Калаабыздын тургундарынын саны жыл санап өсүүдө. Ошого жараша азыр Бишкекте үйү жоктордун баш ооруткан маселеси эле батир. Аны издөө да оңойго турбайт.
АГЕНТТИКТЕРДИН АЛДООЧ БАШТЫГЫ
Бул жолу батир издегенге кызуу кириштим. «Муздак, ысык суусу, газы, кошумча шарттары, анан да белчеден баткак эмес, борборго жакыныраак жерде болсо экен...» деп жеңимди түрүп ишке кириштим. «Батир берилет» деген жарнамалардан көп нерсе жок, анын үстүнө «Ош базарынын» тегерегиндеги радио түйүндөрдүн жаагы басылбай какшап турат. Айнекте илинип турган телефон номерлерге жан талашып чалып, «эже, мен жарнама боюнча» деп эшикти көздөй жөнөгөндөр андан көп. Улам эшикке чыккан эл кайрадан эле чогулуп, айнекти карай жабалактап жатышты. Бир жаш келин «батир берем» деди эле, кебин толук айттырбай 20га жакын адам ал келинди тегеректеп, акыры эки-үчөө аны ээрчип кетти. Бул жерде турган менен пайда болбосун түшүндүм да, бир таанышым айткан агенттиктердин бирине жөнөдүм.
Калаабыздын чоң соода түйүнүндө 4-кабатта жайгашкан агенттикке баш бактым. Алдын ала телефон чалганымда да «биз жакка келиңиз, бетме-бет сүйлөшөлү, сизге керектүү батирди таап беребиз» деп кеңсесине чакырган эле. Саламат аттуу жигит тосуп алып:
– Сиз кандай батирди каалайсыз? Баасы канчага чейин болсун?- деди шыпылдай.
– Экөөбүзгө эки бөлмөлүү батир керек, 250 долларга чейин,- дедим.
Ал менден майда-чүйдөсүн сураштырып, компьютерине үңүлө батир издей баштады. Алардын айтымында, кызматы үчүн 400 сом алат да, «бир аптанын ичинде батир таап беребиз» деп кепилдик беришет. Батир издөөнүн азабын тартып, бутум ооруп жүргөн жаным дароо макул болдум. Бирок азап так ошондо башталды. Баягы жигит берген даректерди кыдырып, Газ шаарчасына жөнөдүм (анткени кожоюну 2 бөлмөлүү батирди 7 миңге берем деген экен, арзан батир чыкканына сүйүнүп жөнөп калгам). Ал жерди кантип тапканым өзүнчө бир жомок. Кожойке менен сүйлөшкөнүмдөн баштайын:
– Кечиресиз, батир беребиз деген экенсиңер,- дедим орусча.
– Биз сатып жатабыз. Орусияга көчүп жаттык эле. Баасы 10 миң доллар.
– Жок, сиздерди батирге берет деп...
– Биз сатабыз деп айтып жатам го!- деп силкинген ал эшигин шарт жаап алды.
Кебетем үй сатып ала турган адамга окшобой тургандан ошентти окшойт. Ошончо убактымды кетирип барганыма жиним кайнады. Экинчи берилген телефон таптакыр жооп бербеди. Ал эми үчүнчүсү бир ай мурун берилип кеткенин кабарлады. Мына сага, жардам! Менин батир издегенге арналган биринчи күнүм ушуну менен аяктады.
Эртеси жинденип кайрадан агенттикке сапар алдым. Күлүп-жайнап тосуп алган Саламат «эже, «извините», берилип кеткен турбайбы» деп кутулду. Ар кандай шылтоолорун айтып жатып, акыры дагы убада берген бойдон коштошту. Кыскасы, төлөнгөн акчаны актоосуна көзүм жетпестен кош айтыштым. Азыркы заманда 400 сом акча деле эмес, менин ага ичим оорубайт. А бирок менден башка канчоонун эмгегин жеп жаткандыгы зээнди кейитет.
КЕПИЛДИКСИЗ ДАРЕКТЕР
Эртеси күнү агенттиктерден эч бир жооп ала албай, кайра радио түйүндөргө жөнөдүм. Айнекте бир күн илинип турчу жарнама 20 сом, ал эми дарек алсаңыз, 100 сомго бааланат экен. А бирок сатып алынган 3-4 дарекке жеткиче ал батир бош болбой же жердин түбүндө жайгашкан болуп чыгат.
Алынган номерлерге чалып, 3 даректи тактап алып батирди көрүүгө шашылдым. Биринчи дарек Эркиндик бульварында жайгашкан 12 кабаттуу үйдүн 11-кабатында эле. Лифт жок, бут тарамыштарым тырышып жатып араң чыктым. Күнүнө мындай көнүгүүдөн тайгандай эле арыктачудайсың. Батирди кожоюну 200 долларга баалап, «коммуналдык кызматтарын өзүнчө төлөйсүңөр» деген талабын койду. 11-кабатка түшүп-чыкканымды элестеткенде эле үрөйүм учуп, «байке, дагы караштырып көрөйүн» деп чыкканча шаштым. Айла кеткенде гезиттеги жарнамаларга көз жүгүртүп, алынган бир дарекке бардым. Көчөнүн аты жазылбаган экен, айланып жүрө берип жарым күн кетти. Чоң короо-жайда кыдыракей салынган батирлердин биринин эшигин какканымда бир эже чыгып үйүнө киргизди. Мына сага тамаша, 2500 сом төлөп ушундай абалда жашаарыбызга капа болдум. Тар короодо жайгашканы аз келгенсип, сууну жолдон ташып ичишет экен. Кышкысын электр тогу менен жылытылат. «Светин өзүңөр төлөйсүңөр» дегенинде дароо коштошуп кетүүгө шашылдым.
Батир табуунун оңой жолдору деле бардыр, бирок эмнегедир мага андай туш болгон жок. «Батир таап берем» деген жөн гана акча табуунун бир амалы окшойт. Баягы биринчи барганда жибектей созулган агенттиктер акыры ороңдоп «эмне кылсаң өзүң бил!» дегендей мамилеге өтүштү.
“БИРДИК САЛА КАЛ...”
Ал күнү кечинде сыналгы көрүп отуруп «Тез аранын ичинде арзан баада батир берилет» деген жарнаманы көрүп калдым. Батирге зар болгон жаным муну да кыя өтпөдүм. Телефонду каргылданган бир адам алып сүйлөшүп калды:
– Саламатсызбы, мен батир боюнча...
– Батир өзүңөбү? Канча суммага чейин издеп жатасың?
– Сиздерде варианттар барбы?
– Ооба, эки-үч батир бар...
Экөөбүз сүйлөшүп отуруп, акыры эртеси жолукмак болдук. Чыгыш-5 кичирайонунда жайгашкан 2 бөлмөлүү батирди 200 долларга алмак болуп, эртеси сүйлөшүлгөндөй жолукчу жерге бардым. Күтө берип чарчадым. Телефон чалсам «мына, баратам» дей берди. Акыркысында «мен Алматыдан келе жаттым эле, сени бир иниме дайындап коёюн. 100 бирдик сала койчу. Анан эсептешебиз» десе, алактаган жаным ойлонгонго чамам келбей бирдигин салып бердим. Ошол боюнча иниси да, өзү да келбеди. Телефону өчүрүлгөн. Мындай мисалдар толтура. Ошондуктан, урматтуу окурман, батир издеп жатып «бирдик жүктөй калыңыз» дегендерге туш келип калсаңыз, бул сиздин бир акмакка туш болгонуңуздан гана кабар берет. Демек, батир издөөдө этияттык керек. Минтип эрмек кылган бекерпоздор абакта жаткан адамдар деген имиштерди угуп оозум ачылды. Ошентип, батир издегенге кеткен 2 күнүм ушинтип аяктады.
Мальвина Уметбекова
kenesh@super.kg