Оо, булардын мындай мамилесине көп болду. “Макул, ушул боюнча көрүшпөй коёлу” деп мамилеге чекит коюп басып кетишке экөө тең даабай, бирок куру намысты четке кагып, бири-бирине керек экенин айта албай экөө тең чайналып келет.
– Көңүлүңдө эмне болсо баарын төгүп салчы, ыраазы болоюн,- деди кыздын каректери. А эриндери таптакыр башка нерселерди айтып жатты. Үй-жайды, тиричиликти, жумушту жана башка арзыбаган нерселерди...
– Биздин тааныштар чекеден балалуу болуп башташыптыр. А сен дагы деле жүрөсүң, ээ, жумушка байланып?..- деп койду жигит жөн салды гана.
Чындыгында, жаман ой менен айтпады. Ушундай туура эмес сүйлөп алмай жайы бар. Бул кыздын ооруп турган жерине тийди. Чекеси тырыша түштү.
– А балким, бул сиздин ишиңиз эмес чыгар,- деди күлүмсүрөй бокалды оозуна тийгизип.
– Айтып койдум да...
– А өзүңчү? Өзүң эмне кылып жүрөсүң?
– Мен да кимдир бирөөнү күтүп жүрсөм керек.
Байкабаган менен көңүл ушунчалык назик. Бир ооз сөз менен жигит кыздын көңүлүн аздырып, кыялын бырын-чырын чыгарып, беш жылдан бери топтолгон сүйүү жибин үзүп таштады. Ордунан туруп, сыр алдырбай коштошкон Жаркын узап кеткенче шашты. Жамгыр бетине чаба жаап, кыз алдыга кадам шилтей берди.
“Бул акмактан эмне таптым? Ушундай кыргыздын кара тоголок жигити жок калыптырбы?” деп жатты күйүп-жанган намысы.
“Эртең эле турмушка чыгып кетем. Ошондо көрөм сени. Кана, кимдер бар эле тизмеде?” деп санай баштады алдастаган акылы.
“Токточу, аярлачы. Кантем? Мен аны гана сүйөм го. Андан башка бир адам жан дүйнөмө жакын эмес. Башка менен... Болуптур, сыртымдан күлүп, ичимден сызып жашай берем. Бирок мен жүрөк токтоп калгыча, өмүрүмдүн акырына чейин ошол көз карашты, жылуулукту издей берем. Убактыма да, аны күткөн күндөргө да капа болбойм. “Сен ага керексиң. Өзүң да байкабай жатасың, канчалык ага керек экениңди. Капа болсо, ким маанайын көтөрөт? Ким акыл айтып, жакшы сөзүн арнайт? Жамгыр жааса, “суукта калбады бекен” деп, өзү ысык тамак ичсе, “тамак ичип алдыбы” деп ким ойлойт? Сабыр кылчы...” деп жатты байкуш жүрөк тыпырап.
А жигит андан беш бетер көңүлү бошоп, адатынча ай-уйга келбей басып кеткен Жаркынын эстеп жатты. “Жинди кыз, кетсең кете бер. Анчалык таарынгандай не дедим? Ошентип “гордая” болуп жүрө бер” деп булкунуп туруп баратып, кол чатырын столдун четинде унутуп калганын көрдү. Аркасынан барганга намыстанып жаткан жаны шылтоо табылганына сүйүнүп кетти. Кол чатырды ала салып, кафеден атылып чыкты.
– Жаку, токто-о!
Жүзүнөн жаштар төгүлүп келе жаткан кыз аркасынан чыккан үндү үзүл-кесил укту. Буттары шилтенип-шилтенбей токтоп калды.
Аркасынан чуркап келген жигит энтиге токтоп калды.
– Ме, муну унутуп калыпсың.
– Ушунча токтотуп алып айтарың ушулбу? Сага бердим. Эстеликке...- деди кыз булкуна.
– Токточу, мен... мен...
– Эмне сен?
– Мен... Сенсиз жашай албайм. Туура, көп кыздар бар, сенден сулуу, сенден акылдуу, сенден токтоо...
– Бара бер ошолоруңа...
– Бирок менин жүрөгүм сендей жинди, азоо, чалпоо жанды сүйөт экен. Эмне кылам эми, колуңду сурашка мажбурмун.
Жигит балчыкка карабай асфальтка тизесин лук уруп чөгөлөй берди. Азыр эле жоготуунун азабына күйүп бараткан жүрөк бакытка чалкып кетти. Эңиле берип жигиттин ысык эриндерине эриндери жабыша түштү. Алар төгүп жаткан жаанды да, аларды таң кала тиктеп өтүп жаткан элди да капарына алышкан жок. Анткени алар өз бактысына мас болчу.
Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg