БАНКТЫК САЛЫМ

Замандын талабына ылайык, учурда банктардын кызматын колдонуудабыз. Капчыгы калыңдар акчасын банкка сактап, капчыгы жукалар насыя алып дегендей. Бүгүн банкка акча сактоо, тактап айтканда, банктык салым жөнүндө сөз кылалы.

Банктык салым (депозит) – жеке жана юридикалык (мекеме, ишкана) жактардын акча каражатын банк төмөнкү шарттар менен кабыл алуусу: төлөө, убакыт жана кайтарым шарттары.
Төлөө шарты – банк сиздин каражатыңызды алгандыгы үчүн үстөк пайыз төлөп берет. Биздеги банктардын депозиттерге болгон үстөк пайызы 9-16 пайызга чейин.
Убакыт шарты – банкка коюлуучу каражатыңыз убакыттарга бөлүнөт. Алардын негизгилерине токтоло кетсек.

  • Талап кылганга чейинки банктык салым. Кардар банкка койгон акча каражатын каалаган учурда банктан талап кылып кайтарып алса болот. Бирок бул салымга банк тарабынан үстөк пайыз өтө аз төлөнөт. Дээрлик жокко эсе десек да болот. Колуңуздагы убактылуу сактап турган каражатты үйдө сактоодон корксоңуз, банкка ушул шарт менен сактасаңыз болот.
  • Белгилүү бир убакытка чейинки банктык салым. Кардар банкка акча каражатын канча убакытка коё тургандыгын белгилеп, алдын ала келишим түзөт. Бир жылга деп келишим түзүлсө, кардар банкка салган банктык салымын бир жылдан кийин алууга тийиш. Бул 1 жылдык келишимге ылайык, банк кардарга жогорку деңгээлдеги үстөк пайыз төлөп берет.

Мисалы, жылдык үстөк пайызы 13 пайыз менен 10 миң сом салсаңыз, 1 жылдан кийин банк сизге 11 миң 300 сом кайтарып берет. Себеби банк сиздин каражатыңызды 1 жыл ичинде башкаларга насыя берүү аркылуу иштетүүгө жумшайт. 2 жылдык же андан ашык убакытка келишим түзсөңүз, сизге төлөнүүчү үстөк пайыздын деңгээли жогорулап, 18 пайызга чейин жетет. Эгер аталган банктык салым боюнча 1 жылга келишим түзүп, бирок акча каражатыңызды мөөнөтүнөн мурда алууга туура келип калса, анда үстөк пайыз төлөнбөйт. Башында салган суммаңыз гана кайтарылат.
Кайтарым шарты – банктык салымды келишимдин негизинде кайтарып алуу.

ЭСИҢИЗДЕ БОЛСУН!
Банкка акча каражатын салууда төмөнкүлөргө көңүл буруңуз:

  • Кыргызстанда 22 банк бар. Ар бир банктагы банктык салымдын түрлөрү жана үстөк пайызы да ар башка. Ошондуктан банкка барып, ал жердеги адис менен кеңешиңиз. Адистер шарты өзүңүзгө ылайыктуу банктык салымды тандоого жардам беришет.
  • Учурда банктык салымдарды камсыздандыруу системасы иштейт. Бул система – эгер банк банкрот болуп калса, ага салган акчаңызды кайтарып берүүнүн жолу. Банктык салымды камсыздандыруунун суммасы 100 миң сом. Андыктан бир банкка 100 миң сомдон ашык көлөмдөгү акча салбаңыз. Эгер банк банкрот болуп калса, сизге 100 миң сом гана кайтарылат. Мисалы, 200 миң сомду 100 миң сомдон бөлүп эки банкка салыңыз.
  • Банкта банктык салымды ар кандай акча бирдигинде (валюта) сактоо керек. Мисалы, өзүбүздүн сом менен жарым бөлүгүн жана калганын тең экиге бөлүп евро менен АКШ долларында сактаңыз. Себеби акчанын курсу өйдө-ылдый болуп өзгөрүп турат. Эгер бир гана доллар менен сактаган болсоңуз, банктан акчаны кайтарып алуу учурунда доллар арзандап, сомго алмаштырганыңызда акчаңыздын суммасы азайып калышы мүмкүн.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
A031288
2011-09-12 13:07:26
4on rahmat super info jamaaty silerden suranarym uwu gezitinerdin bir betin din bouncha jazsanar en sonun jana jawtarga sabak bolot ele bul betti chydamsyzdyk menen kutom
0
Zamira
2011-09-12 13:26:15
Мен банктарга ишенбейм! Муруун акча салып ала албай калгам. Албайм дагы! Жылына 1300сом эле кошулат экен,андан көрү ошол акчаңарды мага бергиле,айына 1000сомдон(10000ге)төлөп берип турам.
0
Deya
2011-09-12 14:47:30
относительно досрочного расторжения чуть неправильно написано. в основном все зависит от условий договора.
0
№ 462, 9-15-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан