МИХАИЛ СААКАШВИЛИ – УЛУУ РЕФОРМАТОР

МИХАИЛ СААКАШВИЛИ НИКОЛОЗОВИЧ
Грузиянын президенти.
1967-жылы 21-декабрда Тбилиси шаарында төрөлгөн.
1992-жылы Киев Эл аралык мамилелер институтунун эл аралык укук факультетин аяктап, 1995-жылы АКШдагы Жорж Вашингтон атындагы университетте доктордук диссертациясын жактайт.
Үй-бүлөлүү. 2 уулдун атасы.
Англис, француз, орус, украин жана испан тилдерин билет.

КИМ ЭЛЕ, КИМ БОЛДУ?
“Менин президенттигим грузин элинин башкаруусу болот. Грузиянын президенти өзгөрүп, ал өлкөдөгү ар бир үй-бүлө үчүн жакын кишиге айланат. Мен эч качан бирөөнү да кыйынчылыкка калтырбай, бир да жаранды кемсинтүүгө жол бербейм”,- деп Михаил Саакашвили өзүнүн шайлоочуларына сөз берген. Жагымдуу сөздөр, ээ? Биздин чиновниктерди сүйлөтүп койсо, мындан да жалындуу сөздөр айтылат. Болгону, биздин чиновниктерден айырмаланып, Михаил Саакашвили сөзүнө бекем туруу менен Грузияны, анын элинин жашоосун жылдан-жылга жакшыртып келе жатат.
Михаил Саакашвили интеллигенттердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Атасы Николоз – медик. Апасы Гуили Аласания – тарыхчы. Николоз уулу төрөлгөнгө чейин эле ажырашып, башкага үйлөнүп алат.
Киевдеги университетти кызыл диплом менен аяктаган соң АКШ департаментинин стипендианты катары Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университетине жөнөйт. Анда 1994-жылы укук боюнча магистрдик деңгээлин алат. Кийин Страсбургдагы Адам укуктары университетинде билим алуусун улантып, ушул эле тармактагы Флоренция жана Гаага академияларын да бүтүрөт. Үстү-үстүнө дипломдорду жыйган Саакашвили саясатка аралашып калбаса, дүйнөдөгү кадыр-барктуу адвокаттардын катарын толуктамак.

РОЗАЛАР МЕНЕН ТААЖЫ КИЙИП...
Чет өлкөлөрдө иштеп жүрүп, саясаттын «сахнасына» 1995-жылы Грузиянын атактуу саясатчысы жана досу Зураб Жваниянын чакыруусу менен келип калат. Анын “Грузия жарандарынын союзу” деген партиясынан депутат болуп шайланып, кийинки чакырылышта да ушул эле партиянын атынан келет.
2000-жылы 33 жашында Грузиянын адилет министри болуп дайындалган, бирок бир жылдан кийин эле ошол учурдагы Грузиянын президенти Эдуард Шеварднадзени жана өкмөт мүчөлөрүн паракор деп күнөөлөп, өз арызы менен «креслону» бошотот.
Өзү оппозициялык “Улуттук кыймыл” уюмун түзүп, 2003-жылы 3-ноябрда болуп өткөн парламенттик шайлоого катышат. Оппозициялык блок шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, каршылык акцияларын баштайт. Ошентип, 22-ноябрда оппозициячылар колдоруна роза гүлдөрүн кармап, парламентке кирип, аны басып алышат. Эдуард Шеварднадзе отставкага кетүүгө аргасыз болуп, 2004-жылдын 4-январында Михаил Саакашвили Грузиянын президенти болуп шайланат.

08.08.08 СОГУШУ – УЧУГУ ЖОК ЫЗЫ-ЧУУ
Нумерологияга кыйын ишенген кытайлар “8” санын түбөлүктүү деп эсептешет. 2008-жылы 8-август күнү Кытайда башталган Олимпиаданын даңкы да кылымдар бою сакталат деп ишенишкен. Дал ошол күнү Түштүк Осетияда согуш башталып, ушул күнгө чейин жаңжал отуна Грузия менен Орусия бири-бирин күнөөлөп келет.
Эскерте кетсек, 1922-1990-жылдар аралыгында Түштүк Осетия Грузия ССРинин автономдуу облусу болуп, бүгүнкү күндө ал Грузиянын Баш мыйзамында «мурунку түштүк осетиялык автономдуу облус» деп жазылган. Кээ бир расмий Тбилисинин документтеринде «цхинвалдык аймак» деп берилет.
Окуянын өнүгүшүнө үңүлсөк, 2008-жылдын июль айынан тарта эле грузиялык жана түштүк осетиялык армия бири-биринин аймактарын аткылап турган. Бирок 7-август күнү кечинде тараптар окту токтотуу жөнүндө макулдашууга келишет. Тынчтык бир канча саатка гана созулуп, 8-августка караган түнү Түштүк Осетиянын борбору – Цхинвал шаарын грузиялык армия массалык түрдө артиллериялык аткылоого дуушар кылган. Буга, расмий Тбилисинин айтымында, Түштүк Осетиянын жогорудагы макулдашууну бузгандыгы себеп болгон. Бирок өз учурунда расмий Цхинвал ал күнөөнү мойнуна албай, тескерисинче, окту биринчи болуп Грузия ачкан дешет.
Согуш беш күнгө созулуп, кийин Түштүк Осетиянын өз алдынчалыгын Орусия менен катар 4-5 өлкө гана тааныган. Бул күндөрү Түштүк Осетияга Орусия аскерий-техникалык жардам көрсөткөн. Мунун айынан экөө элдешкис душманга айланып, журналисттердин алдында Саакашвили менен Медведев бири-бирин сөккөндөн да тартынбайт. Алсак, Дмитрий Медведев бир жолкусунда: “Саакашвили психологиялык жактан жабыркаган адам”,- деп балп эттирген. Муну чымын чакканчалык көрбөгөн Михаил Саакашвили: “Медведев мен тууралуу өтө эле көп ойлонот”,- деп Грузиянын аймагынан кыйла чоң, көйгөйлөрү көбүрөөк Орусия президентинин башка кылар иши жокпу дегендей какшык ыргыткан.
Кезинде Грузия Советтер Союзунун курамында болчу, андыктан аталган өлкөнү постсоветтик мейкиндиктеги башка мамлекеттер сыяктуу эле Орусия кол баласындай көргүсү келет. Бирок Саакашвили бул ой-пикирди түп тамырынан бери өзгөртүп салды.
Ал: “Мейли биз Орусия же АКШ болсун, бирок Грузиянын кызыкчылыгына шек келтирбеген өлкөлөр менен гана кызматташабыз. Ушул убакытка чейин Орусия бизге тоскоолдук жаратып келсе, АКШ жардам берген. Азыр биз Орусиядан жок дегенде бут тоспошун каалайбыз. Албетте, Вашингтонго караганда Москва жакыныраак, бирок ал алсыз”,- деген.

САЯСИЙ ЭРКПИ ЖЕ АКЫЛСЫЗДЫКПЫ?
Достору жана жакын чөйрөсү Саакашвилини чыныгы лидер деп эсептешет. Душмандары аны акылынан азган деп көрсөтүүгө жан талашышат. Бир маегинде: “Мени акмак деп атагандарды айтып жатасыздарбы? Мен муну жакшы билем. Эдуард Шеварднадзе мурунку коммунист эмеспи. Ал бардык башкача ой жүгүрткөн диссиденттерди акылынан азган деп кабыл алууга үйрөнүп калган”,- деген жообун узаткан.

БИРИНЧИ ЛЕДИНИ ГРУЗИНДЕР “БАГЫП” АЛЫШТЫ
Михаил Саакашвили улуту башка, тагыраак айтканда, голландиялык Сандре Рулофско үйлөнгөнүнө карабастан, Грузиянын эли аны асырап алган кызындай эле көрүшөт. Өзү да “мени багып алган кызыңардай көргүлө” деп көп айтат. Сандре президент менен таанышканга чейин гуманитардык Кызыл Крест уюмунда иштеген. Жолдошу менен анын мекенине кайткан соң грузин тилин эне тилиндей өздөштүрүүгө жетишет. Ал Саакашвилинин имиджин түзүп чыгууга демилгечи болуп, президентти дайыма жылмаюу менен жүрүүгө үйрөткөн дешет. Учурда Михаил менен Сандре эки уулу – Эдуард менен Николозго тарбия беришет.

«ГРУЗИЯНЫ РЕФОРМАТОРЛОРДУН ТОБУ БАШКАРАТ»
Михаил Саакашвили: “Ар бир реформатор жарышууда эң тез чуркаган адам утуп чыгат деген алтын эрежени билиши керек”,- дейт. Ал чындап эле баарынан бачымыраак чуркаган чыгар, анткени көптөгөн эксперттер “Михаил Саакашвили – улуу реформатор” деп эсептешет.
Экс-президент Эдуард Шеварднадзенин тушунда Грузиянын экономикасы кыйроо чегине келген. Өлкө паракорлордун чеңгелинде калып кеткен. Саакашвилинин командасы бийликке келген кезден тарта паракорчулук деген түшүнүктүн өзүн грузиндердин мээсинен тазалоого киришкен. Грузиядагы эң чоң реформанын жүзүн милиция кызматынан көрүүгө болот.
Саакашвили жөн гана кадрларды алмаштырып койбостон, бул министрлик үчүн жаңы иштөө системасын, жаңы кадрларды алуу эрежесин жана албетте, буга чейинкиге салыштырмалуу кыйла жогору айлык акыны белгилейт.
Саакашвили бийликке келген жылы орто жана чакан ишкердиктин өкүлдөрү эки жылга салыктан бошотулган. Андан сырткары 20 гектардан азыраак жер тилкесинде дыйканчылык кылгандар да мындай өкмөттүн каамытынан бошотулат. Реформа өз жемишин беш-алты жылдын ичинде эле бере баштаган.
“Жаш демократия үчүн эң чоң коркунучту тышкы душмандар эмес, өлкөнүн ичиндеги кылмыштуулук жана паракорчулук жаратат” деген Саакашвили максатына толугу менен жетишкендей. Ал Грузиядагы криминалдык авторитеттерди өлкөдөн кууп чыгып, пара алган бардык аткаминерлерге темир тор артына «жолдомо» берет.
“Грузияны бир эле адам башкарбайт, аны идеология жана реформаторлордун тобу башкарып турат. Ал дайыма элден эмне кылуу керектигин сураганды унутпайт” деген Саакашвилинин президенттик мөөнөтү 2013-жылы бүтөт.

Эльвира Караева
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 462, 9-15-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан