МЕДВЕДЕВДИН ОҢ КОЛУ КЕЛИП КЕТТИ. ЭМИ «БЕШ ӨРДӨКТӨР» УЧПАЙ КАЛАР...

Ушул кезге чейин коомчулукта “Кремль кыргыз өкмөтүн жактырбай, ага далысын салып калган имиш...” деген жөө жомоктор айтылып келгени маалым. Бирок мунун баары чындыкка коошпогон “легендалар” экенин турмуш өзү ырастоодо. РФ Президентинин Администрация жетекчиси Сергей Нарышкиндин Кыргызстанга жасаган расмий визити буга далил.
Сергей мырзанын бул сапары КРнын Эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына туш келип, анда ал залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин ачылыш аземине катышты. Ошондой эле салтанат учурунда Чыңгыз агабыздын чыгармачылыгы кыргыз- орус алакасын чыңдоого зор өбөлгө түзгөнүн баса белгилеп өттү. “Айтматов орус адабияты менен ажырагыс байланышты сезип, кыргыз жана орус элдеринин ортосундагы байланыштын сактоочусу болгон”,- дейт ал.
Андан соң өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаев менен жолугушуп, бир катар маанилүү маселелердин тегерегинде баарлашышты. Сөз арасында алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу кеп козголуп, Орусия тарап 30-октябрга белгиленген саясий өнөктүктүн тынч өтүшүнө кызыкдар экенин жашырган жок. Мына ушунун өзү Москванын биздин өкмөткө көзү түз экенин айгинелейт. Айрым күчтөр божомолдогондой, Орусиянын кыргыз бийлигин “чанганы” чын болсо, анда президент Дмитрий Медведевдин оң колу болуп саналган фигура Бишкектин богососун аттайт беле? Кыргызстандын Эгемендүүлүк майрамына катышып, тилектештигин билдирмек беле? Андыктан Нарышкиндин бизге келип кетиши жогорудагыдай жөө жомокторго чекит коёруна ишеним артып туралы.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
nurbek_posol
2011-09-12 14:13:24
Жакшы... жакшы...
0
Danijarov
2011-09-12 14:29:14
чынында Орусиясыз жашоо кыйын Кыргызстанга
0
amanich_81
2011-09-12 16:35:19
Орус менен дос болсон айбалтанды ала жур деген соз бар кыргызда
0
kubatbekabdaliev
2011-09-13 11:22:27
amanich_81,

эн туура айтасын алар да жон жерден карап келип жургон жок бир нерсеси бар да ушу
Атамбаев анан КР президенти Роазада каншада
0
Bugatti
2011-09-12 21:19:54
Эгер дагы бир жолу кидала кылчу болсо, Орустар точно суйлобой эмес, карабай эле коет.
0
Dollar
2011-09-13 18:13:16
Bugatti, dagy bir jolu "Kidalla" kilishsa Putin ozu Avtomashevdi Ala-Too ayantyndagy jelektin ustuno "bir jerinen" ilip koyot))).
0
beam
2011-09-15 23:15:33
Dollar, туура айтасын)))
0
nurdinovmuhtar
2011-09-14 23:50:47
тугандар силерди ушул саясий дагы эле тажаткан жокпу? мен оюмча ким менен болсок да же болбосок да оз ишибизди таза жана жакшы жасасак эч ким бизге керегий деле жок.
0
nukura_kyrgyz_bala
2011-09-16 08:51:20
nurdinovmuhtar aitkan sozyn tyyra
0
nukura_kyrgyz_bala
2011-09-16 08:57:31
birok tyygandar biz rossi9ga kowylyp kalgan bolsok anda alar bizdi daroo ele basyp alat bizdi avtonomnyi respublika kylyp koyot,anan biz ozybyz talaada ketmen karmap ozybyzdyn jeribizde ozybyz kul bolup kalabyz,,,tyygandar ymytynordy uzboi jakkyndagy bolo tyrgan wailoogo taza myizam tyryndo otkoryp berseniz baary jakwy bolot...men Kyrgyzstan dyrkyrogon aldynky mamleketterden boloryna iwenem,,,4ydagyla kyrgyz kalkym bir kyiyn4ylyktan otyp keteli!!!
0
bek_t_84
2011-09-28 19:35:27
Россия менен биргелешкенда жакшы Америкага кошулганча,Ушул бардык президентке талапкерлер баары эл учун иштей албайтго кыскасы кыргызстанда чыныгы патриот жок баары озун уй булоосун туугандарын ойлоп жатышпайбы!
0
№ 462, 9-15-сентябрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан