Айчүрөк Иманалиеванын тегерегиндеги ызы-чуулардын аягы суюлчудай эмес. Дегеним, бул жолу Динара Акулова кайрылды, “жок жерден Айчүрөккө жаман көрүндүм” деп. Эмесе, сөздү Динара Акулова өзү уласын.
– Динара эже, кабак-кашыңыз түйүлүп, капа болушуңузга эмне себеп болду?
– Бир күнү Айчүрөк чалат мага “сен мени жамандап жазган турбайсыңбы?” деп. “Эмне деп, кайсы жакта?” дедим, чочуп кетип. Анан “ушундай, баланча деген гезитке” дегенинен чын эле карасам, менин атымдан Айчүрөктү шыбаган материал чыгыптыр. “Айчүрөк экөөбүз эч келишпейбиз. Ал мүнөзү жагынан да, жүрүм-туруму жагынан да өтө начар айымдын катарын толуктайт. Кыскасы, мен Айчүрөктү жакшы аялзаты деп айтуудан алысмын...” деген сыяктуу ыплас сөздөр менен менин атымдан бирөө интервью бериптир.
30-40 жылдын ичинде мен бирөөнү жамандап, мага жамандык кылып жаткан учурда да эч кимди шыбаган жан эмесмин. Урушуп-мушташып, соттошуп кеткен учур болгон эмес менде. Канча интервью бербейин, оозумдан жаман сөз чыгарбайм, ошондуктан менин атымдан жазылган ал макала мага тиешелүү эмес деп кесе айтам. Айчүрөккө түшүндүрүп “бул менин интервьюм эмес” деп айттым.
Оозум ачылып, таң калып, аябай ачуум менен ошол гезитке барсам, “сизден интервью албадыкпы, сиз ушинтип айтпадыңызбы?” дешти. “Кандай кылып, кайсы жерден алдыңар эле менден?” десем, “телефон аркылуу алдык эле” дешти алар. “Телефон менен интервью алганда деле менин үнүмдү тааныбайсыңарбы, ырдап эле жүрөм го. Орто жолдон Айчүрөк экөөбүздү уруштургуңар келип жатабы?” дедим. «Кайсы номерге чалдыңар?» деп сурасам, таптакыр башка номерди беришти. Же диктофонго жаздырып алышпаптыр.
Алар айткан убакта Айчүрөк экөөбүз “Кыргызстаным” деген ыр жаздырып, студияда болчубуз. Атүгүл эгемендүүлүк күнүнө арналган концертке деле катышпайт болчумун. Айчүрөк мага “чыгармам бар эле, экөөбүз чогуу ырдайлы” дегенинен жок деп айта албай макул болгом. Кичинебизден чогуу өсүп, канча деген кыйынчылыктардан өттүк, балдарды болсо канатыбызга калкалап жүрүп бактык.
Ошол биз сахнада ырдап жаткан учурда саат 10:30 болчу, ал эми менин атымдан берилген макала басмаканага 11де кетиптир. Ушул жерден эле билсе болот, мен интервью бербегенимди.
– Динара эже, мунун аркасында бирөө турат деген түкшүмөл ойдо окшойсуз?
– Ары ойлонуп, бери ойлонуп, мунун аркасында бирөө бар болсо керек деген чечимге келдим. Атайын уюшулган сыяктуу болуп турат. Гезит болсо “эмки саныбызда тактоо берип, кечирим сурайбыз, жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” деп менден кечирим сурашты. Эми алар кечирим сураган убакта деле ар кайсы сайтка жүктөлүп, менин атым жаманатты болду да. Эл-журт “Динарага эмне болгон?” деп таң калды болуш керек. Ушундай ак жерден күйүп кеткен өтө жаман экен. Керек болсо мындан жаман интервьюну окуп деле ичимден сызып калып кеткем. Бул жерде болбогон ушак, курулай жаманатты болуп жатат. Мен Айчүрөктү антип айтканга акым да жок. Айчүрөк үлгүлүү үй-бүлөнүн кожойкеси, мына жакында келин алайын деп турат.
Анан баягы адашкан номерге чалдым, эки күн өчүк болду, берки маекти жазгандар да чалып жатышты. Дагы чалсам, бир кыз алды, үнү мага абдан тааныш. Кайра ишенбей кыздарды чалдырттым, “сиз баланча дегенсизби?” деп айткыла” деп. “Ооба, менмин” дептир, тиги мен күмөндөп жаткан айым. “Сизден интервью алалы дедик эле” дешсе, “мен интервью бербейм. Надоели, экинчи чалбагыла” деп урушуптур.
Ошондо билдим, ал ким экенин, азыр атын айтып уят кылбай эле коёюн, менин атымдан интервью берген айымды. Ызы-чуу кылып сотко чейин баргым келбейт. «Бирөөгө көр казганча өзүңө ор каз» дейт. Анын бул ыплас кылыктары убактылуу гана.
Мен билем, аны жазган кыздар да акчага муктаж болуп азгырылгандыр, жаш кыздар экен, көп нерсеге түшүнбөгөн. “Ушинтип айт, мен аялзаты болгондо минтип айтмакмын” деп эркек башы менен интрига жараткан эркек турат мунун артында. Анан бир кызык жери, бир сайтка Айчүрөк «Динара ал телефон Жанара Атабекованыкы экен деп айтты» дептир. Жанара менин келиним, мага андай кылбайт. Айчүрөк да сөзүн абайлап айтса болмок. Курулай жерден Жанараны күнөөлүү кылбай.
– Сиз Айчүрөк эже менен чогуу болсоңуз, сизге ишенгендир?
– Чынында, аябай жаман болдум. Ал эми Айчүрөктүн абалы менден эки эсе начар болгонун сезип турам. Аны жазгандар моралдык жактан доо кетиргени үчүн кечирим сурабаса да, мен Айчүрөктөн кечирим сурайм. Эки дөө урушса, ортосунда бейажал чымын өлөт болуп, орто жолдо мен калдым.
Кудайга койдум, бирок Айчүрөк экөөбүздү уруштурганга, жок кылабыз дегенге алар эми кечигип калышты. Биз жаш эмеспиз, жаңы ырдап чыгып келатсак, ошентип өчүрүп коёбуз дешсе болот эле. Азыр бизди жаманатты кылып жок кыла алышпайт. Эл билет, кимдин ким экенин. Канча жылдан бери мындан жаман интригага чыдап келгем. Айчүрөк экөөбүз бири-бирибизге «сен» деп урушкан эмеспиз. Канча жерден жолугабыз, саламыбыз түз. Ошондуктан эл чындыкты билүүсүн туура көрдүм.
Бурул Исмаилова
star@super.kg