Бир учурда жылдызы жанып, сахнадан орун бербеген ырчылар биринин артынан бири жайнап кетти эле. Бүгүнкү күндө алардын көпчүлүгүн сахнадан сыйпалап да таппай калдык. Ошондон улам алар азыр кайда, эмне иш менен алек экенин изилдеп көрдүк.
СЕМА УСТА БОЛУУДА
“90-60-90” деп дуэт ырдатып, Кундузду популярдуу кылып коюп, өзү жок Семанын. Самарбек тигүү цехин ачып, Орусияда айымдардын кийимдерин сатыкка чыгарууда. Минтип акчанын артынан түшүп алган болсо, чыгармачылыгына чекит койсо керек деп турсак, жок, тескерисинче, эми кайра белсенип иштегени турам дейт. Анысын далилдеп, “Эне-Сай” деген продюсердик борбор ачам” деп чуркап жүрөт. Ошондой эле Кара-Кулжа районундагы ата-энесинин үйүн учурда усталарга ишенбей, өзү оңдоп-түзөп жатканын кабарлады.
ГҮЛ КАЙРА ГҮЛДӨЙБҮ?
Убагында Султан, Акбардын ырларын жазып берип, кийинчерээк өзү да ырчы болуп алган Ташкент кызы Гүлдүн көрүнбөй кеткенине үч жыл болду. Ал учурда музыкалык аспаптарды жасаган чакан ишкана ачып, балдарды иштетип жатканын билдирди. Учурда Раяна аттуу 2 жашар кызын бала бакчага берип, эми кайра ырдамакчы болуп эки ыр жаздырып жатыптыр.
КАЙРАТ КАФЕНИ ТАНДАП...
Бойдокчулук, атактуулук Кайрат Примбердиевдин мурдагы жашоосунда калып калды. Анткени ырчы үйлөндү, ал тургай балалуу да болду, анан эле сахнадан алыстап кетти. “Чын эле мурдагыдай чыгармачылыкта иштебей калдым. Кошумча акча табыш керек болду” дейт. Кыязы, ырчылык менен үй-бүлөнү багыш кыйын окшобойбу, Кайрат кафени тандап кеткенине караганда. Бирок такыр эле ырчылыкты таштап салбай, ыр сынактарга катыша коюп жүрөт, гастролдорго чыкпай калганын эске албаганда.
САПАР ҮЙЛӨНӨМ ДЕП...
Сапар Сопубековду эл унутуп койгондой. Сураштыра келсек, Айчүрөк эжеси менен эле иштешип жатканын айтып, бирок сахнадан көрүнбөй кеткенин мойнуна алды. Борборубуздагы ресторандардын биринде музыкант болуп иштеп жатыптыр. Баса, сүйгөнүн да тааптыр, бул жигит. Ошондуктан Ош шаарына үй салып жатат, үйлөнсөм дегенде эки көзү төрт болуп.
МЭРИ ШАКУЛИНА КОШ БОЙЛУУ
“Сагынба, сагынба” деп ырдаган Мэри Шакулина турмушка чыгар замат эле сахна менен кош айтышкан. Учурда бир жарым жаштагы Умар аттуу уулун тарбиялап жаткан Мэри дагы кош бойлуу. “Эки айдан кийин экинчи наристелүү болом” деп кубанууда.
АРТЫКТЫ «МАДИНАДАН» ТАБАСЫҢАР
“Атага катты” ырдап элдин муун-жүүнүн бошоткон Артык Саитовдун дайыны чыкпай кеткен эле. Кээ бирлери аны “молдо болуп кеткен” деп айтып жүрүшөт. Өзүбүз байланышканыбызда, ырчылыктан соодагерликке ооп кеткенин айтты. “Учурда “Мадина” базарында соода кылып, оокатымды өткөрүп жатам, беш маал намазды да үзбөй окуйм” дейт. Артыктын чыгармачылыктан алыстап кеткенинин себеби да намаз окуп калганына байланыштуу. Мусулманчылыкта ыйман тууралуу ыр ырдаса болорун уккан Артык үч жылдык тыныгуудан кийин кайра ыр жаздырсамбы деп олку-солку ойдо жүрөт.
Мындан сырткары Азиз Жетигенов, Аида Кулуева, Самат Дөөлөтбаков, Азиза, Ислам Акматов, Эрмек Маматов, Алькамиль, Нурлан Алдаяров, Айя Садырова, Салкынай Алиева, Ирлан Таалайбеков, Алмаз Алыкулов, Мелис Абдрашитов, ал тургай Ынак Осмоналиев да чыгармачылыкта эле жүргөндөрү менен, дымдары чыкпай калды.
Венера Кабакбек кызы
star@super.kg