“Кыз-Бурак” тобунун кыздары учурда маңдай жарыла кубанып турган чактары. Анткени ноябрь айында Түркиянын Стамбул шаарында өтчү Кыргызстандын ишкерлер күнүнө арналган салтанатка конок катары чакыруу алышты. Кыргызча эки элдик ыр жана түркчө да ырдайбыз деген кыздар түрк туугандарга уят болбойлу деп катуу даярдык көрүшүүдө.