Азыр эки кишинин башы кошулган жерден эле "бизге келе турган президент жаш, билимдүү жана да аймактык, уруулук өзгөчөлүктөргө баа бербеген, аялы жана бала-чакасы жок, тууган-уругу аз болсо..." деген кепти угасың. Бул да болсо "күйгөндөн айтам бир сабак" дегенден чыкса керек. Анын сыңарындай, кыргызга ажо болуп ким келет? Көзү ачыктар эмне дейт? Келгиле, аларды угуп көрөлү.
РАПАХАН АЙДАРКУЛОВА,
парапсихолог, элдик дарыгер:
– Кыргыздын түпкү жылдыз таануу илимине таянып айтсам, Кыргызстан 2010-жылдын 21-мартынан тартып 2017-жылдын 21-мартына чейин Манас атанын Болпон жылдызынын таасири астында болот. Ушул 7 жыл – оор кырдаалдар өкүм сүрүүчү жыл. Андыктан оош-кыйыштар көп болот. Буга 2010-жылдын 21-мартынан берки окуялар далил.
Ушул 7 жыл ичинде өлкөнүн бөлүнүп-жарылып кетишине бийликтегилер, карапайым эл да жол бербей, бүтүндүгүн сактап калуу кажет. Шайлоодо түндүк-түштүк деп бөлүнбөй татыктуу бирөөнү гана көрсөтүп, аны шайлап алууну түпкү аталар талап кылат.
Эми "ким ажо болот?" дегенге келсек, журт башына өз курагынан жаш көрүнгөн, арыкчырай, ак жуумал, оң жаагында калы бар адам келери күтүлүүдө.
МЕДИНА БАКАЙ кызы,
экстрасенс, телепат:
– "Мүмкүнчүлүгүм көп, ажо болсом" деп тургандар боюнча төмөнкүлөрдү айта алам:
Өмүрбек Текебаевдин чөйрөсүн 2-турда ызы-чуу курчайт. Бул бирөөлөрдүн атайын уюштурганынан чыгат. Ортого криминал аралашышы мүмкүн. Ошол кезде окуяга өтө таасирдүү адамдар аралашат. Колдоо сырттан да келиши мүмкүн. Шайлоо жыйынтыгында алган добушунун саны Ташиевге тең чамал чыгышы ыктымал. Президент эмес, министр болсо керек. Бирок 1 же 1,5 жыл аралыгында күтүлбөгөн жерден бийликке келет.
Алмазбек Атамбаев мырзанын кел-кели келип турат. 90 пайыз президент болуусуна кепилдик бар. Бирок кийинчерээк кандайдыр бир кырдаал же окуяга байланыштуу тактысын өткөрүп берет.
Акылбек Жапаров президенттикке жетпейт. Шайлоо учурунда өзүнүн же жакындарынын биринин үйүнө жарылуучу зат ыргытып кетүүлөрү мүмкүн. Сак болушсун. Ажо болбосо да, таасирдүү 3 министрдин бири болору көрүнүүдө.
Камчыбек Ташиевге ичтен да, сырттан да жардам бергендер көп чыкканы менен, ажолукка илинбейт. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыр чыгарат. Бирок элчи болуп 5-6 ай иштеп, анан бийликтен кызмат алышы мүмкүн.
Кубатбек Байболовдун жүрөгүндө кооптонуулар көп. Прокурорлук кызматындагы маселелерге кабылып, керектүү органдарга бир сыйра сурак берет. Кийин мамлекеттик кызматтардын бирине келиши мүмкүн.
Нариман Түлеев ажолукка жетпейт. Бирок чет элдиктер (мүмкүн, кытайлыктар) менен келишим түзүп, Бишкекте бизнесин өнүктүрөрүн төлгө таштар көрсөтүшүүдө.
Жантөрө Сатыбалдиев да ажолукка жетпейт. Бирок талапкер болгонунун пайдасы тийип, ири бизнес-долбоор башташы мүмкүн.
ДИЛДАРА БУЛАРКИЕВА,
айтымчы, элдик табып:
– Жогорку күчтөр тарабынан берилгендер боюнча кыскача айтайын.
Шайлоо 2 тур менен өтөт. 2-турда майда чыр-чатак, митингдер болот. Бир аймакта кырдаал оорлойт. Мамлекет көзөмөлдү катуу колго алса гана чыр-чатакты болтурбай коюуга мүмкүн.
Ал эми учурда президенттикке талапкерлердин арасында таасирдүү, рейтинги жогорку делген айрым адамдар тууралуу мындай деп берилди:
Адахан Мадумаров тирешүүлөр менен бут тосууларга көп кездешет. Ажо болууга мүмкүнчүлүгү аз. Кийинки шайлоодо депутат болушу күтүлүүдө.
Алмазбек Атамбаевдин ажо болууга мүмкүнчүлүгү чоң. Бирок шайлоонун жыйынтыгында кырдаал өзгөрүп, чоң тоскоолдук чыгат. Ишенген кээ бир адамдары сатып кетет. Эгер кырдаалдан чыгуучу жолду туура чечсе, ажолукка жолу ачылат.
Өмүрбек Текебаевдин да аракети көп, бирок тоскоолдуктары да бар. 2-турда өмүрүнө коркунуч туулат. Чынында, азырынча орду президенттик тактыдан эмес, ЖКдан көрүнүүдө. Кийинчерээк бийликке келет.
Камчыбек Ташиев 2-турда кырды бычак кырдаалга кез келет. Туура үгүт жүргүзүп, көп колдоо тапса гана максатына жетүүгө жол ачылат.
Акылбек Жапаровдун орду президенттиктен эмес, бирок бийлик бутагынан көрүнүүдө. Сыягы, келе турган президент кызматка коёт.
АЙНА МУРЗАЛИЕВА,
парапсихолог, гипнолог:
– Таро карталары кимдин мүмкүнчүлүгү көбүрөөк деп көрсөтсө, ошолор боюнча гана айтайын.
Алмазбек Атамбаевдин бир орундан экинчи орунга жылары көрсөтүлүүдө. Таасирдүү адамдын тоскоолдугунан өтсө, президенттикке жете алат. Колдоочулар да, тирешүүлөр да көп болот.
Өмүрбек Текебаев көп тоскоолдуктарга туш болот. Буга чейинки кээ бир иштерине өкүнөт. Эрктүү болуп кырдаалдан чыгуу жолун туура тапса, ийгиликке жакындайт. 1,5-2 жылдын тегерегинде чоң бийликке келиши ыктымал.
Камчыбек Ташиев шайлоонун 2-турунда кыйын кырдаалды башынан өткөрөт. Катачылыктарды кетириши мүмкүн. Чечкиндүү чечим кабыл алып, тегерегиндегилердин башын бириктире алса гана максатына жетиши ыктымал.
Адахан Мадумаров пландарын, ички оюн ачыкка чыгарбай турушу керек. Болбосо душман арттырат. Шайлоонун жүрүшүндө 1 адамдан омоктуу сунуш түшөт. Сунушту кабыл алса, пайда табат. Ырыскы сүйкөнүп турат. Мүмкүнчүлүктү колдонуп калуу өзүнөн.
Талапкерлигин койгон таасирлүүлөрдөн Суваналиев, Сатыбалдиев, Түлеев, Жапаровдордун да аракеттери күч болгону менен, ажолук такка жетүүлөрү күмөн.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg