Кытайдын арзан товарларынан адамдар көп жапа чегишерин жазып эле келебиз. Бул ирет бутка илип алмайлардын зыяны тууралуу кеп кылабыз.
Учурда дүйнөлүк рыноктогу бут кийимдердин 60 пайызга жакыны Кытайдан чыгарылат. Демек, бул бут кийимдер дүйнөнүн ар бурчунда сатылат. Анын ичинде Кыргызстанда да. “Арзандын тузу татыбайт” демекчи, канчалык арзан болсо, ошончолук сапаты төмөн. Андыктан арзанына качырып сапатсыз бут кийим алып, ден соолугуңузга зыян келтирип албаңыз.Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg