«Ар-намыс» фракциясынын депутаты жана мамлекеттик символикаларды өзгөртүү боюнча депутаттык комиссиясынын төрагасы Абдырахман Маматалиевдин айтымында, жакын арада гимндин тексти жана мамлекеттик тууга өзгөртүү киргизилет. «Гимндин текстинде орун алган 5-6 сөз карама-каршы маанини билдирет. Мисалы, гимнде «бейкут» деген сөз бар. Бул өңдүү сөздөр маанилүү жана туура маңыздуу сөздөр менен алмашылат»,- деди эл өкүлү. Ал эми тууну өзгөртүү маселеси жалпыга маалымдоо каражаттарына өткөрүлүп, алар аркылуу эл менен туунун түсү жана андагы сүрөт талкууга алынмакчы. «Азыркы тууда орун алган түндүк күн карамага окшош, анын үстүнө кызыл оттун ичинде калып, өрттөнүп жаткандай сезим калтырат» деген сөздөрдөн улам учурда анын түсүн көгүш түскө которуу демилгесине оошууда. Депутаттык комиссиянын билдиришинче, мамлекеттик туу өзгөрсө, баш-аягы 3 миллион 700 миң сом сарпталат. «Иш жүзүнө келгенде мамлекеттик тууну өзгөртүү мындан да көбүрөөк чыгымдарга алып келет» деген пикирдегилер көп.