“Жаз – жарыш, күз – күрөш” демекчи, күз баш багары менен балбандар үчүн көптөн күтүлгөн күн келди. 12-18-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында күрөш боюнча (грек-рим күрөшү, эркин күрөш жана аялдар арасында) Дүйнө биринчилиги болот. Биринчилик алкагында алдыңкы 5 орунга илинген балбандар «Лондон-2012» Олимпиадасына жолдомо алышат. Жер Ортолук деңизин көздөй өлкөбүздөн 17 балбан билек түрө аттанды.
Грек-рим күрөшү боюнча 7 балбан: Арсен Эралиев (55 килограмм салмакта), Руслан Түмөнбаев (60), Канатбек Бегалиев (66), Данияр Көбөнов (74), Жанарбек Кенжеев (84), Азат Эркинбаев (96), Мурат Рамонов (120).
Эркин күрөш боюнча 6 балбан: Алтынбек Алымбаев (55), Базар Базаргуруев (60), Иннокентий Иннокентьев (66), Ильгиз Жакыпбеков (74), Айбек Усупов (84) жана Айаал Лазарев (120). Ал эми аялдар арасында намысыбызды Мехринисо Нурматова (48), Гүлина Кубатбек кызы (55), Айсулуу Тыныбекова (63) жана Яна Панова (72) коргошот.