ЦИРК ДҮЙНӨСҮ

Кызыктуу маалымат...

  • Цирктеги аюуларды кадимки артисттердей диетага отургузушат.
  • Үйрөтүүчүлөрүнө таарынып калса иштебей коюшат.
  • Аткаруу учурунда тийишкендерге кол салуулары мүм­күн.
  • Бишкекке бир айга оюн коюп келгендер ошол убакыттын ичинде 8 жолу оюн көрсөтүшсө, Москвада бир айда 40 жолу оюн коюшат.
  • Кеңгуру 12-13 метр узундукка жана 3 метр бийиктикке секире алат.
  • Ар бир жаныбарды өзүнчө шампунь менен жуунтушат.
  • Иттерге, мышыктарга, кең­гуруга атайын заказ менен кийим тиктиришет. Ар биринин баасы 100 доллардан жогору.
  • Антракттарда маскарапоздор, жаныбарлар менен бирге сүрөткө түшүү – 200 сом.
  • Комедиялык акробаттын шайтан арабасы менен аренаны бир ирет айланып чыгуу – 100 сом. Мындай жол менен бир антрактта 2000 сомдон көп акча табууга мүмкүн.
  • Маскарапоздордун ар биринде 2-3төн ашык костюм болот жана ар биринин баасы – 1000-1500 доллар.
  • Жаныбарлар жүктөлгөн 1 фураны Орусиядан Бишкекке чейин алып келүү үчүн 8 миң доллар кетет.

Жаныбарлар да түрдүү мүнөзгө ээ
Циркте жырткычтардан баштап үй жаныбарларына чейин үйрөтүлөөрү белгилүү. Тагыраак айтканда, жапайы арстандан тартып кабылан, аюу, маймыл, кеңгуру, ит, мышыкка чейин үйрөтүлөт. Цирк жетекчилеринин берген маалыматтарына караганда, негизинен, адамдар сыяктуу эле жаныбарлар да ар кандай мүнөзгө ээ болушат. Ошондуктан, үйрө­түүчү адам алгач ар бир жаныбардын жеке мүнөзүн изилдеп, андан соң гана аны менен иштешүүгө өтөт. Ошентсе да, жапайы жаныбарлардын жырткычтык инстинктин биротоло жок кылууга мүмкүн эмес. Жырткыч жаныбарлардын ачуусуна тийген же тамак-аш бербей койгон адамга атырылып кол салган күндөрү болот.
Аюу
Циркте ойноого үйрөтүү үчүн аюуну көбүнчө зоопарктардан, кээде Орусиянын коруктарынан атайын заказ менен сатып алышат. Токойдогу аюуларды алгандан абдан качышат. Анткени, аларды үйрөтүү абдан оор. Аюуларды үйрөтүү үчүн эң аз дегенде бир ай, көп дегенде жарым жыл сарпталат. Үйрөтүлгөндөн кийин бардыгы тең айткан тилди угуп, буйруктарды аткара башташат. Башка жаныбарлардан айырмаланып, жоон аркандын үстүнөн сальто жасоону, самокат тебүүнү, бири-бири менен күрөшүүнү аюулар гана үйрөнө алат.
Аюуларды Орусиядан Бишкектин циркине алып келерде алгач аларды камалган темир торлору менен чоң фураларга (ири жүк машиналарга) жүктөшөт. Бизге жеткиче аюуларды азыктандырып туруу үчүн алдын-ала жей турган тамактарын белендеп алышат. Бир аюу бир сутканын ичинде атайын бышырылган ботко, жумуртка, бал, таттуу токочторду жана жашылча менен жер жемиштерди, жалпысынан, 10 килограммга чейин азык жейт. Андан тышкары, күн алыс балык берилип турат. Бишкекке жеткенден кийин аюулар түз эле циркке жеткирилет.
Ал эми учурда Бишкекте көрсө­тү­лүп жаткан циркке келген аюулардын саны алты. Алардын үйрөтүүчүсү Константин ар бир аюуга ат коюп алган. Мисалы, Гоша, Миша, Егор, Кнопа, Гриша, Фома аттуу аюулар бар. Константин аларга өзүнүн үй-бүлөсүнүн мүчөсүндөй мамиле жасайт.
Кеңгуру
Акыркы убактарда кең­гуруларды Австралиянын чегинен чыгарууга тыюу салынгандыктан, бизге келген цирктеги жаныбарлардын арасында Чарли аттуу кеңгуру Американын Техасынан алынып келинген. Үйрөтүүчүсү Сергей 6 айда аны аренада адам менен бокстошууга үйрөткөн. Ал адам бул кеңгуру менен бокстошуп жатып катуу жаракат алган күндөрү да болгон.
Чарли күнүнө эки маал гана тамактанат. Ал күнүнө 8-10 килограммга чейин картошка, сабиз жана башка жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди жейт.
Бишкекке келбей калган жаныбарлар
Бишкекке келердин алдында афишаларда жазылган жаныбарлардын ичинен тоту куш менен маймылдарды чек арадан өткөзбөй коюшкан. Анткени, цирк жаныбарларын текшерүүдөн өткөрүп жаткан ветеринарлар биздин өлкөдө аларга бат жугуучу эпидемиялар бар экендигин айтышкан.
Комедиялык акробат
44 жаштагы Виктор аттуу акробаттын негизги шайманы – шайтан араба. Атайын цирктеги трюктар үчүн жасалган бул шайтан араба Москвада 7 миң долларга жасалган. Ал эми комедиялык акробат үчүн бир эле костюм болжолдуу түрдө 1000 долларга тиктирилет.

Даярдаган Гүлмира Турманбетова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 314, 7-13-ноябрь, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан