энеңер, ага-эжелериңер менен биргеликте жомок дүйнөсүнө саякаттап кетсеңер болот.
Ал эми алыскы аймактарда жашаган балдар, театрдын жамааты силерди да унуткарбаптыр. Буюрса, алар жакын арада кызыктуу жомоктору менен силердин жергеңерге сапар тартуу алдында турушат. Алгач Талас жергесин, андан соң түштүк аймагын түрө кыдырабыз деп турган чактары. Андыктан баарыбыз жомок каармандарын чыдамсыздык менен күтө туралы.
Дамира Арстанова
balakai@super.kg