ТАГДЫР ОЮНУ

МУРУНКУ САНДАГЫ ОКУЯЛАР...
Бегимайды курбусу малайзиялык кыргыз жигит менен тааныштырып, экөөнүн ортосунда байланыш пайда болот. Кандайдыр бир күч экөөнү жакындатып, натыйжада интернет аркылуу ал өз сүрөтүн салып жиберет. Азиреттин сүрөтү Бегимайды аз жерден жинди кылып коё жаздайт. Анткени ал киши колдуу болгон Аскатка тамчы суудай окшош эле. Мунун сыры эмнеде? Бегимай бул сырды кандай болсо да чечмекчи болот. Ал ортодо көңүлдөшүнөн боюнда болуп калган Аида түйүлдүктү алдырып салууну чечет. Бирок ал дагы көз боёмоочулардын туткунуна айланарын аңдабайт.

(Башы өткөн сандарыбызда)

Бегимай малайзиялык жигит менен таанышпаганда эски жарааты айыгып, балким, жаңы турмуш баштап кетмек. Кайып каскагынан чыга калган бул адам аны кайрадан мурунку жашоосуна байлап, ого бетер чырмап таштады. Кайрадан уйкусу качып, арыктап, ата-энесин түйшүккө сала баштады. Көзүн жумса деле, ачса деле Аскат! Жок, Аскат эмес, Азирет! Же экөө тең! Өз абалын өзү түшүнө албай кыйналган ал кээ күндөрү баш оогон жакка басып кеткиси келчү. Таң каларлык нерсе, ар дайым жанында болуп, апасынан да кээде көбүрөөк кам көрчү Алина курбусу андан алыстай баштады. Башкасы башка, бирок ушул нерсе Бегимайга катуу тийди. Бир күнү Алина сабагынан чыгып бара жаткан жеринен алдынан чыкты.
– Салам!
– Кандайсың?- ар дайым жүзүнөн күлкү төгүлүп жүргөн Алина бул жолу негедир кабагы чытылган. Бегимайдын жүзүнө тике карагысы келбегендей. Шап колдон ала жетелеген Бегимай Алинаны машинасын көздөй дегдеңдете жетелеп жөнөдү.
– Э-эй, кайда-а?
– Алиша, суранам, машинага түш.
Ээн кафелердин бирине кирген соң гана Бегимай Алинанын көзүнө тике карады.
– Эмне болду сага? Телефон чалсам албайсың. Мага жолуккуң келбейт. Эмне, мага таарындыңбы? Же мен байкабай бир нерсе кылып койдумбу?
Алина мелтиреп үн каткан жок. Демейде ачык мүнөз курбусунун минтип турушуна эч макул боло албай кетти. Тилинин учунда турган суроо өзүнөн өзү чыгып кетти.
– Себеби Азиретпи?
– Билет экенсиң го, эмнесин сурап жатасың?- деди бурк эткен Алина.
Бегимай үн ката албай калды. Бир аздан кийин гана тигинин кичине манжаларын кармай күнөөлүү унчукту.
– Менин күнөөм эмнеде? Алиша, эгерде сен мени түшүнбөсөң...
– Мен сени түшүнүп эле турам. Сен аны Аскат деп ойлоп жатасың, туурабы? Аскат экенине ишенгиң келип жатат. Бирок андай эмес да. Билбейм, мындай окшоштук кайдан болушу мүмкүн экенин. Бирок ал Аскат эмес. Дүйнөдө жети адам бири-бирине окшош болот дешет. Балким, ошондойдур... Мен өзүм да эч нерсеге башым жетпей калды. Болгону...
Алинанын көздөрү жашылданып кетти.
– Эмне, болгону?
– Мен аны жактырып калдым. Өзүмдөн өзүм тартылып, аны менен сүйлөшкүм эле келип турат. Ал болсо, тескерисинче, сен тууралуу сурайт да... “Кайда окуйт? Кандай сүйлөйт? Эмнеге кызыгат?” дейт да турат.
– Кечир мени.
– Кеп сенде эмес. Бема, мен Аскатты бир тууган агамдай жакшы көрчүмүн. Ал сага татыктуу адам болчу. Бирок бул – Азирет. Жана ал меники! Мен өмүрүмдө бир адамга ичим жылып, бир адамга ыктадым. Суранам, ортого түшпө... Ачык айтканды экөөбүз тең жакшы көрөбүз. Аркасынан сүйлөө экөөбүздүн табиятыбыздагы нерсе эмес. Сен сурадың, мен ачык айттым. Ошол!
