Окурмандардан белгилүүлөргө арзуусун билдирген каттар көп келет. Барактап отуруп бирөөсүн сууруп чыктым. Анткени башкалардан өзгөчө жазылыптыр.
Сага да, махабатка таарынамын,
Бактылуу күндөрүмдү сагынамын.
Буулугуп ыйлай бердим өткөндү эстеп,
Бир тамчы көз жашыма арзыбадың...
«АРЗУУМ ЭМЕС, АРМАНЫМ ӨЗҮҢ»
– Айтурган – менин атым. Көпкө ойлонуп, жазсамбы, жокпу деп жүрүп акыры калем кармаганга туура келди. Арзуум эмес, арманым Гүлжигит Сатибеков болду. Жок, мен аны сүйбөйм, жөн гана ырлары жүрөккө жакын. Бирок жактырбайм деп жүрүп жүрөктөн кетип калбасам экен дейм. Айланайын Гүлжигит, менин тагдырымды билип койгонсуп неге мынча боздоп ырдайсың?! Сен ырдасаң, мен ыйлайм. Көкүрөк өйүп, көз жаш төгүп кирем. Буга менин шордуу бешенем себептир...
Бир маегиңди окуп калдым эле, “Көз жаш” деген ырымды Орусиядагы бир мекендеш карындашымдын ыйынан улам жаздым” деген. Ошол Орусиядагы сен кездештирген карындашың болбосом да, анын тагдыры менен менин жашоом окшош экен.
Үйдө жалгыз кызмын, калганы эркек бир туугандарым. Жебегенди жеп, ичпегенди ичип, ата-энемдин эрке кызы болуп чоңойгонум чын. Билимдүү болоюн деп 5 жыл окуп, эл барган жакка мен да барып көрөйүн деп Орусияны көздөй кеттим. Алыс туугандар менен жашап, жакшынакай иштеп жүргөм. Чогуу иштеген бир эже “менин иним бар, тааныштырам” десе көңүл бурган эмесмин. Бир күнү инисин ээрчитип келиптир, качсам болбой “кагылайын, тааныш, өзүң чоң эле кызсың, иним жакшы” деп тааныштырды. Бир караганда өң-келбети түзүк эле байке экен, таанышып койдум. Ошондон баштап телефон чала баштады. Ага турмушка чыгам деген ой жок болчу. Баягы тааныш эже туулган күн өткөрмөй болуп квартирасына чакырып, “ала качып келдик сени” деп кетиришпейт. Ыйлап-сыктап “жинди болбогула” деп жатып чарчадым. Бир убакта “ата-энең менен сүйлөштүк, өзүң сүйлөш жеңең менен” дешти. Жеңем “кыз, биз сураштырдык, жакшы үй-бүлө экен, анын үстүнө силер көптөн бери сүйлөшүп жүргөн турбайсыңарбы” деп демимди басып койду.
Ошол ошол болду, мен жашап калдым. Башында мени укмуш карап, аяр мамиле кылчу күйөөм. Кийин башка батирге бөлүндүк. Мына ошондо азап башталды. Жин тийген немеден беш бетер эле урат, сабайт эч себепсиз. “Жададым мен ушул Москвадан!” деп орустар акча бербей койсо менден чыгарып көк ала кылат. Чыдадым, жакшы эле чыдадым. «Урса мейли, акчам жок бөлөк эл, бөтөн жерде каякка барам?» деп жашап жүрдүм. Телефонумду чаап сындырып салган.
Бир күнү Кудай жалгап тааныш эже келип калган экен, карыздап акча алып Кыргызстанды көздөй сыздым.
“КИРПИККЕ ЖАШЫРА АЛБАЙМ ТАМЧЫЛАРЫМ...”
Ош-Бишкек жолунда баратам. “Узун жолду кыскарталы, музыка угалы” деген айдоочу кыргыз ырларын койду. “Мен сага алданыпмын, бал ширин сөзүңө арбалыпмын, бир тамчы көз жашыма арзыбадың...” деп Гүлжигит Сатибеков ырдаган сайын солуктап бараттым. Айдоочу кайдан билсин, ал ансайын жалаң Гүлжигиттин кайгылуу ырларын коёт. Ошентип, үйгө кантип жеткенимди да байкабадым, ыр аралаш ыйлап отуруп. Айлар өттү, кыздуу болдум. Баламды кучактап отуруп да ошол ырчынын ырын угам. Апам урушат “түнөрбө болду, кайдагы кайгылуу ырларды укпа” деп. Ага деле болбой угам. Анткени менин дартым ошол ыр саптарында чагылып жатпайбы.
Бир күнү биздин клубга Гүлжигит концерт коюп келиптир. Жетип бардым го. Мурда-кийин көрбөсөм да, жылуулук бардай сезилди. Балким, буга ал ырчынын да турмушу менин жашоомо окшош болгону себептир. Жакында эле “Балама” деген ыры чыгыптыр. “Ата деген сөзүң угалбай акылымдан кетип барамын, Ата Журтуң издеп табарсың...” деген саптары өзөгүмдү дагы бир жолу өрттөдү. Анткени кызым атасыз өсүп келет. Төрөдү дегенди уккан айбан деле издеп келмек баласын, аттиң! Кыскача ушундай. Ким билет, балким, бул кат Гүлжигитке жетсе мени издеп табаттыр. Ошондо, балким, жакшы чыгармалар жаралат беле?..
Бурул Исмаилова
star@super.kg