КЫЛМЫШТАР ЖАНА КЫРСЫКТАР

СЕКСУАЛДЫК КУЛЧУЛУККА БАРУУГА МАЖБУРЛАГАН
Жакында Казакстандын Алматы шаарында 15 күн сексуалдык кулчулукка кабылган кыргызстандык Лейла аттуу кыз куткарылды. Ал кыз мындан эки жума мурун Алматыга иштеп акча табуу максатында барып, “Сайран” автобекетинде бир аял менен таанышып калган. Ал аял азык-түлүк саткан дүкөндөн жумуш таап берүүгө убада кылган. Кийинки жолугушуусунда кызды алдап батирге алып келип, камап коюп, денесин сатып иштөөгө мажбурлаган. Бул боюнча Алматынын полиция кызматкерлери билип калып, кыргызстандык кызды сексуалдык кулчулукка барууга аргасыз кылган аялды кармашты. Учурда кызга психологиялык жардам көрсөтүлүп, мекенине жиберүү аракеттери жүрүүдө.

МАС БОЛУП, АЯЛЫН КЕСКИЛЕП...
11-августта Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылында 42 жаштагы аялдын бычакталып өлтүрүлгөн денеси табылган. 4-сентябрда милиция кызматкерлери тарабынан шектүү делинип анын 39 жаштагы жарандык күйөөсү Эрнист Алмабеков кармалды. Сурак учурунда ал мас абалында аялын кескилеп өлтүрүп, өз үйүнүн короосуна көөмп койгондугун мойнуна алган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, кылмыш иши козголуп, иш иликтенүүдө.

АЯЛДЫ СКОТЧ МЕНЕН ОРОП, 5-КАБАТТАН ЫРГЫТЫП ЖИБЕРГЕН
4-сентябрда болжол менен кечки саат 23:00дө Бишкек шаарындагы Үсөнбаев көчөсүндө белгисиз аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу кабар милицияга түшкөн. Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери европалык түспөлдөгү аялдын 5-кабаттагы батирден ыргытылгандыгын аныкташкан. Аял шейшеп менен оролуп, үстүнөн скотч менен таңылган экен. Денесинен кесилген жарааттар жана муунтулган белгилер табылган.
Ал Бишкек шаарында төрөлүп, кийин Орусия жарандыгын алган, 1986-жылы туулган Т.О. болуп чыкты. Бул кылмышка шектүү делинип Иран мамлекетинин 29 жаштагы жараны кармалды. Маалыматтарга караганда, шектүү кылмышын жашыруу үчүн аялды терезеден ыргытып, сөөктү башка жакка алып барып таштамак болгон экен. Бирок коңшулары шектүү үндөрдү угуп, аялды байкап калышып, ызы-чуу чыгарып жиберишкен. Ал эми шектүү жашынып калган да, качып кетүүгө аракет кылган. Милиция кызматкерлери изи сууй электе кармап, убактылуу кармоочу жайга жеткизишкен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери улантылууда.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН АРЫЛБАДЫК
4-сентябрда Панфилов районунда ири жол кырсыгы катталды. ӨКМнын басма сөз кызматынын билдирүүсүнө караганда, күндүзгү саат 15:20да Бишкек-Чалдыбар автожолунун 69-чакырымында Москвич автоунаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, Жигулини сүзүп алган. Кырсыктын натыйжасында Москвичтин айдоочусу жана Жигулинин эки жүргүнчүсү каза болуп, беш киши ар кандай жаракат алып райондук ооруканага жеткирилген.

КАМПАНЫН ЧАТЫРЫ КҮЙҮП КЕТТИ
6-сентябрда саат 21:00дө Бишкек шаарынын Кулатов көчөсүндөгү иштебей турган «Орион» ишканасы ижарага берген кампадан өрт чыккан. Аны өчүрүүгө 9 өрт өчүрүүчү автоунаа тартылган. Өрттүн кесепетинен миң чарчы метр битум менен жабылган металл чатыр күйүп кеткен. Тилсиз жоонун себеби такталууда.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 462, 9-15-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан