Кыямдын сезону аяктап баратса да, кожойкелер үчүн жагымдуу жаңылык. Анткени жакын арада кумшекер арзандайт экен. Орусия 12 жылдан бери алгачкы жолу кумшекерди экспорттоого коюлган тыюуну алып салды. Айта кетчү жагдай, өткөн аптада Орусиянын Кумшекер өндүрүүчүлөр союзу Кыргызстан жана Тажикстан менен келишим түздү. Анын негизинде эки өлкөгө арзан баада шекер алынып келинмекчи. Орусиянын өзүндө август айында канттын баасы 35 сомго чейин түшкөн. Кумшекерди ташуу жөнгө салынса, учурдагы 70 сомдун тегерегин чапчыган баанын кескин арзандашы күтүлөт.