Ала качып алып, анан үлпөт тою болгуча “ырдатам” деп сөз берген Бегимай Карабаеванын жолдошу учурда ал оюнан кайтып жаткан экен. “Ырдайм дегенимдин айынан жолдошум менен кичине келишпестиктер болууда. Бирок сахнаны сагынып, чыгармачылыкка киришем деген оюмдан кайтпай турам. Керек болсо “кайра иштешели” деп мурдагы продюсерим Асыл Апасовага да чалдым”,- дейт.
11 айлык Айдай аттуу кызы кадам шилтеп басып калса эле сагынган сахнасына секирип чыкмакчы болгон ырчы жолдошун көндүрө алабы же ырдабай үйдө отуруп калабы, аны убакыт көрсөтөт.