ААЛАМ АПТА ИЧИНДЕ

Түркмөнстан

ТҮРКМӨН АЖО ЛИФТКЕ КАМАЛЫПТЫР
Түркмөнстандын мамлекет башчысы Гурбангулы Бердымухамедов президент үчүн жаңы салынган ак сарайдын лифтине камалып калыптыр. Ал “капаста” баш-аягы бир сааттай отурган. Лифттен чыгары менен президент Жогорку текшерүүчү палатасынын башчысы Батыр Атдаевге сөгүш жарыялаптыр.
Жаңы президенттик ак сарай 2011-жылдын майында ачылган. Ал 27-октябрда белгиленүүчү Түркмөнстандын 20 жылдык эгемендүүлүгүнө арналып, имараттын курулушуна 250 миллион евро сарпталган.

Ливия

КАДДАФИНИН КИЧҮҮ УУЛУ ЖАН БЕРДИ
Улуттук өткөөл кеңеш (УӨК) Муаммар Каддафинин уулу Хамистин каза болгонун тастыктады. УӨКтүн Коргоо министри Ахмад Банинин айтымында, Хамис Каддафи Тархун шаарында каза болуп, анын сөөгү Бани-Валид шаарында жерге берилди. Анда Каддафинин тарапташтары менен каршылаш жак дале айыгышкан күрөшүн улантууда. 28 жаштагы Хамистин кантип жана кандай шартта каза болгондугу жөнүндө кенен маалымат айтылган жок. Айтмакчы, буга чейин Хамистин көз жумгандыгы тууралуу маалыматтар бир канча ирет таратылган эле. Бирок кийин алар төгүндөлүп турган.
Хамис Каддафи ливиялык армияга караштуу атайын күчтүн 32-бригадасын башкарчу. Ал Москва шаарындагы Фрунзе атындагы Аскердик академияны аяктаган. Учурда Муаммар Каддафинин өзү кайда экендиги белгисиз. Айрым маалыматтар боюнча, Алжирде жашырынып жүрөт.

Орусия

ЖИРИНОВСКИЙ МИЛЛИАРДЕРГЕ СААТЫН КАРМАТТЫ
Орусиянын либерал-демо­кратиялык партиясынын лидери Владимир Жириновский телевизиондук эфир учурунда “Правое дело” партиясынын лидери Михаил Прохоровго саатын белекке берди. Берүү жүрүп жаткан кезде Прохоров популярдуу депутаттан калктын жакыр катмарынын укугун коргогон Жириновский эмне үчүн кымбат баалуу “Breguet” маркасынын саатын тагып жүрөрүн сураган. Бирок ал “саат кымбат эмес, чынында,
3000 рубль турат”
деген жоопту узатат. Прохоров ишенген жокпу, ошол саатты тартуулоосун сураганда Жириновский унчукпай туруп, саатты Прохоровдун колуна карматты.
Маалымат үчүн: Михаил Прохоров “Форбс” журналынын рейтинги боюнча, орусиялык миллиардерлердин алдыңкы катарында туруп, байлыгы 13 миллиард долларды түзөт.

Казакстан

МАМЛЕКЕТТИК ТЕЛЕКАНАЛ ЭМИ ОРУСЧА СҮЙЛӨБӨЙТ
1-сентябрдан тарта “Казахстан” телеканалы орус тилиндеги берүүлөрдү көрсөтүүнү токтотту. Күздөн баштап канал бир гана эне тилинде көрсөтүлөрүн май айында президент Нурсултан Назарбаев билдирген болчу. Телеканалдагы орус редакция толугу менен жабылып, анын кызматкерлери жайында эле жумуштан кетишкен. Ал эми телеканалдын сайтын казак жана орус тилдеринде көрүүгө болот.
Эскерте кетсек, өлкөдө казак тили – мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил болуп саналат. Мамлекеттик мекемелерде эки тил бирдей колдонула берет.

Украина

ЯНУКОВИЧ МЫКТЫ КӨЧҮРГҮЧПҮ?
"Украиналык чындык” интернет басылмасы президент Виктор Януковичти плагиаттык (чоочун чыгарманын автордук укугун ээлеп алуу) боюнча айыптап чыкты. Анткени мамлекет башчысынын жаңы “Opportunity Ukraine” китеби түрдүү адамдар тарабынан жазылган тексттердин бир катар абзацтарынан турат. “Башка авторлордун тексттерине шилтеме да берилген эмес”,- деп жазат басылма.
Буга чейин Янукович китеп тууралуу: “Чет жердик инвесторлор үчүн Украинанын жагымдуу шарт түзүп бере аларын көрсөтүүнү каалайм”,- деп айткан. Жаңы китептин алгачкы нускасы университеттерге таратылган. Плагиаттык боюнча президенттин реакциясы жарыялана элек.

Эльвира Караева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 462, 9-15-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан