Кыргыз искусствосуна чоң салым кошкон белгилүү айкелчи Тургунбай Садыков өмүр таржымалы туурасында баяндайт.
«АТАМ СОГУШТАН КАЙТПАЙ КАЛДЫ»
– Тоолордун колтугунда жайгашкан Баткендеги Говсувар айылында 1935-жылы туулгам. Ата-энем да өнөр адамдары эле. Атам Садык жыгач уста, апам Ырыс саймачы, бычмачы болчу. Анын колунан чыккан чапандарын бүт айыл кийчү. Азыр да эстелик катары кайчысын, тиккен чапандарын катып жүрөм. Ал эми атам жыгачтан чокойлорго калып жасап, ага териден ултарып, чокой тикчү. Өкүндүргөнү, атамдын эмгектеринен сакталганы жок, калыптары согуш учурунда отко жагылып кетти. Согушка атам менен Турдубай аттуу агам аттанышып, атам кайтпай калды. Агам келип, атамдын мойнундагы бүт жүгүн өзү көтөрүүгө аргасыз болду.
«ДУБАЛ, ДАРАКТАРГА СҮРӨТ ТАРТЫП...»
– Тегиз жерге түшкөн чаңга отура калып сүрөт тартып, ылайдан, чоподон бир нерселерди жасап, боз ала чаң болуп эле мал кайтарып жүрөр элем. Ал кезде сүрөтчү же айкелчи деген кесип бар экенин айылда эч ким деле билбесе керек.Ушундай күндөрдүн биринде чаңга аттын, тоонун сүрөтүн жаңы эле түшүргөнүмдө үч атчан киши жаныбызга келип калышыптыр. “Муну ким тартты?” деп каардуу сурашканынан балдар мени көрсөтүп эле качып жөнөштү. Ал атчандардын бири эңкейип мени көтөрүп алдына отургузуп алды да, мага сүрөтчү деген кесип болорун айтып, “сен сүрөтчү болосуң” дешти. Ошол атчандар ким болду экен деп азыркыга чейин ойлоном.
Кийин мектепте окуп калдым. Анда Ачыл аттуу менин биринчи мугалимим сүрөт тартууга калем-кагаз берип, көп жардам кылды. Кайсы гана сабак болбосун, сүрөт эле тарта берчүмүн. 1947-жылы өпкөсүнө катуу суук тийип, апам оорудан көз жумду. Карындашым Айнагүл агамдын колунда калып, мени Оштогу жатак-мектепке тапшырышты.
Согуштан кийинки жылдары биз көрбөгөн кордук калган жок. Кийинчерээк агамдын Жапалактагы Тай Хасанов аттуу досунун үйүндө жүрдүм. Сүрөт тартууга кагаз жок болгондуктан, анын үйүнүн дубалдарына тартып, бак-дарактарына чейин сүрөткө жыш толтуруп койгон элем.
«АВТОБЕКЕТТЕРДЕ ТҮНӨП ЖҮРДҮМ»
– 1954-жылы мектепти бүтүп, “мен окушум керек” деп бир баштык кийимимди чогултуп алып Фрунзени көздөй бет алдым. Тилекке каршы, бизде айкелчилик багытта билим алуу мүмкүн эмес болгондуктан, Медициналык институттун дарылоо факультетине тапшырып, өтүп кеттим.
Окуп жүргөн күндөрдүн биринде кокусунан Ольга Мануйлованын көргөзмөсүнө кирип калдым. Ошол күндөн тартып жан дүйнөм өз кыялдарына жол тапкандай күн сайын сабактан кийин көргөзмөгө барчу болдум. Эмне жеп, кантип курсак тойгузганым эсимде жок, бирок түнкүсүн автобекетте түнөчүмүн. Акыры ошол кездин атактуу скульптору В.Пузыревскийдин өзү менен да таанышып, жарым жылдан кийин окуум да калды. Баш-отум менен бул жаатка оодум. Анын жардамчысы катары алгач ылай жасап, полун жууп, акырындык менен ишке аралаша баштадым.
«СКУЛЬПТУРА ДЕП МУУНДАРЫМ ИШТЕБЕЙ КАЛГАН»
– Жер төлөдө жайгашкан ишканада жалаң суу менен нымдалган ылайда иштеп жатып 1957-жылы полиартрит оорусуна кабылып, манжаларым таптакыр иштебей калды. Врачтардын “бул ишиңди ташташың керек” дегенине карабастан, айкелдердин үстүндө иштөөмдү уланттым. Ошол эле жылы биринчи жолу өз колумдан чыккан алгачкы чыгармам менен Кыргызстандагы Жаштар фестивалында айкелчилик боюнча лауреат болдум. Ал эми 1961-жылы чыгармаларым Бүткүл Союздук көркөм сүрөт көргөзмөсүнө коюлуп, андан легендарлуу скульптор С.Коненковдун көзүнө илинип, ошондон баштап итим чөп жей баштаган. Анын жардамы менен Москва жогорку көркөм-өнөр жай училищесинин скульптура факультетин бүтүрдүм. Бул тууралуу айта берсе, сөз узун. Жыйынтыгында минтип Социалисттик Эмгектин Баатыры, СССРдин Эл сүрөтчүсү, Кыргыз Эл Баатыры сыяктуу бир нече наамдардын ээси болуп отурам.
