ТУРСУНБАЙ БАКИР уулу: «МЕНИ СҮЙГӨН ВИКТОРИЯНЫН БЕЛЕГИ КОЛЛЕКЦИЯГА АЙЛАНДЫ»

– Айтыңызчы, коллекцияны эң алгач эм­нени чогултуудан баштадыңыз эле?
– Бала кезимде кө­гүчкөндөрдү чогултуудан баштагам. Анткени, ыраматылык атам Эргешов Бакир жаныбарларды аябай жакшы көрөр эле. Биз анда Кара-Сууда жашачубуз. Ал кезде жашаган үйүбүз үй эмес эле өзүнчө зоопарк сыяктуу болчу. Атайын бассейнге багылган отуз балыктан тышкары эки кийик, төрт кекилик, бир бүркүт, бир теке, эки жүз тоту куш бар экендиги эсимде. Ал эми мен болсом ал кезде кичинекей болгондуктан, көгүчкөн бакчумун. Алар ар кайсы породадагы көрктүү көгүчкөндөр эле. Атүгүл аларды көбөйтүп отуруп, санын беш жүзгө жеткиргем.
– Анан аларга эмне болду?
– Кийинчерээк атам куугунтукка учурап, камалып кетти. Абакта жаткан атам бир күнү мага: “Балам, жаныбарларды, канаттууларды ка­паска камаба. Жаман болот экен. Баарын бошотуп жибер. Себеби, мага жаныбарлардын каргышы тийгендей сезилип жатат”,- деп кат жазып жибериптир. Атакемдин айтканын эки кылбай аткардым. Айрыкча көгүчкөндөрүм менен коштошо албай, көпкө кыйылып жатып анан эркиндикке учуруп жиберген элем. Бирок, ага карабай алардын айрымдары көнгөн конушуна кайра кайрылып учуп келишкен. Ошентсе да, аларды мурункудай жем берип бакпай калгам. Бара-бара өздөрүнөн өздөрү азайып отуруп жок болушту.
– Кыязы, андан кийин башка нерселерди чогултууга өтсөңүз керек…
– Ооба. Ошол эле бала чагымда почтанын маркасын топтогом. Төрт жыл бою чөнтөк календарын чогулткам. Эмне максат менен чогултканым эсимде деле жок. Болгону, топтоп койгон календарларымды жеңем отко жагып салганда ичим аябай ачышканын билем.
Кийин эр жетип калганда ар бир өлкөнүн акча бирдиктерин, тыйындарды чогулттум. Көп кылып топтогондон кийин эмнегедир мага ал монеталардын кызыгы кеткендей сезиле баштады. Ошондуктан, аларды чет өлкөдөн келген досторума, тааныштарыма четинен бере берип аз эле калган. Ал эми акыркыларын чет жакта жашаган бир таанышыма жөнөтөйүн деп жүргөнүмдө кенже уулум Кантемирдин да тыйындарды чогултуп жүргөнүн байкап калдым. Ошол себептен баягы таанышыма берүүдөн баш тартып, топтолгон коллекциямды толугу менен уулума өткөрүп бердим.
– Ал эми учурда эмнени чогултуп жүрөсүз?
– Азыр ар кайсы улуттун тилинде жазылган Куран китептерди жана таш баканын түрлөрүн чогултуу менен алектенем. Бирок, “тирүү таш бака экен” деп ойлобоңуз, тирүүсүн багыш керек да. Алар – жыгачтан, темирден, айнектен, баалуу таштардан (нефриттен жана агаттан) жасалган таш бакалар. Арасындагы бирөөсүн болсо “музыкалык таш бака” деп атап койгом. Себеби, мурун жагын оозго салып үйлөсөң, кооз үн чыгат.
– Мусулмандардын ыйык Куран китеби менен көпчүлүк ийгиликтин анан узун өмүрдүн символу катары эсептеген таш баканы коллекция кылууңуздун себеби эмнеде болду экен?
– Жакын досум Алишер Сабиров Кара-Суу шаарына Куран китебинин музейин ачып, ачылуу салтанатында мага алардын бирөөсүн белекке берген. Андан кийин апам экөөбүз ажылыка барып келгенде да Куран китебин ала келген элек. Ошондон тартып бул китептин ар кайсы тилдерде жазылгандарын коллекциялоого өткөм. Мисалы, учурда араб, англис, немис, кытай, орус, өзбек, түркмөн, казак, уйгур, тажик, дунган, иран, француз, афган, татар тилдеринде жазылгандары бар. Алардын эң чоңу – араб тилинде жазылган Куран китеби. Анын салмагы 7 килограмм, узундугу 46 сантиметр, туурасы 31 сантиметр.
Ал эми таш баканы чогулта баштаганымдын себеби таптакыр башкада. Бир кездерде баарыбыз тең индия киносунун фанаттары болуп кеткен элек. Мен болсом индия кыздарын аябай жактырганымдан улам “келечекте аялым индус кызы болсо” деп кыялданып жүрчүмүн. Ошого карабай кыргыздын кызына үйлөнүп, кийин Виктория деген индус кызы менен танышып калдым. Виктория 1994-жылы Кыргызстанга кайсы бир жумуштары менен келген эле. Таң калычтуусу анын мени жактырып калганы болду. А мен үй-бүлөлүү мырзамын да. Кийин кетеринде: “Мени дайым эстеп жүр. Бул сага – эстелик”,- деп мага жыгачтан жасалган таш баканы таштап кеткен. Ошондон баштап кайсы өлкөгө барсам да, таш бака сатып ала баштадым. Азыр менде Вьетнам, Малайзия, Индия, Гонконг, Иран, Түркия, Белоруссия, Араб Эмираты, АКШ, Жапония, Пакистан, Польша жана Голландиядан сатып алынып келинген жана белекке берилген ар кандай түрдөгү таш бакалар бар. Атүгүл галстукту кыпчыткычым да таш баканын түзүлүшүндө жасалган. Баса, жакындан бери кылыч анан мылтык чогулта баштадым.
– Анда жаңы коллекцияңыз да көбөйө берсин. Маегиңизге чоң рахмат!

Бетти даярдаган Бактыгүл Сокушова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 313, 31-октябрь - 6-ноябрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан