Баалары кубаттуулугуна жараша
“Дордой” базарын кыдырып, чарба, электр буюмдарын саткан контейнерлердин баарында бензин менен иштөөчү генераторлор бар экенин байкадык. Сатуучулардан сурамжылап, булардын баасы кубаттуулугуна жараша болорун билдик. Ал эми алардын түрлөрү, чыгарылган фирмаларынын көптүгүнөн баш адашат.
Генераторлордун эң арзаны 3800 сомдон. Мындай кичинекей генератордун кубаттуулугу 800 ватт. Бул төрт лампочканы иштете алат. Саатына 0,5 литр бензин сарптайт.
Кубаттуулугу бир киловаттык генераторлор телевизор, муздаткычтан тышкары 6 лампочканы күйгүзүп иштеткенге жарайт. Чыгарган фирмаларына жараша баасы 4800 сомдон 5000 миң сомго чейин. Буларга саатына 1,5 литрге чейин май керектелет.
Кубаттуулугу 1,7 киловаттык генераторлор алты лампочкадан тышкары телевизор, муздаткыч жана аз кубаттуулукту талап кылган бир үй жылыткычты иштетүүгө жарайт.
Мындай генераторлорду 7000 миң сомдон арзан таба албайсың. Саатына 2 литрге чейин бензин «жейт».
Күчү 2,5 киловаттык генератор муздаткыч, телевизорду жана кубаттуулугу аз үй жылыткычты иштетип, 12 лампочканы күйгүзө алат. Баасы 12 миң сомду чапчыйт.
Эң күчтүү модель 5 киловаттык. Бул кубаттуулуктагы генераторлор көбүнчө кафе, чач тарач, тигүү цехи сыяктуу ишканаларды иштетүүгө керектелет. Саатына 3 литрге чейин май кетет. Баасы 25-27 миң сом. Мындай генераторлорду базардын саналуу гана контейнерлеринен жолуктура алдык.
Капчыгы калыңдарга сапаттуу генераторлор
Капчыгы калыңдар каталог менен 1000 долларлык генераторлорду заказ берип алдыра тургандыктары белгилүү болду. Заказ кылынгандан кийин 10 күндүн ичинде товары колуна тиет экен. Бул генераторлор башкалардан баасы менен гана эмес, үнүнүн катуу чыкпай тургандыгы менен да айырмаланат. Сатуучулардын айтымына караганда, сапаты жакшы. Андыктан, узакка кызмат кылат.
Генераторлордун дээрлик бардыгы Кытайдан алынып келинет. Ошондуктан, “Дордойдун” «Жунхай» бөлүгүндө генератор саткандардын саны көп. Сатуучулар лицензия тууралуу сөз кылуудан баш тартышты. Базар деген базар болгондуктан, сатылган товарларга узакка кепилдик берилбейт. Болгону, сатуучулар генератор кокус бир айдын ичинде бузулуп калса, оңдотуу же тетиктерин алмаштырып берүү милдетин алышат экен.
“Бузулуп калды, башкасын бер!”
Биз базардагы сатуучулардан генераторлор, баалары боюнча сурамжылап жүргөнүбүздө кээ бир кардарлар “иштебей калды” деп, алган генераторлорун кайра алып келгендигине күбө болдук. Көбү генератор иштеген менен, лампочкаларды күйгүзгөнгө жарабай жаткандарын айтып, нааразычылыктарын билдирип жатышты. Бир аял эки күн боло элек жатып генераторунун май куюучу багы тешилип калганын айтып ызы-чуу чыгарды. Андан көп өтпөй дагы бир контейнерден “генератор майды өлчөмүнөн эки эсе көп сарптап жатат” деп нааразычылыгы менен товарын алмаштырууга келген кардарга кездештик. Сатып алган генераторунун үнү өтө эле катуу чыгып жатканын айтып, сатуучуга арызданып келген адамдар да бар болуп чыкты. Аларга сатуучулар “биз жасаган жокпуз да, биз жөн гана сатуучубуз” деп жаттап алышкансып, баары бир жоопту айтып жатышты. Сатуучулардын бири “алмаштырып бербейм, сиздер өзүңүздөр бузуп алыптырсыздар” десе, товарын алган кардары кичинекей кагаздын айрыгына жазып берген кепилдигин көтөрүп чаап, ызы-чуу чыкты. Ошентип, сатуучу менен кардарлардын ортосундагы бул жаңжалга да күбө болдук. Кардар күнөөлүүнү таба албай, тилденген бойдон генераторду көтөрүп жолуна түштү.
Кээ бир сатуучулар кайра алып келген товарды көп сөз кылбай эле алмаштырып жатышты. Муну көрүп «өзү саткан Кытай товарынын сапаты кандай экендигин билсе керек» деп калдык. Карап отуруп, сатуучусуна же аларманына боор тартарыңды билбейсиң. Баары эле жашоо үчүн күрөшүп, кыйналып жаткандар...
Сатуучулардын айтуусуна караганда, сапаттуу генераторлор “Булл” жана “Япор”. Генераторлорду суудан, нымдан жана түз тийген күндүн нурунан сактап, кубаттуулугуна карата колдонуу зарыл экен.
Дүкөндөрдө генераторлор канча турат?
Биз эми дүкөндөрдөгү генераторлордун баасын байкап көрүүнү чечип, баш калаабыздын Алматы көчөсүндөгү “Генераторлор” деген дүкөнгө баш бактык. Эң биринчи айырмачылыгын баасынан байкадык. Мисалы, базардагы эң кымбат деген 27 миң сомдук генератор бул жерде 30 миң сом деп турат.Экинчи айырмачылыгы товарлардын лицензиясы бар экендиги болду. Ошондой эле, бир айга чейин кепилдик беришет экен. Дүкөн демекчи, бул жерде деле жалаң Кытай товарлары, болгону фирмалык экенин сатуучулар жашырышкан жок. Ошентип, дүкөндөгү генераторлор менен базардагылардын баасынын айырмасы 500 сомдон 3 миңге чейин болуп чыкты.
Генератордун пайда болуу тарыхынан
Генератордун тарыхы XIX кылымдан башталат. 1821-жылы Майкл Фарадей аттуу англиялык окумуштуу алгачкы генератор сыяктуу механизмди ойлоп тапкан. 1831-жылы америкалык физик Д.Генри генератордун конструкциясын иштеп чыгууга аракеттенген. Бирок, анын ойлоп тапкан электромотору кубаттуулукка ээ болбогондуктан, суроо-талап жараткан эмес. 1834-жылы орус академиги Б.С Якоби кубаттуулугу 16 ватт болгон биринчи генератордун моделин жасаган. Анын ойлоп табуусу аз убакыттын ичинде эле дүйнөгө тарап, типографияларда колдонула баштаган. Убакыттын өтүшү менен генераторлордун улам жаңы моделдери ойлонуп табыла баштаган.
Даярдаган Бахияна Сатылганова