Брюс Уиллис менен Арнольд Шварценеггер “Ээ-жаа бербегендер-2” фильмине катышууга макулдугун беришти. Күйөрмандардын кулагын сүйүндүргөн бул кабарды “Deadline” булагы тараткан. Уиллис менен темир Арнольддон сырткары боевикке Чак Норрис, Жон Траволта жана Жан-Клод Ван Дамм катышмакчы. Эми мегапопулярдуу актёрлордун курамынан түзүлгөн тасманын бет ачарын чыдамсыздык менен күтө берели.