МЕЛАМИН ЖАНА АНЫН ЗЫЯНЫ ТУУРАЛУУ БИЛЕСИЗБИ?

Зыяндуу зат эми жумурткада кездеше баштады
Өткөн аптада Кытайдын Далянь шаарында сатыктагы жумурткалардын курамынан меламин табылган. Аталган шаарга жумурткалар эки провинциядан алынып келинген. Бул маалымат кытай элин дагы бир ирет чочутуп, эл жумурткадан баш тартууга өттү. Учурда жумуртка сатып алуу 10 пайызга кыскарды. Изилдөөлөргө караганда, меламин жумурткага тоокторго берилген жем аркылуу өткөн. Кытайлык эксперттер жем аркылуу меламин бодо малдардын этине жана балыкка да өтүп жатат деп эсептешүүдө. Андыктан, эт менен балыктар да атайын текшерилүүдөн өткөзүлө баштады.
Учурда кытайлыктар унга да меламинди кошуп жатышкандыгы айгине болууда. Меламин жогорудагылардан тышкары шоколад батончиктерине, токочторго жана дражелерге (майда момпосуйлар, витаминдер), йогуртка, балмуздакка кошулат деген да маалыматтар бар.
Эскерте кетсек, буга чейин балдардын жасалма сүт азыктарынан табылган меламин чоң чатактарды пайда кылган.
Меламин идиштин курамына да кошулууда
Кытайдагы кээ бир идиш-аяк чыгаруучу ишканалар да идиш жасалуучу материалга меламинди кошо тургандыгы аныкталган. Мындай идиштер эскпортко көп чыгарылат. Меламин кошулган идиштер жеңил болгондуктан, эл аны көп сатып алат. Анын үстүнө кооз гүлдүү болгондугу менен да элди өзүнө тартарын айта кетели. Бирок, бир ай өтпөй андай идиштерден майда жаракалар кете баштайт. Ушундан тартып идишке ысык суюктук куюлганда андагы меламиндер (башка зыяндуу заттар да) тамакка аралашып, адамдын организмине кире баштайт. Натыйжасы ракка жана башка айыктырууга кыйын болгон ооруларга алып келет.
Адам боюнча фактылар
Адамдагы кан тамырлардын жалпы узундугу болжол менен 100 миң чакырымга жетет.
Чоң адамдардын организминде орточо эсеп менен эркектерде 5,2 литр, аялдарда 3,9 литр кан болот. Кандын төрттөн бири булчуңдарда, дагы төрттөн бир бөлүгү бөйрөктөрдө, 15 пайызы ичегидеги кан тамырларда, 10 пайызы боордо, 8 пайызы мээде, 4 пайызы жүрөктүн вена кан тамырларында, 13 пайызы өпкөнүн жана башка органдардын кан тамырларында болот.
Кандын клеткалары дайыма өлүп жана алардын орду жаңылары менен толукталып турат. Эритроциттин жашоо узактагы 90-125 күн, лейкоциттики бир нече сааттан бир нече айга чейин. Чоң адамдарда саат сайын 1 миллиард эритроцит, 5 миллиард лейкоцит жана 2 миллиард тромбоцит өлөт. Суткада орточо эсеп менен 25 грамм кан жаңыланат.
Тери аркылуу бир мүнөттө 460 миллилитр кан өтөт.
Адамдын терисинде суукту сездирүүчү 250 миң рецептор, ал эми жылуулукту сездирүүчү 30 миң рецептор, 3 миллион тери бездери орун алган.

Бетти даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 314, 7-13-ноябрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан