Бириккен Араб Эмираттарында зер дүкөндү тоноого шектелип кармалып, Дубай шаарынын СИЗОсуна камалган Камчыбек Көлбаевден кынтык таба алышпай, эркиндикке бошотушуптур. Бул тууралуу анын адвокаты Икрамидин Айткулов кабарлады. Дүкөндү азиат түспөлүндөгү адамдар тоногондугу үчүн полиция шаардагы бардык азиаттарды суракка чакырган. Ошол эле учурда Камчыбек Көлбаевге Интерполдун линиясы боюнча издөө жарыялангандыгы билинип калганда териштирүү үчүн убактылуу камакта кармашканы белгилүү болду.