ҮЙДҮ ЖЫЛУУЛООНУН ЖОЛДОРУ
Көздү ачып-жумгуча күркүрөгөн күз мезгили да кирип келди. Эми антип-минткиче эле кычыраган кыш келет. Кыш түшкөндө үйдү жылытуу маселеси баарыбызды кыйнаары бышык. Андыктан үйдүн жылуулугу үчүн азыртадан кам көргөнүбүз туура.
СЫРТКЫ ДУБАЛДЫ ЖЫЛУУЛООНУН ТҮРЛӨРҮ:
Пенопласт менен жылуулоо
-
Дубалдын эски шыбагы толугу менен сыйрылып, ага рейкалар тигинен орнотулат. Дубалды көзөп, зым өткөрүп, сырткы беттеги рейкаларды карматуу керек. Бул шыбактын бекем болушун шарттайт.
-
Орнотулган рейкалардын ортосуна пенопласт жайгаштырылып, сыртынан тор зым менен бекитилет. Тор зым жана пенопласт үстүнөн калпактуу атайын мыктар менен дубалга урулат. 1 чарчы метр аянтка 5-6 мык керектелет.
-
Кадимкидей эле цемент менен кум аралаштырып шыбалат. Андан соң дубалды түздөө шыбагы жасалат. Түздөп шыбаш үчүн акыркы аралашманы дайындоо төмөнкүдөй жол менен даярдалат: 1 чака акиташтын сууга эзилген коюусуна 3 чака кум, бир аз суу кошулат (мунун баасы бир аз кымбатыраак болот). 1 чарчы метринин орточо баасы 260 сомду түзөт.
Саман менен жылуулоо
-
Дубалдын эски шыбагы толугу менен сыйрылып, ага рейкалар тигинен орнотулат. Дубалдын ар кайсы жерине казык сыяктуу кылып жыгачтарды сайып коюу керек. Бул самандын бекем кармашына өбөлгө болот.
-
Орнотулган рейкалар үстүнөн зым менен тордолуп, анын сыртына опалубка орнотулат.
-
Дубал менен тор зымдын ортосуна саман салынат.
-
Кадимкидей эле шыбалат.
-
Соңунда үйдүн сыртын акташ үчүн 8 литр акиташтын суусуна 1 стакан айран, 1 чоң кашык өсүмдүк майын аралаштырып актаса, шыбак жаан-чачынга туруктуу болот. Себеби жылмакай болуп, суу тийгенде дубалга сиңбейт. 1 чарчы метринин орточо баасы 70 сомго барат.
ТЕРЕЗЕ-ЭШИКТИ ЖЫЛУУЛОО
-
Терезеге айнекти эки кат кылып салуу керек. Айнек менен раманын ортосундагы жылчыктарды атайын силикондор менен толтуруу зарыл.
-
Эшиктин сыртына губка чаптап, анын үстүнөн дермантин менен бекитип коюу керек. Ошондой эле эшиктин рамасынын ички бетине (эшик жабылгандагы бөлүгүн) жука кийиз жабыштырып койсо, жылуулук сыртка чыкпайт.
Жогоруда айтылгандардын баары аткарылса, жылуулукту 60 пайызга чейин сактоого жана кышка кетүүчү күйүүчү отунду үнөмдөөгө болот.
ШЫПТЫ ЖЫЛУУЛОО 
-
Үйдүн шыбына, негизинен, көмүрдүн күлү (шлак) же ылай төгүлөт. Бирок бул жылуулукту сыртка өткөрө берет. Андыктан шыптын үстүнөн дагы бир жолу жылуулукту сактоочу материалдар менен бекитүү зарыл.
-
Жылуулоочу материалдардын бири болгон изовер менен 10 сантиметр калыңдыкта шыпты жаап чыгуу керек. Изоверди ачканыбызда 5 сантиметрден эки кат болот. Мунун бир катын устундардын ортосуна, ал эми экинчи катын чакмак түрүндө жабуу керек. Ошондо устундардын үстү толугу менен жабылат.
-
Изовердин үстүнөн полиэтилен плёнкасы жабылат. Андан кийин ылайдан жука кылып төгөбүз.
Жылуулоочу материалдардын бир түрмөгүнүн баасы аянтына жараша 1200-3000 сом.
ЖЫЛУУ ПОЛ 
Электр тогу жана суу менен иштөөчү түрү бар. Булардын биринчиси – кабель аркылуу электр тогу өтүп, жылуулук бөлүп чыгарат. Кадимки эле электр тогуна туташтырылат. Жылуулукту азайтып же көбөйтүп туруу үчүн буга атайын терморегуляторлор орнотулат. Ал эми экинчиси – ичке желим түтүк аркылуу өткөн ысык суу менен полду жылытуу. Бул кадимки жылуулук системасына туташтырылат.
Орнотуу
-
Полду бетон менен түздөп (стяжка), анан фольга же суу өткөрбөөчү материал жайгаштырылат.
-
Тегиз жаткырып, анын үстү бетон менен жабылат (стяжка).
-
Андан соң ламинат, линолеум же плита жаткырылат.
-
Жылуу полду 27 градустан ашык ысытпаш керек.
-
Жылуу полдун 1 чарчы метри 600 сомдон жогору турат. Жумушчунун акысы 300 сомдон өйдө. Орточо эсеп менен 1 айда 1 чарчы метр жылуу полго 60 киловатт-саат электр энергиясы сарпталат.
ПАЙДУБАЛДЫ ЖАНА ПОЛДУ ЖЫЛУУЛОО 
-
Полдун үстүңкү тактайларын толугу менен ачабыз. Пенопластты суу өткөрбөөчү полиэтилен плёнкасына ороп, пайдубалга жабыштырабыз.
-
Андан соң пайдубалдын ичин кесек таштар менен толтуруу керек. Таштын нымдуулукту чыгарбай, полду жылуу кармаганга жардамы чоң. Ушул учурда пайдубалды жылуулоочу пенопластты да көмүү зарыл. Таш менен толтургандан кийин үстү отсев менен түздөлөт. Тегиз түздөп бүткөндөн кийин полиэтилен плёнкасын жаткырып, бириккен жерлерин калың скотч менен чаптайбыз. Ал эми рубероид жаткырылса, бириккен жерлерин куйкалоочу лампа менен эритип чаптоо керек. Полдун устундары менен пайдубалдын ичине толтурулган таш шагылдын ортосунда 15-20 сантиметр аралык бош болуш керек. Бул абанын алмашып турушун шарттайт.
-
Эми устундардын астына рейкалар кагылат. Анын үстүнө пенопласт, айнек буласы же базальттын буласынан даярдалган жылуулоочу материал жылчык калтырбай жайгаштырылат. Меш турган жерге базальттын буласынан даярдалган материалды жаткыруу туура. Себеби ал ысыкка чыдамдуу келет.
-
Баарын жайгаштырып болгондон кийин полиэтилен плёнкасы менен жаап, аны жакшылап бекитип чыгуу керек.
-
Акырында полдун такталары бекитилет.
-
Пайдубалдагы тешиктерди кыштын күнү бекитпей эле койсоңуз болот. Ал полдун астындагы аба алмашууну жөнгө салып турат.

Жогорудагы кеңештерди “СЕЕВА” Борбор Азиядагы жылуулук үнөмдөө курулушу борборунун директору Ришат Кожонов берди.
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
а эгер потолоко извоверди 2 кабат кылып анан алдынан гисокартон берсе жылуулук кандай кармалат
соунун кенеш экен коломтобуз жылуу болсо конулубуз ар дайым шаттыкта!!!