27-августтан 4-сентябрга чейин Түштүк Кореянын Тэгу шаарында жеңил атлетика боюнча Дүйнөнүн 13-чемпиондугу өттү. Ага дүйнөнүн 212 өлкөсүнөн 3500 спортчу катышып, белгилүү спортчулар Усэин Болт жана Елена Исинбаева көпчүлүктүн көңүл борборунда болушту. Ошол эле учурда уюштуруу жагына зор салым кошкон “Маннам” волонтёрлор уюмунун эмгегин көмүскөдө калтырып болбойт. Уюм мүчөлүгүндө 300 волонтёр болуп, алар Түштүк Корея, ЮАР, АКШ, Канада, Орусия, Украина, Казакстан, Өзбекстан, Германия, Түркия, Япония, Кытай өлкөлөрү менен катар биздин мекендештерибизден да куралган. Мелдешке келсек, биринчилик 25 медаль уткан АКШга буюрду.