Кытайдан кайсы азыктар алынып келинет? (Маалымат Кыргыз Мамлекеттик Бажы комитетинен алынды)
Ун, буудай, өсүмдүк майы, каймак май (пластикалык кутучаларда жана калай банкалардагы), күрүч, шекер, кургак сүт, тоок эти, уй эти, жумуртка, гречка, кесменин түрлөрү, картошка, помидор, бадыраң, алма, банан, лимон, туз, балдарга арналган тамак-аштар, пияз.
Жогоруда тизмеленип берилген азык-түлүктөр Кытай Эл Республикасынан Кыргызстанга атайын фирмалар аркылуу келишимдин негизинде үзгүлтүксүз алынып келинип турат. Мындан тышкары, жеке ишкерлер тарабынан ташылып келинген тамак-аштардын түрлөрү толтура. Мисалы: токочтор, томат пастасы, ачыткы түрлөрү, тамакка кошулуучу ар кандай татымалдар, суусундуктар, консерваланган балыктар, кургатылган жер-жемиштер, кукси... Мындай товарларды санап, так санын чыгара албайсың. Эгерде республикалык бажы комитети “аталган азык-түлүктөр эле келет” деп тастыктап жатышса, “базар толгон башка “Made in China” азыктары кантип биздин рынокторго келип жатат?” деген суроо жаралат.
“Сертификат берчү жеке мекемелер бар”
Суроолорубузга жооп алуу максатында Мамлекеттик Кыргызстандарт, Кыргыз Республикасынын улуттук стандарт жана метрология институнун жетекчиси Валерий Балыкинге кайрылдык.
– Кыргызстанга келген кытай товарлары Кыргызстандарттын көзөмөлүнөн өтөбү?
– Бул суроого мен мындай жооп берейин. Азыр биздин укугубуз кыскартылган. Мурда бир гана тамак-аш эмес, биздин республикага келген жана бул жерде чыгарылган товарлардын баары биздин көзөмөлдөн өтчү. Мындан 4 жыл мурда экс-президент Аскар Акаевдин указы менен биз институт болуп уюшулганбыз. Ошондо биздин мурдагы толук көзөмөлдөө функцияларыбыз кыскартылган. Указдын негизинде жарым функциябыз Өнөр жай өндүрүш министрлигине (алар бардык товарларды жалпы жонунан карашат), ал эми тамак-аш боюнча көзөмөлдү Мамлекеттик санитардык эпидемиялогиялык борбору аркалап калган. Азыр азык-түлүктүн көпчүлүгү мына ушул мекемеде текшерилет. Ал эми биз өзүбүзгө караштуу 4 лабораториянын аркасында иш алып барабыз. Тамак-ашта жана үй эмеректеринде ден соолукка коркунучтуу заттардын бар же жок экендигин текшеребиз. Бирок, бардык товарларды текшерүүгө бизде ылайыктуу аппараттар жетишсиз. Бизден башка сертификат берчү жеке менчик мекемелер көп. Мисалы, Бишкекте эле, менин билишимче, бешөө бар. Ошондуктан, каалаган адамдын “текшерилди, таза” деген сыяктуу документтерди жең ичинен алып алуу мүмкүнчүлүгү бар. Элдин ден соолугунун кооопсуздугу үчүн өкмөт андай жеке мекемелерди ачууга уруксат бербесе жакшы болмок.
Учурда ишкерлер жана кытайлыктар товарлары үчүн Кытайдан алынган сертификатын, башка тиешелүү документтерин көрсөтүп жатканда биз эч нерсе дей албайбыз. Өлкөбүздө кандайдыр бир кырдаал болуп кеткенде гана өкмөт тарабынан текшерүүлөр башталат. Ошондой кырдаалдын алдын алуу деген жок.
“Биз сүт азыктарын эле текшерип жатабыз”
Эми калган суроолорго жооп алуу үчүн Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык эпидемиялогиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачынын орун басары Султан Абдыкадыров менен маектештик.
– Султан мырза, сиздердин мекеме Кытайдан алынып келинген азык-түлүктү канчалык деңгээлде текшерет?
– Кытайдан келген бардык азык-түлүктөрдүн Кытайдын Мамлекеттик санитардык эпидемиялогиялык борборлорунун текшерүүсүнөн өткөндүгү тууралуу документтери болот. Андай товарлар үчүн биз эч нерсе дей албайбыз. Ал эми дүкөндөрдө сатылып жаткан азык-түлүктөрдүн жарактуу же жараксыз экендигин текшерип турабыз.
– Өзгөчө кайсы азык-түлүктөргө басым жасайсыздар?
– Сүт азыктарына. Анткени, Кытайдан чыккан сүт азыктардын курамында уулуу зат – меламин бар экендигинен маалымат алгандан баштап текшере баштаганбыз. Биз аларды мамлекетибизде сатууга тыюу салганбыз. Ошол үчүн рейддерди жүргүзүп, байкап туруудабыз.
– Аны Кыргызстанга кирип келатканда текшеришпейби?
– Текшеришет. Бирок, биздеги аппараттар менен меламинди аныктай албайбыз. Ал үчүн мыкты аппараттар керек.
– Эгер сатылып жатканын билип калсаңар кандай чара көрөсүңөр?
– Айып салабыз. Бирок, биздин айып өлчөмдөрүнүн көлөмү өтө көп эмес. 1000 сомдон 2000 сомго чейин гана болот.
Мына окурман, кытай товарлары кантип көзөмөлдөнө турганын өзүңүз деле сезип тургандырсыз. Андыктан, жыйынтык чыгаруу өзүңүздө.
Учурдагы коркунуч
Кыргызстанга алынып келген жумурткалардын курамында меламин бар же жок экени текшерилбейт. Анткени, андай текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн бизде тиешелүү жабдуулар жок.
Ал эми биздин Айыл чарба министрлигинин экспертиза борборунда «Кытайдан келген 116 тонна унда адамдын ден соолугуна кооптуу меламин бар» деген шек туулган. Учурда кытайлык унду Орусияда, Болгарияда да текшеришүүдө.
Ал эми кытай тарап ал ундарды коопсуз деп айтууда.
Даярдаган Бахияна Сатылганова