“Жашоодон кечип кетким келет, а бирок эки балам менин үмүтүм да, тушоом да болду. Аларды көрүп каламбы деп жашап келем” деп кеп баштады Таалайгүл эже.
“ЖАЛГЫЗ БАКЫТЫМ...”
– Жетим чоңойдум. Кичинекей кезимден баштап бир татар апа бакты. Ал бала бакчада тамак жасап иштеп, мени да ары-бери сүйрөп алып жүрөр эле. Мектепте окуган жокмун, анткени мени мектепке бергенге апамдын чамасы деле болбоду, колу тийгенде гана билгенин айтып, үйрөтүп койчу. Апамдан “менин ата-энем бар беле, каякта?” десем, “мен сени таап алгам, менин кызымсың” деген гана жооп кайтарчу. Апам экөөбүз Ош шаарында 4 бөлмөлүү жер тамдын 2 бөлмөсүндө жашачубуз. Ал эми берки 2 бөлмөсүндө Таш-Көмүрдөн келген студент балдар турар эле. Бир күнү ойгонуп “апа” деп үн катсам, эч ким жооп бербеди. Көрсө, апам түбөлүк уйкуга кетиптир.
Ошентип, он эки жашымда апамдан айрылып калдым. Эки бөлмөлүү үйдө өксүп ыйлап кала бердим. Кошуна жигиттер менен апамдын сөөгүн жерге берип, акыркы сапарга узаттык. Алар мага каралашып, тамагын берип көз салып жүрүштү. Арасында Бакыт деген жигит батиримдин акчасын төлөп жүрдү. Билинбей ортодон үч жыл өтүп кетти. Студенттер окуусун аяктап, өз жерлерине кетмек болушту. Мен аларга абдан көнүп калган экем. Бакыт ыйласам сооротуп “мен сени таштабайм, коркпо” деп көз жашымды аарчычу. Бири-бирибизден кол үзбөш үчүн экөөбүз баш кошууну чечтик. Ал учур менин эң бактылуу көз ирмемдерим катары түбөлүккө сакталып калат. Үйүнө келгенде кайненем мени дароо эле жактырган жок. Көрсө, анын жалгыз уулуна мурдатан эле алып берем деген кызы бар экен.
“ЭКИ ЖЕТИМДИ ГАНА БАГА АЛАМ”
– Үч айдан кийин боюма бүтүп, оокат менен алек болуп жүрдүм. Кайненемдин кыялы чорт болгондуктан, күйөөм “өзүнчө жашайлы” деп көп жолу сунуштады. Мен болбой “кой, жалгыз энең болсо, аны таштаба” деп ага боор ооручумун. Кайненем Бакыт үйдө жок болгондо “селсаяк, сойку, уулумду окутуп алгансың” деп каргап-шилей берчү. Төрөт үйүнө каттоого да турган жокмун, себеби менин эч кандай документим жок эле. Жадакалса төрөлгөндүгүм жөнүндө күбөлүгүм да жок. Бакыт “мен сага баарын жасатып берем” деген убадасын аткарганга жетишпей калды. 16 жашымда Таш-Көмүр шаардык төрөт үйүнөн көз жарып, бир кыз, бир уулдуу болдук.
Биз 3 жыл бактылуу жашадык. Тагдырымдын менде кандай өчү бар экенин билбейм, Бакытымды мага ыраа көрбөй ажал жула качты. Жолдошума туура эмес диагноз коюп алышып, кургак учук деп ысык укол сая берип, боору эзилип кетиптир. Кыркына чейин кайненем мага такыр унчуккан жок. Андан кийин “жолуң ачык, каалаган жагыңа бар, мен бул эки жетимди гана бага алам” деп эшикке түртүп чыгарды. Тизелеп жалдырадым, “апа, өмүр бою сизге кул болоюн, балдарымдан ажыратпаңыз” десем, такыр укпады. Жалынып жатып акыры “кийим-кече, тамак-аш алып келсең, балдарыңды көрсөтүп турам” деген убадасын алып кете бердим. Мен балдарды талашканга укугум жок эле, документим жок болгондуктан, балдарым кайненеме жазылган.