«ҮЙ-БҮЛӨ ЖААТЫНДА»
– Эми үй-бүлө жаатында бир аз кеп козгосом, Бермет аттуу жубайым бар. Кесиби боюнча курулуш инженери. Бир жылча сүйлөшүп жүрүп, анан 24 жашымда баш кошком. Ата-энем болбогондон кийин эч кандай калың деле төлөгөн эмесмин. Эч кимге жар салбай, тымызын гана үйлөнүп алганбыз. Улан деген уулум бар, 45 жашта. Ата жолун улап Москвадагы Суринов атындагы Көркөм сүрөт академиялык институтун бүтүргөн. Айкелчи, профессор. Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы. Бермет экөөбүздү неберелерибиз тез-тезден келип сүйүнтүп турушат. Жашоодо чоң өксүгүм бар. Ал – менин Чынара аттуу кызымдын 25 жашында оорудан улам дүйнө салганы.
КОШУМЧА
Бош убактысынын баарын ишканасында өткөрөт. Азыркы чакта “Кыргызстандын илимпоздору” деген аталыштагы портреттердин үстүндө иштеп жаткан учуру. Жыл мезгилдеринен жаз жана күз айлары жагат. Мектепте математикадан “2” алып, химия, биология, тарых сабактарын “5ке” окучу экен. Учурда “Кыргызстандын лидерлери. Орусияга карай жол” деген китепти окуп жатат.
«ЭРКИНДИК» ЭСТЕЛИГИ ТУУРАЛУУ
– Сиздин колуңуздан жаралган “Эркиндик” эстелиги аянттан алынып салынды. Оюңуз жана абалыңыз?
– Эстелик 31-августта, эркиндиктин 20 жылдыгында аянтта турушу керек болчу. Алып ташташкандарын туура эмес эле көрдүм, ичимден капа да болдум. Ошентип чечишкен экен, эмне дейбиз, чакырып айтышканда макулдугумду бергем. Бирок шаардын башка жерине алпарып коюшмак. Кызыгы, эстеликти жасап баштаардын алдында канча адамдын алдынан өтүп, текшерилип, акырында бекитилген вариант менен жасалган. Ошол кезде бир да адам “туура эмес болуп калат” деген эмес эле.
– “Бул эстелик Майрам Акаеванын сунушу менен тургузулуп, анын жүзүн чагылдырган” деп да жүрүшөт...
– Жок, андай болушу мүмкүн эмес. Ал – жалпы кыргыз кыздарынын жүзү. Анда он беш чакты кыргыз аялзатын чагылдырган элем. Алардын бири дагы Майрам Акаева эмес болчу. Эстеликке ал кишинин таптакыр тиешеси жок.
– “Эң башкы катасы – аялга түндүктү көтөртүп койгондугу” деп айтышат...
– Ал жерде аял түндүктү көтөрүп турган жок, жөн гана колу тийип турат. “Манаста” деле Каныкей апабыз турмушка чыгарда төркүнү тажик эли болгондуктан, боз үй тигүүнү билишпей, 40 үйдүн түндүгүн өзү көтөрбөдү беле, анын эмнеси бар? Менимче, ал эстеликте айып деле жок эле. Искусствону түшүнбөгөндөрдүн иши болду.
– Айкелди алып жатканда “түндүк кармаган колу буга чейин эле сына баштаган экен, бир күнү түшүп калмак” деген сөздөр айтылды.
– Эч кандай сынган эмес, ал бекем темирден жасалып жатса, кайдан сынмак эле?
– Учурда “Эркиндик” эстелиги кайда?
– Бул эстелик учурда мэриянын кампасында жатат. Коюла турган жер изделүүдө. Азырынча Эркиндик гүлбагы менен Жибек Жолунун кесилишин пландашууда.
– Аянтка жаңы тургузулган “Манас” жана Айтматовдун эстеликтерине пикириңиз...
– Мен жараткан эстеликти алып таштагандан кийин жаңы коюлган эстеликтерди менин сындаганым туура эмес болот го. Комментарий бербей эле койгонум дурус.
Чолпон Сүйүнбаева
koom@super.kg