Шайлоо күн санап жакындаган сайын бир боор энебиз Орусия бул сапар кандай тактика колдонорун жоромолдогондор көбөйдү. Эсибизге жара чыкпаса, бир жыл мурунку парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» партиясын, анын ичинде лидери Өмүрбек Текебаевди НТВ каналы аркылуу тепкиледи эле. Ошол учурда аталган орусиялык каналдын журналисттери «Өмүрбек мырза Маскөөгө ызырынып калгандай. Анткени ал «керек болсо Саакашвилиден да өткөнүн көрүп каласыңар!» деп айтты. Ал эле эмес, орусиялык жетекчиликти да жөн койгон жок» деп айгай салышкан. Шайлоо босогосунда турганыбызда ал күндөр кайра эске түшүп, «Маскөө эми кимди колдоп, кимди тепкилейт болду экен?» деген суроо туулат. Эмки сандарыбызда бул жөнүндө кененирээк токтолобуз.