Бегимай эмне кыларын билбей калды. Алинанын сезими мынчалык тереңдеп кеткенин билбеген эле. Оор дем алып, ойлонуп калды. Жандай көргөн курбусуна тилинин учунда турган убаданы бере албай жатты. Бир убакта башын көтөрүп, чечкиндүү үн катты.
– Бир шарт менен гана макулмун. Эгерде ал жигит Аскат болбосо, ал ишке таптакыр тиешеси жок болсо, мен экөөңдүн ортоңордо эч качан турбайм. Сен айткандай, жөн гана окшоштук болсо, мен ал адамга жарым карыш да жолобойм, сүйлөшпөйм дагы. Эгерде андай болбосо, кечирип кой, курбум... Мен ортого түшкөнгө мажбурмун. Мен Аскат экөөбүздүн сүйүүбүз ушинтип эле бүтүп каларына ишенген эмесмин. Баары бир мен аны менен түбөлүк бирге болорума көкүрөгүмдүн тээ түпкүрүндө ишенип келем. Өлдү дегенде да, өз көзүм менен көргөндө да ишенген эмесмин. Жүрөгүм макул болгон эмес. Анан кокусунан Азирет деп таанышып... Уф-ф, мен эч нерсеге түшүнө албай калдым. Анан да сен жанымда жоксуң. Таарынбачы мага... Мага Аскат гана керек.
Ушуларды айтып, Бегимай үңкүйүп отуруп калды. Алина чыдабай кетти. Жанына отура калып, кучактап бооруна кыса берди.
– Бул иштин аныгына чыгабыз. Чогуу чыгабыз. Мен да сенден алыстай албайт экем. Оор болуп, өзүмө өзүм батпай кеттим. Билесиң да, мендей вулкан адамдын жанында сендей токтоо адам керек.
Кабагы жарк дей түшкөн Алинаны көрүп, Бегимай жылмайып алды. Мындай асыл адамдар кайдан жаралат? Бардыгын билип, бардыгын түшүнүп, колдоп турат.
Ордунан турган экөө жарык маанайда кол кармаша кафеден чыгышты.
Ушундан кийин Бегимай көп убакытка чейин Азирет менен байланышкан жок. Анткени өзүн токтотуп, боюн, оюн жыйнап алышы кажет эле. Бир жума өткөн соң гана кечке маал компьютерин максатсыз чукулап отуруп, Азиретке байланышка чыкты.
– Жоголуп кеттиң го...- деди монитордогу жазуу.
– Жоголдум... Өзүмдү өзүм таппай жүрдүм.
– Алина мага сенин жигитиң тууралуу айтып берди. Кайгылуу окуя экен. Кечирип кой, мен сени ага окшоштуруп жатканыңды түшүнгөн эмесмин.
– Эч нерсе эмес. Азыр өзүмө келип калдым.
– Аны аябай сүйсөң керек...
– Эмнеге сүйсөм керек? Өткөн чак менен айтыштын кереги жок. Аскатты азыр деле сүйөм.
Ушуларды айткан Бегимайдын көзүнөн аргасыз жаш ирмелип кетти. Керебетине сулап түшүп, көз жашы кургагыча көпкө жатты. Ордунан туруп, компьютерине кайрадан отурду. «Ыйлабачы, Бема...» деген жазуу турган эле монитордо.
Бегимай дал боло тиктеп калды. Кулагына Аскаттын үнү угулуп кеткендей сезилди. Ал ыйлаганын кайдан билди? “Бема” деп эркелетишерин кайдан билди? “Мен акылымдан адашып кетсем керек. Бул, балким, галлюцинация. Балким, дарыгерге барышым керек. Бул кандайча?” Эки колу менен башын мыкчыган кыз тагдырдын оюнуна түк түшүнө албай бүк түшүп жатты.

ххх

Түйүлдүктөн жарым сааттын ичинде ажыраган Аида палатада жатты. Эми босогодон кирген врачты суроолуу тиктеп калды.
– Баары жайында, ден соолугуңуз эки үч күндө нормага түшөт. Болгону...
Күңк-мыңк эткен врач бир нерсени айта албай жаткандай.
– Айта бериңиз.
– Эми... биз... профессионалдык жактан кам санабаңыз. Бардыгы анонимдүү болот. Бирок... биз... бир аз суммага муктаж болуп жаттык эле... Эгерде сиз биз каалаган сумманы төлөп берсеңиз...
Аиданын кабагы чимириле берди. Жука эрди кымтыла түштү.
– Мен силерге ашыгы менен төлөдүм.