Кайрадан Ошко кайтып келип, каякта гана иштеген жокмун?! Дааратканаларды да, кафелерди да жууп жүрдүм. Болгону, күнүнө 80 сом тапчумун. Аным эч нерсеге жетчү эмес. Ичип-жегенден артканын балдарыма чогултчумун. Ошентип, ары урунуп, бери урунуп жүрүп бир жылдан кийин кийим-кече, майда-чүйдө алып кайненеме келдим. Алып барганымды жерге чачып, кийимдерди топуракка ыргытып, босогодон киргизбей койду. “Сойкулук менен тапканыңдын мага кереги жок” деп дарбазасын ичинен илип, кадам шилтетпеди. Акмалап, эшик-терезени шыкаалап көпкө турдум. Жерде ыйлап отурсам, бир маалда коңшубуз келип “балдарыңды алганда деле каякка алып барасың, кантип багасың?.. Кийин алып аласың, азыр акырын эле кете бер” деп акылын айтты. Ошентип, балдарымды көрбөстөн кайра Ошко кайттым. Анын үстүнө кайненем “баламды сен уу берип өлтүргөнсүң, азыр милиция чакырам” деп коркутканынан кеткенге аргасыз болдум.
“БАГЫ ЖОККО ДАГЫ ЖОК”
– Таянар бир адамым жок, ушул жашка келип бир жакшылык көрбөпмүн. Бакыт жанымда болгондо мени мынчалык кор кылбайт болчу. Арадан алты жыл өттү, балдарымды көрө элекмин. Канча жолу босогосун акмалап бардым, эки баламды бир да жолу алыстан да көрө алган жокмун. Быйыл алар 2-класска барып калышты. 1 жыл мурун кайненем башка жакка көчүп кетиптир. Дарегин коңшулары бербей жатышат. Балдарымдын кайда экенин таптакыр билбейм. Алар энеси ким экенин билбей калышарын эстеген сайын жашоом менен кош айтышкым келет. Мен сыяктуу жетим өсүшөбү, мен аларды издеп жүргөнүмдү билбей калышабы?
Ошто жүрүп тапканым эч нерсеге жетпей койду, анан Бишкекке келдим. Кээде кул базарга да чыгам. Талаага барып бирөөнүн помидорун терип, капустасын чогултам. Бирөөнүн короосун шыпырып, үйүн жыйнайм. Бири акымды берсе, экинчиси бербей кууп жиберет. Ичип кетким келет, баарын тең унутуп... Денемди сатып кетким келет, ачка калгыча деп... Бирок намысым мындай ыплас нерселерге жол бербейт. Шаарга келгенимде Дамира деген таанышым бар эле. Аны таап, уурулук, сойкулуктан көрө пол жуусам да оокатымды кылам дедим. Ошентип, “Дордой” базары жакка экөөбүз 2,5 миң сомго батирге чыктык. Ашканалардын полун жууп, базардын ичине тамак ташып иштедим. Тапканымдын баарын балдарыма деп чогулттум. Анан бир күнү жумуштан чарчап келсем, үй бош турат. Дамира кийим-кечемди, чогулткан тыйынымдын баарын алып качып кетиптир.
«ТАГДЫРЫМДЫ БААРЫ БИР ЖЕҢЕМ!»
– Кийин бир тааныш эже аркылуу турмушка чыктым. Аскар башында жакшы эле кабыл алган, бирок көпкө созулбады. Чачыман сүйрөп урчу, кайненем көрсө да көрмөксөнгө салып койчу. Мейли, көчөдө калгыча акыры мени деле жакшы көрүп калышар деп чыдап жүрдүм. Коңшулары “мурунку аялдары 1 айдан кийин эле качып кетчү, сен кантип чыдап жүрөсүң?” дешчү. Аскар “сен сулуу эмессиң, капкарасың” деп сүйлөнө берчү. Кайненем “сенин келгениңе бир жыл болду, төрөсөң эмдигиче төрөмөксүң, сени бул жакта кармоочу эч нерсе жок” деди. Кайнатам гана “балам, жаштыгыңды кордобо, сен да бактылуу болушуң керек” деп көп айтар эле. Акыркы жолу күйөөм дагы сабап киргенде кайнатам мага болушса, “ий, келиниң жакшылап берип койсо керек?” деп абийиримди кетирди. Кийимимди чогултуп, ыйлап, эшикти көздөй бара жатсам, кайнатам пенсиясынан чогултуп жүргөн 1,5 миң сомун колума карматып, батасын берди. Азыр жалгызмын. Бирок баары бир эгиздеримди табам, боорума кысам деген зор тилек менен жашап келем. Тагдырымды баары бир жеңериме көзүм жетет...
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg