Голливуддун эң сексуалдуу, узун шыйрак айымдарынын алдыңкы катарында турган актриса Кэмерон Диастын кырктын кырына чыгып калса да кыз сыны кете элек. Аны мыкты актриса катары баарыбыз жакшы тааныйбыз.
ЖЕРДИГИН СУРАШТЫРСАК...
Кэмерон Диас 1972-жылдын 30-августунда жарык дүйнөгө келген. Киндик каны тамган жер – Калифорния штатынын Сан-Диего шаары. Актрисанын атасы мексикалык болсо, апасында немис менен англис каны аралаш. Кэмерон өспүрүм кезинен эле каалаганын жасап, эрке өскөн. Эжеси экөө куурчак ойноп үйдө отуруунун ордуна курбалдаштары менен түн бир оокум болгончо көчөдө жүрө беришчү. Чөйрө кандай болсо кыял да ошого карата түптөлгөндөй, Кэмерон эрке мүнөз болуп чоңоёт. Өзүнүн дарегине жакпаган сөз угуп калса, кыз болобу, жигит болобу, мурдун кан жалата коюудан кайра тартчу эмес.
Ал эми музыка жаатында оор роктун фанаты. Анын бул табити апасынан калган. Анткени апасы кыздары менен чогуу ошол кездеги рок чеберлери болгон Оззи Озборндун, «Металлики» тобунун жана Ван Халенанын концерттеринен калчу эмес.
Кэмерон эркек мүнөз болгону менен, жаныбарларга абдан назик мамиледе. Ушундан уламбы, зоология адиси болууну кыялданчу. Бирок бир кечеден Жеф Дюнас аттуу сүрөтчү менен таанышып калып, анын сунушу жогорудагы кыялын 180 градуска бурган.
ШОУ ДҮЙНӨГӨ АТТАНУУ
Жеф Дюнас Диасты «Elite» аттуу моделдик агенттикке чакырат. Ойлонбостон сунушту кабыл алган Кэмерон бир күндүк сүрөткө тартылуудан эле 2 миң доллар тапкан. Ошол күндөн баштап Кэмерондун моделдик кесипте тушоосу кесилет.
Ошол учурда, болгону, 16 жаштагы селки Америкада учурунда популярдуу болгон «Mademoiselle», «Seventeen» журналдарына, «Сalvin Klein» мода үйүнүн, «Levi’s» жана «Coca-Cola» компанияларынын жарнактарына тартыла баштайт. Албетте, белгилүү компаниялар менен иштешүүдө Кэмерон капчыгын гана кампайтпастан, атактуулук да арттыра алган. Мунун артынан модель кыялындагы жерлерге саякаттай баштайт. Япония, Австрия, Франция, Мексика өлкөлөрүн кыдырып келген Диас 1990-жылы гана Голливудга көчүк басат. Мындай чечимге Голливуддагы белгилүү продюсер Карлос де Ла Торр менен болгон сүйүүсү түрткү болгон. Бирок экөө 1995-жылы эле эки айрылыш жолго түшүшөт. Ал эми Кэмерондун чындап Голливудга оор салмак менен отурушу 1994-жылы Жим Кэрринин катышуусундагы «Бет кап» («Маска») тасмасында Тина Карлайндын ролун жаратуудан башталат.
Аталган тасма жарыкка чыгары менен мыкты тасмалардын катарына кирет. Бирок киносынчылар өз ишинин устаты болгон моделдин кино жаатында ийгилик жарата аларынан күмөн санашкан. Ошондон улам ал актёрлук курстарга катышып, актрисалыкка олуттуу киришет. Туура 3 жыл өткөндө анын таланттуулугунан күмөн санагандарга жооп кылып Жулия Робертс менен биргеликте тартылган «Эң жакын достун үлпөт тою» («Свадьба лучшего друга») тасмасындагы ролун жеткиликтүү аткарып, мактоолорго татыйт. Бирок экинчи эмес, биринчи катардагы актрисалардын катарына 1998 жылы эл сынына коюлган «Мэри үчүн акылынан адашкандар» («Все без ума от Мэри») аттуу тасмадан кийин кошулат. Ал эми гонорары эң көп актрисалардын катарына кошулууга «Чарлдын периштелери» («Ангелы Чарли») тасмасы түрткү болгон.
2009-жылдын 23-июнунда Голливуддагы Даңк аллеясына Диастын аты түшүрүлгөн №2386-жылдыз кошулган.
СҮЙҮҮ БАРАКЧАСЫНДА...
Кэмерон Диас сүйүүгө туруксуз айымдардан. Эң олуттуу делген гана сүйүү мамилелерин санап өтөлү.
1995-жылдан 1998-жылга чейин актёр Мэт Диллон, анан ошол эле актёрлор чөйрөсүнөн 1999-жылдан 2003-жылга чейин Жерар Лето, 2003-2006-жылдары Жастин Тимберлейк менен ысык мамиледе болгон. Ал эми 2010-жылдын июль айынан баштап бейсболчу Алекс Родригес менен кол кармашып жүрөт. Бул мамиле канчага созуларын эч ким билбейт. Же актриса нике шакегин тагынып жаны тынабы?..
“ХИРУРГДУН БЫЧАГЫНА ТУШ БОЛГОМ...”
Голливуд жылдыздарынын 99 пайызы пластикалык операциянын даамын татып көргөнүн жашырышпайт. Ал эми биз сөз кылып жаткан каарман «пластикалык операцияны жактырбайм, жасатпайм да» деп келгени менен, мурдуна 4 жолу операция жасатканы билинген. Бул фактыга жооп катары актриса «сёрфинг менен машыгуу учурунда мурдумдан жаракат алып, 3 жолу хирургдун бычагына туш болгом. Ал эми 4-жолу үйүмдөн эле айнектелген эшикти сүзүп алып, мурдумду дагы сындыргам» деп актанган.
«Үлгүсүз мугалим» («Очень плохая училка») тасмасында да башкы каарман эмчегин чоңойтуу үчүн акча табуунун кандай гана жолдоруна барбайт. Айтмакчы, бул тасма учурда актрисаны дагы бир тепкичке көтөрүп, атактуулугун арттырды.
Бахияна Сатылганова
star@super.kg