– Аскар Токтосуновичтин жубайы экениңизди билбедик эле. Ал киши бул тууралуу билсе... Байкуш жаңы эле жалгыз уулунан ажырап, эгерде дагы бир ата болуу шансынан ажыраганын билсе... Ай, ай, ай, көтөрө албайт го мындай нерсени...- деди жыландын башын кылтыйткан ал.
Аиданын көзү чанагынан чыгып кете жаздады. Көзүн жума көпкө жатты. “Мына сага, белчеден баткакка батат деген ушул. Эми ушул клиниканын врачы мени коркуткусу бар. Кандайча мен бул даражага жеттим? Өзүмдү эмес, атымды укканда титиреп турушчу эле” деп ойлоп жатты.
Көзүн ачса, момолой чычкандай башын кылтыйткан врач дагы деле өзүнөн көзүн албай турган экен.
– Болуптур, азыр жанымда жок. Өзүм байланышам... Керектүү сумманы жазып кете бериңиз.
Леп эткен врач бир нерселерди чиймелей салып колуна карматты да, сыртка бет алды.
Ошол күнү кечинде эле Аскар Аиданын өңү бозоруп, табы айнып, айласы кетип турганын байкады. Мындай абалын эч качан көргөн эмес. Ар дайым иреттүү жыйылып жүрчү чачтары жайылган. Ишенимдүү, менменсине тигилген көз карашы жалтаңдап башкача... Байкаары менен ишенимдүү врачын чакырткан ал Аиданын бөлмөсүнө кирип барды.
– Аида, сага атайы врач чакырттым. Бир сыйра текшерүүдөн өтүп коюшуң керек. Күн санап эле өңүңдөн кайтып баратасың. Эмне болду десем, унчукпайсың...
– Аскар!
– Балким, каның азайып кеткендир. Азыр ишенип болобу?
– Жок, кереги жок мага,- деп титиреген Аиданын өңү бузулуп кетти. – Алып кет деп жатам. Эч кимди, эч нерсени көргүм келбейт.
– Эркеликтин деле чеги болуш керек да, Аида.
– Жок, азыр эмес. Эртең өзүм барам,- деп жанына эч кимди жолотпой чаң салган Аиданын бул жоругуна Аскар таң калып калды. Аргасы жок эле. Чакырткан врачын кетирип жиберип, орто жерде уят болгонуна кыжалат болуп, Аиданын бул жоругуна түшүнө албай отурганда телефону чырылдап калды.
– Алло...
– Аскар байке, бул мен Бегимаймын. Эгерде мүмкүнчүлүгүңүз болсо, сиз менен жолуксам дедим эле.
– Бегимай, эмне болду?
– Сиз менен кеңешчү бир иш бар. Балким, бардык суроого жоопту сизден алармын. Бул Аскат тууралуу...
Уулунун атын укканда эле өңү өзгөрүлүп кеткен Аскар тез жооп берди.
– Үйдөмүн, үйгө эле келе бер,- деди Аскар.
Кеч күүгүм кирип калган убак. Аскардын заңгыраган үйүнүн жанына жеткенде Бегимай демин ичине алып, бир улутунуп алды. Ушул үйдө Аскат экөө жашамак... Балалуу болушмак, бактылуу болушмак... “Бир уул, бир кыздуу болобуз” деп кыялданышчу. Балдарына ысымды да тандап жиберишчү. Тамагына бир нерсе тыгылгансып кеткен Бегимайды короонун сыртында турган жигиттер “кире бер” деп жаңсап жатканын байкады. Короону көздөй айдап, тез эле ажайып гүлдөрдүн ортосуна капталды. Үйүнөн чыгып келе жаткан Аскар Токтосуновичти көрүп, сылык саламдашты.
– Саламатсызбы?
– Кандайсың, кызым, окууларың жакшыбы?
– Жакшы эле, Аскар байке.
Кысылып кеткен Бегимай Аскардын катаал жүзүнө карай албай уялып кетти. Өзүнүн кыйналганы аз келгенсип, бул адамдын да жараатын чукуйбу эми?.. “Эми гана бир аз өзүнө келип, теле, гезиттерге чыгып калды” деп атасы кеп кылып жатканын кулагы чалган. Кайрадан жүрөк картын сыйрып, бир нерседен үмүт кылдырганга акысы барбы?
– Аскатка байланыштуу дегениңден...
– Кечирип коюңуз, мен өткөндү козгоюн деген эмесмин.
– Ай-ай-ай, кызым, ай. Деги эле айтканымды укпай койдуң. Аскат эми кайрылып келбейт. Экөөбүз бул жакта эмне кылсак да ажал аны кайтарып бербейт.
– А балким... Балким, Аскат тирүү чыгар?
Аскар Токтосунович Бегимайды аяй карады. “Байкуш, биротоло акылынан азып калса керек. Мынчалык берилген адам биздин заманда да бар экен го. Кандай кылыш керек?” деп ойлоп турду.
Анын оюн, аялуу көз карашын байкаган зирек Бегимай кызарып кетти.
– Жок, мен акылымдан адашкан жокмун. Аскар байке, мага убада кылсаңыз. Азыр эмне уксам да, эмне көрсөм да өзүмдү токтотом деп убада кылсаңыз.
– Макул.
– Анда отуруңуз. Мына, бул сүрөттөрдү эмне дейсиз?..
Аскар алдында чачылып жаткан сүрөттөрдү бирден карап баштады. Башын көтөрүп Бегимайга тигилди.
– Аскаттын мындай сүрөттөрү үйдө жок. Сенде бар экен да...
– Сиз жаңылып жатасыз. Аскаттын мындай сүрөттөрү эч жерде жок. Анткени ал мындай сүрөттөргө таптакыр түшкөн эмес. Өзүңүз байкагандай, ал дайым спорттук күрмө менен жүрчү да...
– Ким билет? Балким...
– Жок, ал бир гана жолу мектепти бүтүп жатканда костюм кийген. Анда да өңү башкача болчу. Менин эсимде бар.
– Анан?
– Аскар байке, бул башка жигит. Интернетте менин бир курбум таанышып...
– Токтотчу, Бегимай, айланайын. Мен сени түшүнүп турам, бирок сен да менин абалыма түшүн. Минтип көрүнгөн адамдарга ишене берсең...
– Аскар байке, уксаңыз...
– Эмнени угайын, ыя?! Менин уулум тирүү экен деп калпагымды көккө ыргытайынбы? Башыңды айлантып, кимдир бирөөлөр Аскаттын сүрөтүн жасап жөнөтүп жаткандыр?.. Сени менен жөн гана ойногусу келип же өч алгысы келип... Билбейм, кандай максатта жасалган. Бирок бул сүрөттөр менен мени эч ким алдай албайт!
– Кечирип коюңуз...
Экөө тең шалдайып отуруп калышты.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
aku
2011-09-12 11:38:14
uff batyrak ayagyna chyksa eken mistika bolup baratat.
0
Rabihan
2011-09-12 15:42:50
эми кийинки санын кутолу.
0
Nevajno
2011-09-12 16:05:22
Аябай адамды кыйнадынар го!Эгер ал Аскат болсо олго адам ким?
0
operaledi
2011-09-12 17:38:39
Эгизи
0
Evelet
2011-09-12 18:21:56
Бир индийский фильмге окшоп баратат
0
skatoruk
2011-09-13 10:04:11
Мынчалык суйгон адам жок болсо керек дуйнодо
0
adelima
2011-09-13 12:12:07
бул окшоштук эмес,фотошоп менен Бегимайга жонотот. Бугимай менен Аскатты терен билген гана адам бул нерсени жасай алат.
0
bapa
2011-09-14 09:37:42
Аскар Токтосунович Малазияга командировкага барып ала жип аттап коет, ошондо Аскатка окшош бала жаралат :)
0
Dika
2011-09-15 14:51:39
bapa, Сен ошондой экенин кайдан билесин??? Мага бир ошондой ой кетти эле :-)))
0
Venchuk
2011-09-15 14:11:15
Коп коптон эле жазса эмне болмок
0
beka8585
2011-09-15 14:18:00
жакшы жазылыптыр аябай кызыктуу кино кылып тартса жакшы болмок
0
Dika
2011-09-15 14:55:45
Супер инфо гезитинин жааматы. Сиздерге бир сунуншум бар:"Сиздер бул окуяны режиссерлорго бергилечи. Алар кино тасма тартышсын". Ушундай кызыктуу кино тасма тартышса болмок. Кайдагы айыл жерде жашаган туугандарыбызды шылдындаган кинолорду тарта беришет.
0
Bahtin
2011-09-15 21:36:59
супер-инфо көп-көптөн жазгылачы!!! Суранам!!!
0
zzz---zzz
2011-09-17 16:27:02
Менимче бул мурдагы аялынын баласы мумкун эгизи энеси менен кеткен.
0
Zhan
2011-09-18 11:53:09
коп-коптон жазса Супер инфонун тиражы азаймак, ошону да билбейсинби
0
№ 462, 9-15-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан