Өмүрбек Текебаев, ЖКнын депутаты, «Ата Мекен» фракциясынын лидери: «МИГРАНТТАР КЕЛТИРГЕН ПАЙДАНЫ БИР ДА ӨКМӨТ КӨРГӨЗӨ ЭЛЕК»

Соңку 20 жылдын ичинде айыл-кыштактын эли шаарды көздөй, алы жеткени чет өлкөнү карай агылды. «Ички жана тышкы мигранттардын саны бир миллионду чапчыйт» дешет. Ар бир бешинчи кыргызстандык жарандын тагдыры жакын арада Жогорку Кеңеште «ата мекенчилердин» демилгеси менен каралмакчы.

– Өмүрбек Чиркешович, шайлоо өнөктүгүнө түздөн-түз таасир этчү миграциянын учурдагы абалына кандай баа бересиз?
– 1990-жылы СССР кулап, көз карандысыз мамлекеттер пайда болду. Коомдук-экономикалык түзүлүштө фундаменталдык өзгөрүүлөр жүрдү. Анын натыйжасында өлкөдө эконо­микалык-саясий кризис болуп, бүткүл коомдук-экономикалык мамилелер түп-тамырынан бери кайрадан түзүлдү. Бул кырдаал элибиздин көнүп калган жашоо образын да өзгөрттү. Алардын бири – миграция. Кыргыздар эзелтен көчмөн калк болгону менен, өз айылына, турган жерине көнүп, ынак болуп, башка жакка баргысы келбеген калк. Турмуштун кыйынчылыгынан улам тууган-уругун, үй-жайын, көнүп калган ата конушун таштап башка жактарга жер оодарып, алгач ички миграцияны жаратты.
Мен ушул ички миграцияга айрыкча көңүл бургум келет. Жумуш издеп кичи жана чоң шаарларга 100 миңдеген адамдар көчүп келди. Өзгөчө Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана башка чоң шаарларга, анан Чүй облусуна агылды. Менимче, жалпы орун которгон адамдар үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо Кыргызстандын ичинде эле миллиондон ашат. Бул эбегейсиз чоң кыргыз көчү. Советтик доордо социалдык-экономикалык пландаштыруунун өзүнүн методикасы болгон. Адамдарга мамлекеттин социалдык-маданий кызматтары ал жашап турган, катталган жери аркылуу көргөзүлгөн. Кырдаал өзгөрүп, адамдар орун которгону менен, эски методика азыркыга чейин сакталып турат.
Мына, Сокулук районундагы эле дачаларда 23 миң үй-бүлө жашайт экен. Алар – Кыргызстандан кетип жаткан орустардын, немистердин дачаларын арзан сатып алгандар. Дача, жер тилкелер айыл, эл жашаган конуш катары эсептелбегендиктен, ал жерге каттоого тура алышпайт. Булардан сырткары Сокулук районунда батирлерде жашагандары канча? Бишкек шаарында, Чүйдүн башка райондорунда 100 миңдеген үй-бүлөлөр ондогон жылдардан бери батирлерде жашап-иштеп жүрүшөт. Карасаңыз, жарым миллиондон ашык калк Бишкектин айланасында каттоосуз жашоодо.
Тажикстандан, Өзбекстандан келген этникалык кыргыздар да жарандык ала албай, алса да менчик үйү болбогондуктан каттоосу жок жашап келишүүдө. Мындай көрүнүш адам укугун кескин түрдө чектейт. Мисалы, кош бойлуу келинди төрөт үйү кабыл албайт. Пара берип төрөөгө туура келет. Балдарын бала бакчага, мектепке албайт. Пара берип орноштуруш керек. Сыркоолоп барса же оорукана кабыл албайт. Дагы пара менен дарыланууга туура келет. Кудай өмүр берсин дейли, эгер ажал келсе, көрүстөндөн жай алууга да пара бересиң. Бул социалдык-экономикалык укуктардын чектелүүсү гана. Ал эми жергиликтүү жана республикалык шайлоолорго да алар катыша алышпайт. Булар тирүүнүн өлүгү болуп калышкан. Бар, бирок мамлекет, коом аларды жок деп эсептейт.
Биз, «Ата Мекен» социалисттик партиясы бул эскирген тартипке өзгөртүүлөрдү киргизип, реформа жасаш керек деп ойлойбуз. Биринчиси башталды. Азыр жарандар каттоого турган жеринен эмес, иш жүзүндө жашаган жеринен добуш бере алышат. Экинчи этап: биз каттоо институтун жоготуп, бул жерде жашаган адамдардын менчиги болбосо да, туруктуу иштеген жеринде катталуу тартиптерин иштеп чыгарабыз. Бул, маселен, Сокулук районундагы калктын 1,5 эсе көбөйүшүнө алып келет. Кээ бир айылдарда, мисалы, Военно-Антоновкада расмий калк 2 эсе көбөйдү. Бишкектин да калкынын санын аныктайбыз. Сентябрда «дачаларга калк жашаган айыл, конуш деген статус берилсин» деген мыйзам долбоорун киргизип жатабыз.
Мамлекет ал адамдардын бар экендигин моюнга алат. Алардын маселелерин чечүүнү өзүнүн милдети катары эсептейт. Демек, ошол айылдарга жол салынат, балдар бакчасы, мектеп курулат же жакынкы мектеп, ооруканаларга бекитилет. Республиканын социалдык-экономикалык программасын иштеп чыгып, планын түзүүдө калктын реалдуу саны эске алынат. Бүгүн Бишкек жана анын айланасындагы райондордо, Ош, Жалал-Абад шаарларында социалдык инфраструктуранын жүгү көп. Анткени адамдардын саны арбын. Бул каттоо системасын регистрациялагандан кийин ал адамдардын бар экендиги, алардын реалдуу талаптары жана кызыкчылыктары мамлекеттин программасында эске алынат жана айыл, шаарларга калктын санына жараша акча бөлүнөт. Жаңы оорукана, мектеп курулат же эскилери кеңейтилет. Дачалык жер тилкелер электр энергия менен камсыз болот. Ушинтип, бир эле мыйзам, бир эле институттук өзгөрүү 100 миңдеген ички мигранттардын тагдырына таасирин тийгизет.
– Тышкы мигранттардын да маселелери каралабы?
– Тышкы мигранттардын саны да булардан кем эмес. Анткени Кыргызстанда эптеп тапкан акча көп адам­дарга жетпейт. Жумуш орду да жетишпейт. Ошондуктан өз үй-бүлөсүнө, мекенине жардам бергиси келгендер бөтөн жерлерде, ар кандай шартта иштеп, акча таап, үй-бүлөсүн, мамлекетти багып келе жатат. Кыргызстандын алсыз экономикасын өлтүрбөй кармап турган негизги себептердин бири бул – тышкы мигранттардын биз­ге көргөзгөн көмөгү. Ар жылга жараша жылына 1-2 миллиард долларга чейинки нак акча Кыргызстанга келип турат. Жыл сайын алмашкан бир да өкмөт кыргыз экономикасына мынчалык жардам көрсөткөн эмес. Жакынкы күндөрү көргөзө да албайт. Ошондуктан мигранттар – биздин экономиканын чөкпөй турушуна салым кошкон негизги күч.
Азыр биз тез арада Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүп, дароо эле 100 миңдеген жаңы жумуш орун ачып, татыктуу айлык аларына кепилдик бере албайбыз. Буга реалдуу мамиле кылып, мигранттарды бүгүн баарын чакырып келебиз дегенден алыс болушубуз керек.
Биринчи кезекте алар иштеп жаткан өлкөлөрдүн өкмөт, мамлекет башчылары менен сүйлөшүп, мекендештерибиздин иштешине ыңгайлуу шарт түзүп бере алгыдай болушубуз керек. Экинчиден, мигранттардын оор шарттарда, кыйынчылык менен иштеп тапкан акчалары кыргыз экономикасына жукпай жатат. Кыргыздар жаман көргөн кишисин «тапканың жукпай калсын!» деп каргайт. Биздин эл, мамлекет бирөөнүн каргышына калганбы? Тышкы мигранттардын мээнет кылып тапкан акчасы Кыргызстанга кирип-кирбей эле сыртка кетип жатат. Мисалы, 740 миллион доллар 1 миллион 150 миң тонна күйүүчү май сатып алуу үчүн сыртка кетет. Жылына автомашина сатып алууга сыртка 150 миллион доллар кетет. Уюлдук компаниялар да чет элдики болгондуктан, кыргызстандыктардын сүйлөшүүлөрүнөн 100-150 миллион долларлык акчасы тышка кетет. Импорт экспортко караганда 1,6 эсе көп. Кийим-кече, азык-түлүк жана башка өзүбүздө жасала турган буюмдардын баарын сырттан сатып алабыз. Демек, өкмөттүн программасындагы негизги басым мигранттардын жылына мекенине жөнөтүп жаткан 1 миллиард, кээ бир жылдары 2 миллиарддай акчасын кыргыз экономикасы үчүн иштетип, өзүбүздөн товар өндүрүп, ошол товарды мигранттардын ата-энелери сатып алып, кошумча жумуш орундар ачылып, алардын Кыргызстандагы ини-карындаштары, эже-сиңдилери иштегендей болуп, маңдай тери менен тапкан акча Кыргызстанга кирип-кире электе Казакстандын көмүрүн, Кытайдын кийимин сатып алганга жумшалбастан, өзүбүзгө жуга тургандай шартты түзүп берүүгө жасалыш керек. Өкмөттүн эң башкы милдети ушул деп эсептейм.
Биз чет өлкөлөрдөн 50 же 100 миллион доллар алып келсе эң чоң инвесторубуз деп сыйынып, 10 жылда 400 миллион доллар алып келген инвестор өлкөнүн этегине намаз окуйбуз. Ал эми өзүбүздүн карапайым эле калкыбыз, уул-кыздарыбыз мамлекеттин казынасына 2 миллиард долларга чейин алып келип зор пайда келтирип жатканын баалабайбыз. Демек, бүгүнкү күндөгү биздин шорубуз – ошол акчалардын кыргыз экономикасына жукпастан, дароо сыртка кетип калып жаткандыгында. Муну өкмөттүн кылмыштуу шалаакылыгы деп айтсак жарашат.
– Кош жарандыгы бар эмгек мигранттардын өлкөгө кайтып келүү укугу бизде канчалык деңгээлде чектелүү?
– Ооба, азыр жарандарыбыздын көпчүлүгү Орусиянын паспортун алып, иштеп жүрүшөт. Баш мыйзамдын долбоорун жазып жатканда кош жарандык институтунун мүмкүнчүлүгүн кошо киргизгем. Айласыздан кош жарандык алган жарандарыбыздын «Кыргызстанга келсек, мекенибизде жашап-иштесек» дегенде эки көзү төрт. Бирок биздин мыйзамдарда кош жарандыгы бар жарандар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга иштей албайт деген норма бар. Бул көп адамдардын келечегине балта чабууда. Ошондуктан биз мыйзам долбоорун даярдап, кош жарандыгы бар адамдар жогорку бийлик органдарында гана иштей албайт деп, башка кызматтарга чекти алып салалы деп жатабыз. Тагыраак айтканда, өкмөт мүчөсү, сот, депутат жана башка жогорку кызмат органдарына гана чек коюп, көр турмуштун айынан убактылуу чет жактарда иштеп жаткан билимдүү, тажрыйбалуу адистер кайра келип өз өлкөсүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөөсүнө шарт түзүп беришибиз зарыл.
– Чет өлкөлөрдө шайлоолор консулдук мекеме менен элчиликтерде гана өтсүн деген чечим мигрант-шайлоочулардын укугун чектеп койгон жокпу?
– Ушул кезге чейин чет жактагы мигранттардын укугу жөнүндө гана сөз болуп, ички мигранттарыбызды унутуп калганбыз. Алар дагы жарым миллиондон ашык. «Ата Мекен» партиясынын сунушу менен биз алардын иш жүзүндө жашаган жеринен добуш берүү укугун камсыз кылдык. А чет элдеги убактылуу жашап жүргөн биздин жарандар да өз өлкөсүнүн тагдырына кызыгышат. Андыктан мамлекет аларга да шарт түзүп бериши керек. Бирок добуш берүү мыйзам боюнча, жалпы эле дүйнөлүк практикада белгилүү болгондой, Кыргызстандын атайын расмий өкүлчүлүгү, элчилиги, консулдугу бар жерлерде гана жүргүзүлөт. Анын үстүнө учу-кыйыры кең Орусиянын региондорунда, шаарларында жашаган шайлоочуларыбыздын баарына бүгүнкү технологиялык мүмкүнчүлүгүбүздүн чегинде добуш берүү шартын түзүп беришибиз кыйынга турат. Бул нерсе, албетте, шайлоочулардын жана мамлекеттин мүмкүнчүлүгүн чектейт.
– Азыр мигранттардын дээрлик 80 пайызын жаштар түзөт. Алар Кыргызстандын жетекчилеринин өң-түсүнө, сырткы келбетине да маани беришери белгилүү болду...
– Албетте, жарандар өз мамлекети менен сыймыктангандай болушу керек. Ошондо гана мамлекет өнүгүп- өсөт. Бул талашсыз нерсе. Мамлекеттин жүзү болгон жогорку бийлик өкүлдөрүнүн жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөзү, алардын компетенттүүлүгү, алган чечимдери учурдун талабына жана замандын реалдуулугуна дал келиши керек. Анткени өлкөнүн, элдин имиджи жөнүндөгү пикир мамлекеттин официалдуу жетекчилеринен улам түзүлөт.
– Кыргызстандын элчилиги, консулдугу жок өлкөлөрдө жашап-иштеп жүрүп кылмыш жообуна тартылган мекендештерибиздин абалын кантип жеңилдетсе болот?
– Кыргызстан – мүмкүнчүлүктөрү кеңири эмес, кичинекей өлкө. Ошондуктан дүйнөнүн бардык мамлекеттерине өз элчилик, өкүл­чү­лүк­тө­рүбүздү ача албайбыз. Ага карабастан бир өлкөдө ачылган элчилик бүтүндөй региондогу өлкөлөрдө иштеп, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоого аракет кылат. Бирок ар бир жаран кириптер болгон маселелерди чечкенге мүмкүнчүлүгү жетпейт. Андыктан мамлекет башчысы жана өкмөт чет жактагы жарандарга укуктук жардам көргөзүү боюнча бардык өлкөлөр менен эки тараптуу келишим түзүү керек. Жок дегенде кылмыш жасап камалган жараныбыз Кыргызстанга келип, жазасын өз өлкөсүндө, тууган-уругунун жанында өтөй тургандай шарт түзүп беришибиз керек.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 462, 9-15-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан